Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Энергетикадагы каатчылык кыш чилдеде кайрадан убарага салууда. Аны тейлеген тармак жазында тариф саясатын өзгөртүүгө бел байлап турат.

Бул маселенин оош-кыйыштарын “Азаттык” энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Раимбек Мамыровдун, Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы, депутат Кожобек Рысбаевдин жана көз карандысыз эксперт Расул Умбөталиевдин катышуусунда арай көз чарай талкуулап көрдү.

“Азаттык”: Кийинки кезде электр тарифин көтөрмөйүн каатчылыктан чыгуу мүмкүн эмес, атүгүл Кыргызстандын бирден бир байлыгы болгон энергетикадан биротоло кол жууйбуз деген сөздөр кескин айтыла баштады. Энергетика министрлиги да жаңы тарифтик стратегияны киргизүү демилгесин көтөрүп, бирок долбоорду расмий жарыялай элек. Ошентсе да коомчулук жашоо-тиричиликтин күрөө тамырына айланган бул маселеге кулак түрүп, карап турган кез. Ошондон улам, Райимбек мырза, сизге суроо, даярдалып жаткан жаңы тарифтик стратегия тууралуу азыр коомчулукка эмне айта аласыз?

Раимбек Мамыров: Мен, биринчиден, энергетикалык тариф көтөрүлсө эле энергетика тармагы оңдолуп калат дегенден алысмын. Себеби энергетикада андан башка да проблемалар көп. Биз азыр биринчи кезекте тариф саясатын иштеп жатабыз. Энергетиктер өздөрү эмне жумуштарды жасай алат, кандай резервдери бар – ошолорду эсептеп атабыз. Ошолордун ичинен биринчи кезекте жоготуулардын пайыздарын азайтуу, экинчиси, дебитордук карыздарды азайтуу, үчүнчүсү, ошонун эсебинен канча кошумча каражаттар табылат, ошол кошумча каражаттардан жетпегенине тарифти көбөйтүү деген маселени коюп атабыз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Сиздер тарабынан апрелден баштап киргизилет деп жаткан жаңы тариф саясатынын өзгөчөлүгү эмнеде?

Раимбек Мамыров: Биринчиден, 70 тыйынды азырынча жалпы элге көтөрбөйлү деп айтканбыз. Экинчиден, айына 300 квт/сааттан жогору жаккандарга тарифти 1 сомго чейин, ишканаларга 1.32 тыйындан 1.50 сомго чейин жеткирүүнү айтканбыз. Мындан тышкары жоготууларды азайтуу боюнча норма коюу өндүү маселелер каралат. Азыр тариф саясаты эсептелип бүтөйүн деп калды. Бүткөндөн кийин мыйзамдарга ылайык эки ай ичинде коомчулукта талкуу өтүшү керек. Андан кийин өкмөткө алып барып, андан кийин Жогорку Кеңештин макулдугун алышыбыз керек. Ошон үчүн кыш бүткөндөн кийин, 1-апрелден деп атабыз.

Расул Үмбөталиев: Тариф – бул өтө маанилүү, оор маселе. Көп жылдан бери көтөрүлүп келатат. 2010-жылы 7-апрель окуясына да себеп болгон, билесиңер. Ошон үчүн кылдат караш керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлер, министрлик, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү ушул маселени кайра көтөрүп жатышат.

Раимбек Сатымкуловичти (Мамыров-ред.) көп жылдан бери билем. Мыкты адис деп эсептейм. Биринчиден, тарифтин көтөрүлүшүнө мен каршымын. Эмне үчүн? Кыргызстанда жылына 15 млрд квт/саат өндүрүлөт. Ошонун ичинен 21-23 пайыз техникалык, коммерциялык жоготуу болуп атат. Орто эсеп менен 3 млрд.квт/сааттан ашык жоготуулар болуп атат. Кечээ жакындан бери 10 пайызга, 30-40 пайызга көтөрөбүз деп, ар кандай божомолдорду берип атышат. Мамлекеттик кызматкерлерге айтат элем: көтөрүш үчүн кескин себеп болушу керек. Эмне үчүн көтөрүп атасыңар? Түшкөн каражатка кайсы маселени чечесиңер?

Тарифти көтөрөөрдөн мурун туруктуу программа түзүш керек. Ошондой программа жок, ар ким ар кандай ойлорун айтып, ага жараша элибизде да ар кандай пикирлер пайда болуп атат.

Кожобек Рысбаев: Тарифти көтөрүү маселеси айтылып жатат, бирок бизде азыр социалдык жашоо оңоло элек болгондуктан, тарифти көтөрүүгө мажбурлук жок. Эл аны көтөрө албайт. Бирок, ар кандай жолдор аркылуу электр энергиясын ирээтке келтирүү маселесин биз көтөрүп келатабыз. Комитетте да караганбыз. Бирок сиздер айтып атпайсыздарбы тарифти көтөргөндө Жогорку Кеңеш менен макулдашылат деп. Биз аны көтөргөнбүз. Бирок антимонополдук жана энергетика департаменти экөө келише албай жатышат. Алар келишсе биз комитеттен карап, чечим кабыл алабыз. Биз ага чейин эле тариф көтөрүү же көтөрбөө маселесин Жогорку Кеңеш менен макулдашуусу керек деген демилгени көтөргөнбүз. Эгер макулдашпай туруп көтөрүп койсо эл түшүнбөй калат...
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG