Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Өкмөт мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруунун алкагында өлкөнүн энергосистемасындагы саясатты жүргүзө турган мамлекеттик "Энерхолдинг" ишканасын уюштурууну демилгелеп жатат.

Жаңы мекеме кайсы негизде уюштурулат? Системадагы жемкорлукту "Энергохолдинг" жоё алабы? "Арай көз чарай" талкуусуна энергетика боюнча эксперттер Эрнис Карыбеков жана Жаныбек Оморов катышты.

Эрнис Карыбеков: Өкмөт энергосистема боюнча мамлекеттик эмес, улуттук энергохолдинг түзгүсү келип жатат. Биз мындан эки жыл мурда демилге көтөрүп, баягы эле “Кыргызэнерго” системасына кайтыш керектигин айтканбыз. Анткени бул тармак кризиске келди.

Мындай оор абалга келишине эл аралык каржы уюмдарынын тиешеси бар. Алар убагында атайын программа жазышкан. Анын негизинде 1996-жылы "Энергетика жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Мыйзам боюнча бирдиктүү бир компанияда турган мамлекеттик сектор жети компанияга бөлүндү. Эл аралык уюмдардын сунушу боюнча атаандаштыкка шарт түзүп, базар мамилелерин өркүндөтөбүз деп кеңеш беришкен. Биздин өкмөт ушул убакытка чейин алардын айтканынан чыкпай иштеп келатат.

Эгер товарды (электр энергияны) бир эле мамлекет чыгарса, линия мамлекеттики болсо, энергия өндүргөн башка компания жок болсо кайдан атаандаштык болсун? Натыйжада эмне болду? Жалган атаандаштык болуп, ортомчу компаниялар көбөйүп, коррупциялык схемалар гүлдөп кетти.

Энергия системабыз бирдиктүү болуп турганда мамлекеттик мекеме өзүнүн кирешеси менен убагында Шамалды-Сай ГЭСин курган. Азыр ошондой эле кубаттуулуктагы Жогорку Нарын каскадын куралбай жатабыз. Бишкек жылуулук станциясы, Камбар-Ата ГЭСи күрөөдө турат. Азыр ар кайсы жактан насыя сурап жүрүшөт, быйыл кыштан чыкканга ссуда алышууда.

Жаныбек Оморов: Башкаруу системасында бөлүштүрүүчү компаниялар, башка уюмдар көбөйүп кеткени биздин кемчилигибиз болду. Биздей чакан өлкө үчүн мындай башкаруу өтө оор, ар бир акционердик коомдун өз алдынча башкы директору ж.б. стуруктуралары бар. Башка өлкөлөрдө мындай система жок.

Эми өкмөттүн башкаруу системасы бир эле жерден болсун деген аракети жалпы жонунан туура. Муну туура жүргүзбөсө коркунучтар бар, ошол эле коррупция дагы күчөшү мүмкүн. Ошол эле учурда энергия өндүргөн жеке компанияларга шарт түзүп бериш керек. Бардык компанияларга бирдей мамиле болушу шарт.

Эрнис Карыбеков: Энергетика боюнча мамлекеттик агенттик ортомчу компанияларга лицензия берет, тарифтерди ошолор аныктап берет. Таратып берүүчү төрт компания бар. Эң ириси болгон “Түндүкэлектро” республиканын жарымын тейлейт, ага чет элдик инвесторлор да кызыгат. Ал эми башка компаниялар кичине, чыгым көп болуп, чыгашалуу болгондуктан аларга акча керек.

Эгер энергосистема бир колдо болсо, анда жетишпеген жерлерге акча берилет, маселе чечилет эле. Бул убакытка чейин жоопкерчилик болбой келди, эч ким жооп бергиси келбейт.

Жаныбек Оморов: Натыйжалуу башкаруу дегенде чыгымдарга көңүл буруп, аларды төмөндөтүүнүн үстүнөн көбүрөөк иштеш керек. Азыр ыксыз чыгымдар, сатып алуулар, жоготуулар көп болууда. Ошону жолго койсок, кыскартсак биз аны реформа деп атасак болот.

Дүйнөдө энергосистемага табигый монополист болот, ага атаандаштык жок, ошондуктан өкмөт көзөмөлгө алат.

Эрнис Карыбеков: Тилекке каршы, өкмөттүн холдинг түзүү демилгесинде, долбоорунда баягы эле жети компания, ортомчу компаниялар, коррупциялык схемалары менен ордуларында эле калып жатат. Министрликтин ордуна холдинг деп атап жатышат. Анын кереги эмне? Ошондуктан көзөмөлгө алынган башкарууну киргизүү керек.

Коррупция менен күрөшөбүз деп үч жылдан бери айтып келатабыз, энергосистемада 11 коррупциялык схема бар дедик эле. Жыйынтык чыктыбы? Жок. Энергосистеманы натыйжалуу башкара турган, көзөмөлгө ала турган бир колго бириктириш керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG