Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

ГЭСтердин Жогорку Нарын Каскадын, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана пайдаланууга берүү боюнча Кыргызстан-Орусия макулдашуулары Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп жатат.

Былтыр 20-сентябрда Бишкекте кол коюлган бул макулдашууларды ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутаттар азыр биринчи окулушунда карап, кызуу талкуулап жатышат.

Депутаттар көтөрүп жаткан маселелер канчалык жүйөлүү? Гидроэнергетикалык станцияларды куруу боюнча Кыргызстан Орусия биргелешкен ири долбоор келечекте Кыргызстандын кызыкчылыгына кызмат кыларына ишенсе болобу? Маселенин ушул өңүтүн "Азаттык" Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен энергетика, өнөр жай министри Автандил Калмамбетовдун катышуусунда "Арай көз чарай" талкуулады.

“Азаттык”: Автандил мырза, айтсаңыз, азыр бул ири долбоордун айланасында кандайдыр бир иштер жүрүп жатабы? Же ратификациядан өтмөйүнчө деп иш жылган жери жокпу?

Автандил Калмамбетов: Сентябрдан бери эле “Электр станциялардын” адистери, аткаруучу эки уюм - Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча “Интер РАО Россия” жана Жогорку Нарын каскады боюнча “Русгидро” менен тыгыз иштешип атабыз. Азыр техникалык экономикалык негиздемелер боюнча көп иштер жүрүп жатат.

Парламентте ратификация болсо эле ТЭНди (техникалык экономикалык негиздеме) карап көрүп, коомчулук менен, мамлекеттик органдар менен бекиткенден кийин негизги жумуштар башталат. Жол куруу, вагон сыяктуу даярдык жараяны быйыл эле башталат.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, жума күнкү (18-январь –ред.) фракция жыйынында сизди Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадын куруу жөнүндөгү макулдашуу Кумтөр боюнча канадалык “Камеко” компаниясы менен болгон макулдашуунун кейпин киет деп, бул долбоорго каршы экениңизди билдирди деген маалымат тарады. Ушул чынбы? Чын болсо канадалык компания менен салыштыруунун жүйөсү канчалык?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Өмүрбек Текебаев: 1993-жылы Канададан инвесторлор өз акчабыздын эсебинен алтын иштеп чыгарабыз, ал ишкананын 70 пайызы же үчтөн экиси Кыргызстандыкы, бизге үчтөн бирин эле берсеңер болот деп келишкен. Биз алардын акчасына курабыз деп биргелешкен ишкана түзгөнбүз. Бирок кеткен акчанын 3-4 пайызын гана алар өз эсебинен жумшап, калганын биргелешкен ишканага, башкача айтканда Кыргызстанга карызга алып келген. Кеткен акчанын үчтөн эки бөлүгүн Кыргызстан төлөп, он жылдап дивиденд албаганыбыздын себеби да ошондон болгон. Өзүбүзгө карыз алып, өзүбүзгө төлөткөн.

Эми “РАО Интерди” да карап көрөлү. Кыргызстан өзүнүн уникалдуу байлыгы менен кетип атат. 1900 меговатт ГЭС кура турган жерибиз бар. Нарын суусу күн канча тийип турса ошончо агат. Күн дагы 4,5 млрд. жыл күйөт. Биз 4,5 млрд. жыл энергия берип тура турган өзүбүздүн булагыбыз менен кирип жатабыз. Көмүр кени түгөнөт, газ кени түгөнөт, Кумтөрдүн алтыны түгөнөт. Бул (суу - ред.) акыр заман болгонго чейин түгөнбөйт. Ошондой уникалдуу байлыгыбыз менен кирип, биздики 50 пайыз болот деп атабыз. Орус туугандар бизге 50сүн бергиле деп келишти, бердик дешет. Эмне бересиңер десек, алар болгону техникалык экономикалык негиздерин түзүп беребиз дешиптир. Ага жаңылышпасам 15 млн. доллар кетет деп турушат. Биз миллиарддаган жылдар ала турган булагыбызды ошол 15 миллионго баалады деп койсо да болот.

Анан “ЗАО Камбар-Ата-1” деген биргелешкен ишкана түзөт экенбиз. Ага Орусия тарап 2,5 пайыз менен карыз алып келет экен. “Кумтөрдүн” кейпин киет деген ошол. Карыз алып келет, ал карыздар (орустардын карызы дагы) ГЭСтин эсебинен төлөнөт. Алар инвестор эмес. Ошондуктан мен муну туура эмес дейм. Мен “Центеррага” каршы добуш бергем. Бүгүн эл алдында туура кылгам деп эсептейм.

Бүгүн мен ошол кейипти кийип калышты каалабайт элем. Бул келишимге эмнелер керек? Биринчиден, убакытка чек коюшубуз керек: орус туугандар 30 жыл, 49 жыл 50 пайызын алып иштетсин, 3-4 эсе, мейли 5 эсе пайдасын көрсүн. Кедей март болот дейт. Анан 49 жылдан кийин бизге таштап кетсин.

Автандил билет, ирандыктар жана кытайлыктар Тажикстанда ГЭС курган. Экөө биригип, Нарын каскадындай 200 меговатт болот. 20 жылдан кийин Кытай да, Иран да толугу менен (100 пайыз) Тажикстанга таштап кетебиз деген шарт менен куруп беришти. Эми орустар Кытайга, Иранга караганда бизге жакыныраак. Мейли, алар 20 жылда эмес, 30-40 жылда берсин. Бизге калгандай болушу керек. Алар миллиарддаган жылдар биздин байлыгыбызга эч нерсе бербестен эле тең ата ээлик кылышын мен каалабайт элем. Кредиттин шарты, мөөнөтү, жеңилдиктери алигиче белгисиз, кийин аныкталат деп турат.

Экинчи жагдай, сууну пайдалануу режимин кыргыз өкмөтү аныктайт деп биз так жазышыбыз керек. Моменттери бар, бирок так жазылган эмес. Бул өтө так болушу керек.

Үчүнчүсү, кубаттуулугу так аныкталып жазылышы керек. Тажикстандан эмне үчүн жаңжал чыккан? Анткени орустар ал жерде кубаттуулугун эки эсе аз курабыз дешти. Биз бул жерде кубаттуулугун азайтпашыбыз керек. Бул кудай бизге берип койгон жападан жалгыз нерсе. Мындан башка болбойт. Ошондуктан кубаттуулук да максималдуу болушу керек. Ал да келишимдин бир жеринде көргөзүлүш керек деп эсептейм.

Автандил Калмамбетов: Ушул келишим менен бир жарым жыл иштедик. Тышкы иштер министрлиги, Экономика министрлиги жана башка тармактар менен. Так эле ушул суроолорду өзүбүзгө, бири-бирибизге бергенбиз. Мен бир принципиалдуу нерсени айтып кетейин деп атам. Өмүрбек Чиркешович айткандай, кудай берген суубуз агып атат. Ошону Токтогулдун өөдө жагына бууп, азыр Камбар-Ата деп атпайбызбы, ошол жерге станцияны салып, элге кызмат кылсын деп атабыз. Миң жылбы, жүз жылбы – ал башка сөз. Станциянын иш мөөнөтү 50 жыл, андан кийин оңдош керек, башка куруш керек дегендей. Мына ошол станцияны биз иштетишибиз керек. 20 жыл биз ар кайсы жакка кайрылып, инвестиция издедик. Балким чала же азыраак издедикпи, бирок бул кредитти Орусия 2,5 пайыз менен алып келебиз деп атат.

Кумтөрдөн айырмасы эмне? Кумтөрдө алтынды казып алып, сатып ийип кетип атат. Бул болсо кыргыз жеринде калат. Кыргыздын элине кызмат кылат. Суу режимин эч кимге бербейбиз. Бул боюнча макулдашууда жазылган. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча иштейт. Анан электр энергияны бергенде да ал биздин улуттук электр энергия тармагынын режими менен иштейт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG