Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясы Токтогул ГЭСи тууралуу мыйзам долбоор даярдап жатат.

Аталган фракция 13-февралда Токтогул суу сактагычы жана энергетикалык каатчылыкка байланышкан маселелерди талкуулады. Бир катар чуулуу фактылар жана мыйзам бузууларды териштирүүнү Башкы прокуратура менен атайын кызматка тапшырды. Ошондой эле депутаттык комиссия түзүү тууралуу сунуш берилди.

“Ата Мекен” фракциясы Токтогул суу сактагычы тууралуу мыйзам долбоорду келерки аптада Жогорку Кеңешке алып чыкканы жатат.

Фракция лидери Өмүрбек Текебаевдин маалымдашынча, мындан ары ГЭСтеги сууну пайдалануу, көзөмөлдөө мыйзам аркылуу тартипке салынып, өкмөт башчыга жоопкерчилик жүктөлүшү керек:

- Токтогул суу сактагычы бул энергоресурс эле эмес. Бул биздин коопсуздугубузду камсыз кылган маанилүү ресурс. Ошондуктан аны сарптоо бир аткаминердин, же бир министрликтин чечими болбошу керек. Белгилүү чекке жеткенден кийин ашыкча сууну агызуу тууралуу чечим керек болсо, Коопсуздук кеңешинин, парламенттик макулдугу менен, өкмөт башчынын жеке жоопкерчилиги менен кабыл алынгандай болушу керек. Болбосо биз ушул кезге чейин канча суу чыкты, эмнеге чыкты деген жагдайды суу жок калганда гана билип отурабыз. Бүгүн андай тартип тилекке каршы жок.

Токтогул суу сактагычы

Токтогул суу сактагычы

Өкмөт Токтогул суу сактагычындагы суунун кескин азайып кеткенин былтыр кургакчылык болгону менен түшүндүрүп келет. Өмүрбек Текебаев соңку беш жылда суу аз болгон деген жүйөнү жокко чыгарып, Гидрометеорологиялык кызматтын маалыматын мисал келтирди.

- Суу аз жылдар деп 1974, 1975, 1976, 1982, 1986, 1989-жылдар аталган экен. Ошол жылдары сууну агышы нормада 30 пайызга аз болуп, жылына 8-9 миллиард куб метр суу гана агып келип калган. Мындан башка кургакчыл жыл болгон эмес экен. Былтыркы да, мурдагы жыл да суу тартыш болгон жылдарга кирбейт экен. Кадимкидей эле жыл болуптур. Анан биз эмне себептен энергетикалык каатчылыкка кириптер болдук? Эмне үчүн жана кимдин чечими менен кийинки жылды ойлобой туруп суу агызып жиберишкен?

Эл аралык келишимдер боюнча, Кыргызстан суунун башында тургандыктан төмөн жактагы коңшуларына жылына 14 миллиард куб метрден кем эмес суу берип турууга милдеттүү.

Көз карандысыз эксперттер "атамекенчилердин" жыйында суу текке кеткен деген дооматын айтып чыкты. Талдоочу Расул Үмбөталиев чаралар көрүлбөсө, быйыл дагы былтыркыдай көрүнүш кайталанышы ыктымалдыгын эскертти:

- Азыр 1кВт. саатты өндүрүү үчүн 4 кубга жакын суу кетип жатат. Суунун көлөмү жайкысын 9-10 млрд. куб метр болсо, ошондо биз Казакстанга 400 млн. кВт саат үчүн 1 млрд 600 млн. куб метр сууну агызуубуз керек. Азыр биз 6,5 млрд. куб метр менен чыксак, ушул жылдын октябрь айында ашып кетсе 11 млрд. куб метр суу топтоп алабыз. Кайта эле былтыркы жылдын окуясы кайталанат. Казакстан, Тажикстандан электр энергиясын сатып алууга мажбур болобуз.

Токтогул суу сактагычы

Токтогул суу сактагычы

Бирок өкмөт "суу жөндөн жөн агызылган" деген дооматты четке кагууда. Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев эксперттерди туура эмес маалымат берип коомчулукту маң кылып жатат деп айыптады:

- Суу текке кетти деген сөздөрдүн баары туура эмес. Эксперт дегендер көбөйүп кетти. Эмнеге билимин, илимин арнаган атайын адистерге ишенбей, эл эксперттерге ишенип жатат? Көчөдөн келе калышып эле, чолок маалымат берип, биз ушуну билебиз деп эле чыга калып жатышат. Мен алардын пикирине кошулбайм. Бул маселелер боюнча бир нече комиссия түзулгөн. Баары иликтенип чыккан. Баарынын анализи бар. Ар бир күндө, ар бир айда канча суу топтолуп, канча акканы белгиленип турат. Суу кантип текке кетмек эле?

Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугу Токтогул ГЭСинен түздөн түз көз каранды. 2010-жылы топтолгон суунун көлөмү 19 млрд. куб метрге жеткен. Ошондон бери суу көбөйбөй жыл сайын азайып жатат. Ушул тушта суунун көлөмү 7,7 млрд. куб метрди түзөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG