Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Калиев: Өзбекстанды диалогго чакырабыз


Камбар-Ата-2
Камбар-Ата-2

Кыргызстан Өзбекстанды Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча ачык сүйлөшүүлөргө чакырарын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

- Энергетика министрлиги региондогу суу-энергетика жана Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча коңшулардын дооматтарына жооп берди. Мындай билдирүүнүн так ушул мезгилде таркатылышынын себеби эмнеде?

- Эң негизгиси Өзбекстан тарап бир тараптуу билдирүүлөрдү бир нече жолу жибергени үчүн дал ушундай жооп кылганга мажбур болдук. Себеби биз Камбар-Ата ГЭСинин курулушу ачык деп жарыялап жатабыз.

Эскерте кетсем, биз Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы келишимге үчүнчү тарап кошула алат деп айтканбыз. Ошонун негизинде былтыр 5-октябрда Алматы шаарында төрт тараптуу кезигүүлөр болгон. Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан вице-премьерлер катышкан болчу. Ал жолугушууда кабыл алынган протоколдо тараптар жумушчу топторду түзүп, келишимге кошулуу жагын карап чыгат деп айтылган. Тилекке каршы өзбек тарап сүйлөшүүлөргө катышпай туруп, медиа каражаттарына бир тараптуу маалыматтарды берип жатат.

- Мындай кайым айтышуулар ансыз деле жакшы эмес деп айтылган мамилени курчутуп жибербейби? Кантип мунаса табуу керек?

- Менимче, бардык ишти ачык айкын, таразага тартып туруп, жасоо керек. Кол койгон келишимдин негизинде иштей беришибиз абзел. Биз эң негизгиси төрт тараптуу жолугушууларга чакырат элек. Анткени бир нече жолу чакырганыбыз менен Өзбекстан тарап кезигилүүлөргө катышпай жатат.

Казакстан, Кыргызстан жана Орусия болуп сүйлөшүүлөр жүрүп жатты. Өзбекстан тарап да мындай жолугушууларга келип, конструктивдүү диалог түзсөк, анда бүт маселе чечилет эле. Анан эч катышпай туруп эле, бир тараптуу айта берүү туура эмес деп ойлойбуз.

- Деги эле азыр Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча иш кандай жүрүп жатат? Алдыга жылыш барбы?

- Бүгүнкү күнү Камбар-Ата ГЭСи боюнча тендер жарыяланган. Кудай буйруса, февраль айынын акырында бүтөт. Ага ири компаниялар катышып жатат. Алардын эң мыктылары тандалып, техникалык-экономикалык негиздемени жасашат. ТЭН даяр болгондон кийин, биз курулуш иштерине даярдык көрө баштайбыз деп ойлойбуз.

- Айрымдар Орусиянын Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп бүтөрүнөн күмөн санап келишет. Келечекте бул ГЭС курулат деп толук ишенүүгө болобу жана ага кандай кепилдиктер бар?

- Эң негизгиси бул долбоор президент Алмазбек Атамбаевдин өнүктүрүү стратегиясында каралган. Камбар-Ата ГЭСи жети негизги долбоордун бири болуп саналат. Экинчиден, эки мамлекеттин лидерлеринин ортосундагы макулдашуу бар. Менимче, биз мунун баарын тең аткарышыбыз керек. Иш алдыга жылат дегенге толук ишенич бар.

- Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча Орусия менен келишим Кумтөрдүн тагдырын кайталайт деп билдиришти. Алар ГЭСтин үлүшү 50 пайыздан тең бөлүнүшү туура эмес деп эсептешет. Буга сиздин жообуңуз кандай?

- Бул долбоор 50/50 деп бөлүнгөнү менен уникалдуу болуп саналат. Анын акчасы балким 4 миллиард долларга чыгат. Орусия тарап ошол акчаны 2,5 пайыздан алып келиши керек. Эл аралык донорлор, институттар ушундай пайыз менен беришет.

Энергетикадагы мындай долбоор узак мөөнөткө багытталган. Кумтөр болсо салыштырмалуу кыска мөөнөттөгү долбоор болуп саналат. Алар 10-20 жылда кенди казып, чыгып кетишет. Энергетика узак мөөнөткө иштөөчү тармак. Анан тарифтерди туура коюп, корпоративдүү башкарсак, баары туура болот.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG