Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

Казакстан сууну Тажикстандан алгысы келет


Таластагы Киров суу сактагычындагы суунун көбү Казакстандын талаасын сугарууга кетет.

Таластагы Киров суу сактагычындагы суунун көбү Казакстандын талаасын сугарууга кетет.

Казакстан өзүнүн түштүк аймактарына кошумча сугат сууну мындан ары Кыргызстандан эмес, Тажикстандан алуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканы маалым болду.

Казак өкмөтүнүн жыйынында биринчи вице-премьер-министр Бакытжан Сагинтаев бул маалыматты кокусунан ачык айтып жиберди.

Кыргызстандык адистер болсо коңшулар кошумча суу албаса, Токтогулда сууну көбүрөөк топтоп алып, кышында электр энергиясын көбүрөөк өндүрүү мүмкүнчүлүгү жараларын, тескерисинче пайдалуу болорун айтып жатышат.

Казакстан кошумча сугат сууну мындан ары Кыргызстандан эмес, Тажикстандан алуу тууралуу өткөн аптада Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити маалында сүйлөшкөнү маалым болду. Казак өкмөтүнүн жыйынында биринчи вице-премьер-министр Бакытжан Сагинтаев тажиктер кошумча суу берүүгө макул болуп жатканын айтып алды. Бирок премьер-министр Карим Масимов мындай маалымат ачык айтылбашы керектигин кыйытып, анын сөзүн токтотуп койду:

- Суу тууралуу. Азыр эле Түштүк Казакстандын акими айткандай, Ташкентте Тажикстандагы кесиптештер менен сүйлөшүү болду. Тажиктер бизге сунуштап жаткан, биз макулдашып жаткан схема мындай: былтыр мен Кыргызстан менен энергетика боюнча товар алмашуу жаатында иштедим эле. Тажиктер дагы биз менен ушундай эле ыкмада иштесеңер, бизден электр энергиясын сатып алсаңар анда кыргыздар менен байланышпай эле койгула, сууну биз эле кое беребиз дешти.

Сөз энергетикалык режимде берилчү суу тууралуу болуп жатат. Мурунку энергетика министри, Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев буга байланыштуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Ага ылайык, коңшу мамлекет Токтогул суу сактагычынан кошумча сугат суу алуудан баш тартса, Кыргызстанга кесепети деле тийбейт, тескерисинче пайдалуу болот:

- Кыргызстан электр энергия өндүрбөй туруп эч качан сууну ачып коё бербейт. Мурун мындай болчу: Казакстан августта өздөрүндө суу жетпей, тартыш болгондо бизге кошумча 500 миллиондой куб метр суу бергиле, андан өндүрүлгөн электр энергияны да сатып алалы же болбосо кийин кышында силерге электр энергия керек болгондо кайтарып берели деп кайрылчу. Ушундай ыкма колдонулуп келген. Эгер Казакстан кошумча сугат сууну Тажикстандан алабыз десе кайра бизге жакшы, азыр сууну топтоп алсак, кышында көбүрөөк электр энергия өндүрөбүз.

Казакстандын эгин талаасы

Казакстандын эгин талаасы

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу департаментинин өкүлү Акылбек Сулайманов Казакстанга быйыл бериле турган суунун жалпы көлөмү боюнча мындай маалымат берди:

- 2016-жылдагы эки тараптуу макулдашылган пландын графиги боюнча Казакстан сугат маалында Талас дарыясынан 590 миллион куб метр суу алат. Бул суу менен Казакстан 63 миң гектарга жакын жерин сугарат. Чүй суусунан быйыл 336 миң куб метрдей суу беребиз. Түштүк Казакстанга бизден суу Нарын-Сырдарыядан Достук каналы менен барат. Суунун жалпы көлөмү 700 миң куб метрден ашат. Бул негизинен Токтогул суу сактагычынан кое берилген сууга жараша болот. Канча көлөмдөгү электр энергия өндүрүлүп чыкса, ошондон чыккан суу бизден төмөн коңшуларга бөлүштүрүлөт. Бул суу менен Казакстан 665 миң гектар жерин сугарат.

Эгер Казакстан кошумча сугат сууну Тажикстандан алабыз десе кайра бизге жакшы, азыр сууну топтоп алсак, кышында көбүрөөк электр энергия өндүрөбүз.

Ал арада Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин алдында сууга байланышкан мыйзамдарды, эл аралык эки тараптуу келишимдердин баарын иликтеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” мындай сунуштун демилгечиси “Республика - Ата Журт” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев билдирди. Анын айтымында, жумушчу топ сунуштарды дагы даярдайт:

- Сууга байланышкан мыйзамдарды, Суу кодексин, эки тараптуу, эл аралык келишимдердин баарын карап чыгабыз. Биз коңшуларга кайсы келишимдин негизинде кандай берип жатабыз, башка өлкөлөрдө кандай, эл аралык тажрыйба кандай деп тактайбыз. Аларда ушундай бир канча мамлекетти аралап өткөн сууну пайдалануу тажрыйбасын карайбыз. Бекер беришеби же сатышабы деп иликтейбиз. Эгер зарыл боло турган болсо комитетке сунуштар берилет. Ал жерде эң башкысы Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталышы керек. Суу биздин байлыгыбыз. Азыр өзүбүз ичкен, сугатка пайдаланган сууну сатып алып жатабыз. Анан эмне себептен коңшу мамлекеттерге сууну бекер беришибиз керек.

Борбор Азия өлкөлөрүн аралап өткөн сууга байланыштуу бир катар маселелер бар. Суу башында турган Кыргызстан коңшуларын сууну башкарууга кеткен чыгымдарды кошо төлөшүүгө чакырып келет. Казак тарап азыноолок каражат бергени менен Өзбекстан болсо сууга бир да тыйын төлөбөйт. Расмий Ташкент Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүн аралап аккан сууга өзү жалгыз ээлик кылбашы керек жана коңшулары менен эсептешүүсү зарыл деп Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна каршы чыгып жүрөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG