Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Камсыздандырылбаган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда


Ички иштер министрлиги камсыздандыруудан өтпөгөн автоунааларды колдонууга тыюу салууну сунуштоодо. Буга байланыштуу мыйзам долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Тилек Оторовдун “Азаттыкка” айтуусунда, жол кырсыгы катталган учурда тараптар пикир келишүү менен камсыздандыруучу компания аркылуу маселелерин чечип алса болот.

-Автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруудан өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Эми аны жол эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен бекемдөө аракети көрүлүүдө. Мисалы, материалдык чыгымы менен катталган жол кырсыктарына жол көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрүнүн ордуна камсыздандыруу компаниясынын агенттери чыгымды эсептеп, ич ара чечип бере алат. Техникалык кароодон өткөндө камсыздоодон өттү деген кагаз талап кылынат.

Буга чейин өкмөт ушул жылдан тартып автоунааларды жана бардык үйлөр милдеттүү камсыздандырууга өтүшү керектигин билдирген. Буга байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы 2016-жылдын 1-январынан баштап ишке киришмекчи.

Кыргызстанда жыйырмага жетпеген камсыздандыруу ишканасы бар, аларда ыктыярдуу түрдө турак жайын же башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандырган адамдар саналуу гана. Ушул тапта турак жайды камсыздандыруу багытындагы мыйзам коңшу Казакстан жана Орусияда каралып жатса, ал эми Батыш өлкөлөрүндө бир топ жылдан бери иштеп келатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG