Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

Мал ылаңдарынан улам Кыргызстандын эт өндүрүүчүлөрү продукцияларын экспорттой албай келишет. Жагдайдан чыгуунун жолдору жана өлкөдөгү эпизоотиялык абал тууралуу мурдагы айыл-чарба министри Сапарбек Тынаев ой бөлүштү.

- Кыргызстандын эт өндүрүүчүлөрү өлкө ичин гана эмес, коңшу өлкөлөрдү да эт менен камсыз кыла алабыз дешет. Бирок эмне үчүн аларга алигиче шарт түзүлбөй келет?

- Кыргызстан этке болгон муктаждыгынын 50-60 пайызын гана өзү камсыз кыла алат деген туура эмес. Мен министр болуп иштеп турганда малдын, өндүрүлүп жаткан эттин көлөмүн аныктаганга аракет кылдык. Бул боюнча азыркыга чейин так сан жок. Негизи бизде шарт түзүлсө этти экспорттоого мүмкүнчүлүктөр бар.

Азыр мал союла турган, эски Советтер союзу учурундагыдай эт комбинаттары жок. Заманбап эт комбинаттарын курушубуз керек. Андан тышкары мындай комбинаттардын алдында эл аралык сертификация борборлорунан аккредитациядан өткөн лабораториясы болушу зарыл. Ошол лабораториянын документи болсо биздин этти каалаган жерге жиберсе болот.

Экинчиден, Кыргызстанда эпизоотиялык абал абдан начар. Бул илгертеден келе жаткан маселе. Бирок кээде өзүбүздү өзүбүз афиша кылып, жарнамалайбыз. Биздин республикада шарп, күйдүргү бар деп бүткүл дүйнөгө жарыялайбыз. Өзүбүздө жашыруун сыр болушу керек. Биз ооруларга каршы күрөшүүбүз зарыл. Кабарларды мүмкүн болушунча сырт жакка чыгарбай, өзүбүздүн ичибизде кармашыбыз керек. Оорунун чыгышына себеп болгон адамдарды жазалап, кызматынан алуу керек.

Мындай болбогондуктан эт расмий жол менен экспорттолбой, аткезчилик жол менен чыгып жатат. Биздин анализ боюнча, бир жумада 200-300 тонна эт сыртка чыгат. Жылына кеминде 15-16 миң тонна эт чыгып кетет.

- Эт өндүрүүчүлөр Кыргызстандагыдай эпизоотиялык абал коңшу өлкөлөрдө деле бар экенин айтышууда. Болгону алар мал ылаңдары айрым гана аймактарда катталганын далилдеп бере алышкан экен. Кыргызстан деле далилдесе болот беле?

- Ветеринария мыйзамы эки жылдан бери кабыл алынбай жатат. Мыйзамды кабыл алып, оору чыккан аймактарды зоналаштыруу керек. Маселен бизде күйдүргү Жалал-Абад облусунда, шарп Нарында көбүрөөк катталса, Чүй облусунда оору жок деп Орусия же Казакстанга далилдеп бере албай жатабыз.

Ошондуктан ветеринария жөнүндө, идентификация жөнүндө мыйзамдарды кабыл алып, анан зоналаштырууну жүргүзүүгө тийишпиз. Андан соң ачык түрдө Кыргызстандын бул өрөөнүндө оору жок, эт-сүттүн баары ушул райондон деп далилдеп беришибиз керек. Аларды, эксперттерди чакырып көрсөтүү керек.

- Сиз министр болуп турганда эмне үчүн далилдеп бере алган жоксуз?

- Мен болгону үч ай министр болдум. Мен министр болуп турганда коңшулар сүттү өткөрбөй жаап койгон. Анан биз чакырып, алардын өкүлдөрү келишти. Биздин шарттарды карап туруп, кайра ачып берген. Анан кийин, өткөн күздө кайра жаап койду.
XS
SM
MD
LG