Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:10
Буга чейин ОБОН деген аты бар аялдар менен бетме-бет сүйлөшүп көргөн эмесмин. Бирок оюмда “аларды деле эпке келтирсе болот да, кантип эле митинг-пикетке анчалык ышкыбоз болушсун?” деп ойлочу элем. Бирок алар менен ойдо жок жерден жолугуум, оюмду шамал кууган булуттай кылды.

8-октябрь. Бишкектеги чачтарачкананын биринде отургам. Жанымда отурган эки аялдын сөзүн эрксизден кулак чалып калды:

- Караколго барып, митингге кошулуш керек. Бекер жаткыча, бекер иш.

- Паспортный режим кылып койсо керек ал жакты.

- Күбөлүгүбүз бар да, милицияга журналистпиз деп коёбуз...

Таң калдым. Кайсы гезитте же телерадиодо иштейт болду экен? Буга чейин эч бир жыйындан көргөн эмесмин...Журналисттер бири-биринин атын билбесе да өңүнөн тааныйт эмеспи. Анүстүнө улгайып, тиш кагып калгандары көрүнүп турат.

Кайсыл жерде иштешээрин сурагыча болбой, чыгып кетишти. Сырттагы тепкичте туруп, бирөөлөргө чалып жатканын угуп отурдум: “Караколдо согуш болуп жатат, соттун, прокуратуранын имараттарын өрттөп салышты. Мекендештерибизди колдоп коёлу...”

Бир аз мурдараак жумуштан чыккам. Караколдогу митингди уккам, бирок тиги аял айтып жаткан окуялардан кабарым жок эле. Дароо эле “булар ОБОН окшойт...” деген ой келди...

Аңгыча алар кайра чачтарачканага киришти. Толмочунан келген, чачы кыскасы тааныштарына тынбай телефон чалып атты. Эми ал Таласта да “эл көтөрүлүп жатканын”, абал кооптуу экенин жан-алы калбай түшүндүрүүгө өттү. “Жарымыбыз Көлгө, жарымыбыз Таласка барып, колдоп коёлу. Бекерчиликте бекер иш. Нарын да даяр турат. Оштон “баланча-түгүнчөлөр келди, алар даяр”, - деди...

Ата Мекенге мынчалык "күйүп-жанган" эжелер менен сүйлөшкүм келди. Кантсе да журналист эмесминби. Оозум кычышып, кай жерде иштерин сурай коюп, “ишиң болбосун!”,- деген жооп уктум. Мен да журналист экенимди айтып, таанышып алалы дегенден башка арам оюм жоктугун айттым. “Ким менен таанышуу, ким менен сүйлөшүү өз укугум. Укугумду жакшы билем, ар ким менен сүйлөшө бербейм”,- деди эже беттен алып.

Телефондогу сүйлөшүүлөр уланып жатты. Дээрлик ар бирине “Караколдо согуш башталды”, - деп атты. Минтип көз көрүнөө калп айтканына кыжырым келип, айта коем деп балээге калдым. Албууттанып, ээ-жаа бербей аз жерден тырмагы жүзүмдү шалап кете жаздады. "Жашооңо чекит коёбуз, жолуңду билип бас", - деп опузалаганычы. Бишкектеги бейпил жашоом ушул чачтарачкананын босогосунда бүтөрүн айтканда жаагым жап болду. Баятан короткон убакытыма өкүндүм да, чачымды кыскартып бүтүп унчукпай чыгып кеттим.

Мен бул бейтааныш аялдын сөзүнө, митинг-пикетке катышууга дилгирлигине таң калган деле жокмун. Эмнегедир балдарын, күйөөсүн аядым... Эне үйдүн, мамлекеттин куту экенин айтабыз, ал эми коломтонун күлүн сапырып, калайман салгандарды эмне дейбиз?

Жашоо жараянын олку-солку кылууга салым кошуп жаткан аялдын эмес, күн сайын, ар убак өлкөмдүн тынчтыгын Кудайдан тилеген аялдын баласы экениме сыймыктандым...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG