Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

Өкмөт Бишкектеги “Эркин-Тоо” басмаканасынын кеңсеси тарыхый, архитектуралык маанисин жоготту деген токтом чыгарды. Айрым коомдук ишмерлер имарат бийликтеги адамдардын бирине тиешелүү болгонун, аны бузуш үчүн атайын ушул жолго барышканын айтып чыгышты.

Маданият министрлигинин, Мамлекеттик курулуш агенттигинин өкүлдөрүнөн, юристтер, реставратор жана архитекторлордон турган мекемелер аралык комиссия ушул жылдын июлунда "Эркин-Тоо" басмаканасынын кеңсесин оңдоп-түзөөгө жараксыз деп тапты.

Анын негизинде өкмөт имаратты мамлекеттик тарыхый маанисин жоготту деп бүтүм чыгарды. Имарат Бишкектин чок ортосундагы Киев менен Чүй көчөлөрүнүн ортосунда жайгашып турат.

Чечим тууралуу комиссия төрайымы, Маданият министрлигинин тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча инспекциясынын директору Айсин Дүйшөналиева:

- Комиссия "имараттын абалы канааттандырарлык эмес, сейсмикалык талапка жооп бербейт. Мындан ары колдонуу коопсуздукка, адам өмүрүнө коркунуч туудурат" деп жыйынтык чыгарды.

Бул корутундуну Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Турдубек Мамбетов да тастыктап, ал жерге башка курулуш түшөрүн айтат:

- Бузсаңар болот деген алдын ала уруксатын алышты. Эми азыр инвестор издеп жатышат. Табышса уруксат кагаздарын каттай башташат. Башкы план боюнча кандай объекттерди курууга уруксат болсо ошону салышат. Мисалы, үй, ресторан, кеңсе дегендей.

Дүйшөналиеванын билдиришинче, Кыргызстанда 600 чамалуу тарыхый жай, имарат бар. Бирок акыркы жылдары аларды оңдоп-түзөөгө акча бөлүнгөн эмес.

Жарандык активист Эрик Ирискулбеков тарыхый эстеликти атайын эле акчага мукуратышып, начар абалга келтиришкен деген ойдо. "Ал эми өкмөттүн токтому алып-сатарлардын колун биротоло бошотту, мындай жол менен Бишкектин өзөгүн түзгөн тарыхый мекемелер акырындап бузулууда" дейт ал:

- Атайын жасап атышат. Мисалы, "Учкун" деле тарыхый эстелик эле, жанына канчалаган объекттерди салып коюшту! Темир жол бекетинин жанында чоң мейманкана бар болчу, аны да бузушту. Эркиндик бульварынын оң-сол жагынын баары тарых эстеликтери. Башка өлкөлөрдө мурдагы курулуштар сакталып калган. Мисалы, Стамбулду алалы, Европанын кайсы гана шаары болбосун жаңы жана эски шаары бар. Биз же эскилерин калтырган жокпуз, же жаңысын жөндөп сала албай башаламан кылып жатабыз.

Архитектура жана курулуш агенттигин бир кездери жетектеген Ишенбай Кадырбеков да маселе эбак чечилип калганына ынанат:

- Менин оюмча бул маселе мурда эле чечилип калган. Ошол чечкен адам бул маселени өкмөттөн, башка жерден сүрөп жатат. Мамлекеттин бул чечими өтө чоң ката, өз тарыхын сыйлабоо. 50-жылдары "Дружба" менен "Соң-Көл" ресторандары, "Эркин-Тоонун" имараты архитектуранын жаңы ачылышы деп бааланып, биз аларга сыймыктануу менен карачубуз.

Мекемелер аралык комиссия “Эркин-Тоонун” жанындагы "Соң-Көл" ресторанынын имаратын да иликтеп, бирок аны колдонууга болот деп табышкан. Кадырбеков болсо, “Эркин-Тоо” бузулуп, ордуна жаңы курулуш башталса жанындагылардын деле өмүрү узун болбойт деп болжоодо.

Кыргыз Эл баатыры, жазуучу, коомдук ишмер Бексултан Жакиев ал имарат Жогорку Кеңештин депутатына тийиштүү деп угуп жүргөнүн, андай болсо ведомстволор аралык комиссиянын корутундусун чыгартып алуу оңой эле болорун айтууда:

- Мен бул жерди Каныбек Иманалиев ээлеп алган деп эки жолу уккам. Аларга тарыхый имараттын кереги жок, аларга байлык керек. Эски аянттагы Америка университети турган эки кабат имаратты буза турган болгондо Күлүйпа Кондучалова "тарыхый имарат" деп жер сабап алып калган. Ушундай нерселер керек да. Баарын бузуп салып, ордуна окшош тамдарды сала берсе Фрунзенин-Бишкектин өмүр баяны калбай калат да?!

Тарыхый мааниси жокко чыгарылган имарат депутат Каныбек Иманалиевге таандык деген мындай божомолдор коомчулукта көп эле айтылып жүргөнү менен, депутат анын баарын четке кагып, ага акционерлердин ишмердигин каттоочу “Фондрегистр” аттуу жоопкерчилиги чектелген коомдун өзүнүн дарегине 2015-жылдын 8-сентябрында жазылган катын негиз кылууда.

Иманалиевге жолуга албаганыбызга байланыштуу иш кеңсесине калтырган катты жардамчысы Айниза Каныбекова окуп берди:

"Сиз "Эркин Тоо" ачык акционердик коомунун акционери эмессиз. Мындан улам сизге акционердик коомдун башка акционерлери тууралуу маалымат бере албайбыз".

Мындан тышкары аталган акционерлердин арасында Иманалиевдин жакындары болуп-болбогонун билүүгө мүмкүн болгон жок.

"Эркин-Тоо" басмаканасына таандык жай өткөн кылымдын 30-жылдары салынган. Ата Мекендик согуш учурунда мында атактуу Панфиловдун дивизиясы түзүлгөн. Учурда ал жер чакан, орто ишкерлерге, кафе, оюн-зоок жайына ижарага берилген.

Ижарачылардан сураганыбызда, өкмөттүн токтому тууралуу маалыматтары жоктугун, анын кооптуулугу тууралуу эч ким эскертпегенин айтышты. Кооптуулук тууралуу бүтүм чыкканына жарым жылдай болгонун эскерте кетели.

“Эркин-Тоонун” техникалык директору Алмаз Абдыманаповдун айтымында, имараттын аянты 70 сотыхты түзөт. Бишкектеги риэлторлор менен байланышканыбызда, аталган аймактагы жер тилкесинин 1 сотиги 70-80 миң долларга чаап барарын билдиришти.

  • 16x9 Image

    Мухаммедали Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG