Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Миграция кызматы: ооруканага жеткирген жаңжал


Иллюстрация
Иллюстрация

Мамлекеттик миграция кызматынын бөлүм башчысы Майрамбек Бейшенов бул мекеменин жетекчи орун басары менен статс-катчысы экөөлөп аны оозго алгыс сөздөр менен жемелеп, кол да көтөрүшкөнүн айтып чыкты.

50 жаштагы үчүнчү топтогу майып кызматкер мунун айынан ооруканага жатып чыккан жана жогору жакка арыз жазган. Ага кол көтөрдү дегендердин бири, статс-катчынын милдетин аткарып жаткан Канат Азиз тапшырманы убагында аткарбаганы үчүн Бейшенов уруш укканын, бирок аны какыс-кукус кылган деген жалаа экенин билдирди.

Майрамбек Бейшеновдун билдиришинче, окуя 28-июнда болгон. Анын ырасташынча, берилген тапшырманы убагында аткара албай калганы үчүн Миграция кызматынын жетекчи орун басары Алмаз Асанбаев менен статс-катчынын милдетин аткаруучу Канат Азиз аны катуу жемелеп кол көтөргөнгө чейин барган. Бейшенов бул окуядан кийин эле ооруканага жатып калган экен:

- Ал экөө менен мага берилген тапшырма боюнча сүйлөшүп жатканбыз. Анан алар сөгүнгөнгө чейин жетишти. Мени тарткылап-түрткүлөп кабинетке алып киришти. Ошол жерден мени эки-үч жолу чаап жиберишти. Мен ал жерден чыгып ооруканага кеттим. Хирург менен невропатологго көрүндүм. Денемдин эки-үч жери көгала болуптур. Кан басымым көтөрүлүп, жүрөгүм, башым ооруп ооруканага жатып, жумушка бүгүн чыктым.

Майрамбек Бейшенов бул окуяга байланыштуу Мамлекеттик кадр кызматына жана өкмөттүн аппаратына арыз менен кайрылган экен. Анын ырасташынча, учурда Мамлекеттик миграция кызматы өзү да териштирип жатат. Бул тармакта он жылдан ашык убакыттан бери иштеп жаткан Бейшенов өзүнүн балдары менен тең жетекчилерден ыдык көргөнүнө ыза болгонун айтууда:

- Эгер жумуштан берилген тапшырманы аткара албай калса, же мөөнөтүндө бүтүрө албай калса мыйзамдын чегинде көрүлө турган чаралар бар да. Алар мындай кылбашы керек эле. Балким тапшырманы аткаруу жактан менден ката кеткендир, бирок алар сөкпөй, чапкылап-тепкилебей мыйзамдуу чараларды көрүшү керек эле.

Миграция кызматы бул окуя боюнча азырынча расмий түшүндүрмө бере элек. Мекеменин жетекчиси жана орун басары Алмаз Асанбаев менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Статс-катчы, бокс боюнча спорт чебери Канат Азиз ишке байланыштуу кыйкырышып кетишкенин бышыктады, бирок кол көтөргөн дегенди негизсиз деп билдирди. Анын айтымында, Бейшеновго ишиндеги кемчилиги үчүн катуу сөгүш берилгени жаткан, ал ошону алдын алуу үчүн жетекчилерди каралап жатат:

- Ишке байланыштуу эмоционалдуу сүйлөшүү болгон. Сөгүш берилбесин, жумуштан кууп жибербесин деп эле ушинтип сабады деген жалган маалыматтарды чыгарып жатат. Анын айткандары чындыкка дал келбейт. Кыйкырганда деле муну эч ким кемсинткен, сөккөн эмес. "Эмне себептен баяндама даяр эмес? Эмне себептен документ бешке чейин бүткөн эмес?" деп гана сураганбыз. Ал кишиге Асанбаев бир тапшырманы бешке чейин бүтүргүлө деп бергенде, ал менден суранып кетип калган. Мен болсо "сизге тапшырма берсе, сиз менден суранып жатасыз, өзүнөн сурабайсызбы. Эгер ишиңиз чыгып бүгүн ал тапшырманы аткара албай жатсаңыз, ошентип эле айтпайсызбы" дегем. Үнүбүздү катуу чыгарып сүйлөшкөнбүз. Жаныбызда башка адамдар болгондуктан кыйкырып сүйлөшүп жатканыбызды угушпасын деп кабинетке киргенбиз.

Мамлекеттик кадр кызматы азыр Майрамбек Бейшеновдун арызын териштирип жатат. Кызматтын басма сөз өкүлү Назгүл Бегалиева буга чейин уруп-токмоктогону тууралуу арыз түшпөгөнүн маалымдады:

- Бизге буга чейин ушинтип уруша кетти, жакалашты, уруп койду деген маанидеги арыз түшкөн эмес. Мыйзам бузду, андай-мындай болду деген даттануулар болгон. Негизи мындай учурда укук коргоо органдары текшерип баа бериши керек. Анан ар бир мамлекеттик органда этика боюнча комиссия иштейт. Ошолор кызматтык иликтөө жүргүзүшү керек. Бул мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турумуна байланышкан маселе. Ал жерде мушташмак түгүл орой мамиле кылганга болбойт, кесиптештерди сыйлап сылык болушу керек деген жоболор бар. Эгерде ошондой чектен чыкканы такталса, алар иликтеп туруп чара көрүү тууралуу сунуштарын берет. Биз деле териштирип чыгып, арызда айтылгандар тастыкталса Мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамга ылайык ушундай болушу керек деп ошол мекеменин жетекчилигине сунуш гана беребиз.

Айрым байкоочулардын баамында, мамлекеттик кызматтын жетекчилеринин кол алдындагыларга муштум көтөргөн учурлары болот, бирок дээрлик көбү бир катар себептерден улам арыздануудан тартынат же болбосо өз ара келишип алат.

Былтыр ноябрь айында Мамлекеттик каттоо кызматынын Жалал-Абаддагы Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн жетекчиси Эмилбек Тарыхчиев кол астындагы кызматкери Таалайбек Исаевди травматикалык тапанча менен бир канча жолу атып жиберген окуя катталган эле.

XS
SM
MD
LG