Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:54

Кыргызстандагы улуттук саясат боюнча мамлекеттик концепциянын акыркы варианты тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, бул концепцияны иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси Надира Нарматова ой бөлүштү.

- Улуттук саясат боюнча концепция канча убакыттан бери талкууланып, толукталып олтуруп, акыркы варианты иштелип чыккан экен. Бул концепциянын негизги өзгөчүлүгү эмнеде?

- Кыргызстан жыйырма жылдан бери эгемендүү мамлекет болгонуна карабастан улуттук саясат боюнча концепциябыз иштелип чыккан эмес. Ушуга байланыштуу Жогорку Кеңеште мен жетектеген жумушчу топ түрдүү окумуштуулардын жардамы менен улуттук саясат боюнча концепцияны иштеп чыгып, 2011-жылдын 30-июнунда Жогорку Кеңештин отурумунда негизинен кабыл алынган.

Бирок тилекке каршы Эл ассамблеясы тарабынан да этникалык азчылыктар жана аларды коом менен байланыштыруу багытында концепция иштелип чыккан. Ал концепция кыргыздын менталитетине туура келбегенинен улам, Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде ассамблеянын курултайында кабыл алынган концепция менен биздин концепцияны бириктирүү максатында атайын тапшырма болгон.

Биз ошол эки концепцияны бириктирип, кыргыз мамлекетинде жашап жаткан элге байланыштуу улуттук саясатты жолго салуу максатында биргелешкен жумушчу топ иштеп, акырында Кыргызстандын улуттук саясаты боюнча мамлекеттик концепциясын толугу менен иштеп чыктык. Бул багытта биздин президентибиз Алмаз Атамбаев да эки концепцияны бириктирүү багытында 2012-жылдын февраль айында атайын жардык чыгарган. Бул концепция азыр Коргоо кеңешинде каралуу алдында турат.

- Ошондо концепциянын өзгөчөлүгү эмнеде? Буга чейин бул концепцияда кыргыз улуту, мамлекеттик тил өзөк катары кабыл алынат деп айтылган эле...

- Айтканыңыз туура. Биздин негизги максатыбыз - мамлекеттин негизин түзүп турган кыргыз улутунун өз ордун таап берүү болгон. Натыйжада концепциянын негизги базалык элементи катары кыргыз улуту эсептелет. Кыргыз улуту – биринчиден, мамлекеттин негизин түзүүчү, башка улуттардын бардыгынын башын бириктирүүчү, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн максаттуу өнүктүрүүдөгү бекемдөөчү өзөк же ядро катары көрсөтүлдү. Акыркы иштелип чыккан концепцияда кыргыз коомчулугунун башын бириктирүүчү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөчү өзөк катары кыргыз улуту көрсөтүлөт.

- Бул жагдай Кыргызстандагы башка улуттардын өкүлдөрүнүн укуктарына шек келтирүү, улутчулдук катары саналбайбы?

- Кыргыз улутуна эч кандай артыкчылык берилбейт. Тескерисинче кыргыздар менен өнүгүп, бирге жашоону каалаган башка этностук топтордун тилин, салтын, маданиятын өнүктүрүүгө кыргыз улуту кепилдик берет. Экинчиден, кыргыз улутунун мамлекет катары сакталып, өнүгүүсү уруу-урууга бөлүнбөстөн адегенде кыргыздардын өзүнүнүн биригүүсүнө байланыштуу болору баса көрсөтүлөт.

Бул көрүнүштөр бирдей болбосо, анда биздин улуттук саясат боюнча концепциябыз толук максатына жетпей кала тургандыгы белгиленет. Себеби, концепциянын негизги багыты эгемендүүлүктү жана аймактын бүтүндүктү бекемдөө менен этномаданияттык көп түрдүүлүктү сактоо болуп эсептелет. Конституциянын негизинде азчылыктардын укуктары менен жоопкерчилиги да эске алынган.
XS
SM
MD
LG