Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

Оштогу этностор аралык кагылышка саналуу күндөн кийин бир жыл толот. Каргаша учурунда жана андан кийин бир топ адамдар четке чыгып кеткен.

Четке чыгып кеткендердин басымдуу көпчүлүгү өзбек улутундагылар. Учурда алардын айрымдары өз журтуна кайтып келсе, дагы бирөөлөрү турмуштун катаал сыноосун кечирип, башка жерде баш калкалоодо.

Туулган жердин топурагы алтын

Ош шаарынын тургуну, ишкер 47 жаштагы Каримжон бул күндөрү бойго жеткен уулу, аялы болуп Стамбул шаарында жашап жүрөт. Өткөн жылдын декабр айында үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлоп, Түркияга чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Стамбулда уулу экөө кафеде иштесе, аялы үйдө отуруп майда-барат кооз буюм-тайым жасап сатат. Телефон аркылуу байланышып, жаңы жердеги жашоо тууралуу сураганыбызда, Каримжон Түркиядагы жашоосу эл катары өткөнү менен жакынкы күндөрү өз мекенине кайтууга камданып жатканын айтты:

- Кудай буюрса жакында Кыргызстанга кайтабыз. Аз калды кайтууга. Башка мамлекет деген башка. Өз элиң, туулган жериң деген баары бир өзгөчө. Бул жерде аз-маз иш калды, анын аягына чыгып эле кайтабыз деп турабыз. Үйдө ата-энем бар. Алар менен байланышып турабыз, алар менин үйүмдө турушат.

Каримжон Оштогу жаңжалга чейин банктан чоң көлөмдөгү насыя алып, ишкерлик жүргүзүп келген. Каргашалуу кагылышта ишканасы толук күйүп кеткен, ал эми насыя моюнга илинген бойдон калган. Антсе дагы маектешибиз «Ошто тынчтык болсо эле жоголгондун орду толот», деген бекем ишенимде өз үйүнө кайтуунун камын көрүүдө.

- Буюрса бизнес мурда андай болсо ошондой кайра курууга жетишебиз. Эң башкысы – мурдагыдай мамилени жакшырытып, ака-үкөдөй болуп жашап кетебиз. Ошто менин кыргыз досторум абдан көп.

Көп акча топтосом эле кайтам

Ош шаарынан бир элес

Кийинки каарманыбыз Оштун дагы бир тургуну Хайрулло учурда Орусиянын Сахалин облусунда айдоочулук кылып, төрт баласын багууда. Жаңжал башталганда Бишкекке КАМАЗ менен Оштон жүк алып келип, бейкапар эс алып жаткан.

Анан уруш башталды дегенди угар замат учак менен Ошко келип, үй-бүлөсүн шаардан алып чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Андан соң Бишкектен алыскы Сахалинге тыным албай жүрүп отуруп, 11 күн дегенде көздөгөн конушка жетишкен.

- Менин бул жердеги иштерим жакшы жүрүп, акча-тыйын топтосом эле кетем. Кетүү ниети бар, бирөөнүн журтунда бала-чака менен кыйналып жүрөбүз. Өзүңдүн журтуңда жашаганга эмне жетсин. Бул жерде тууганым бар. Урушта ошолор телефон чалып, «ал жакта болбой калса бул жакка кел» дешти. Анан автобус менен жүрүп отуруп эптеп келдик.

Хайрулло кайра Ошко барып, өз үйүндө жашоо баштоого көп акча керектигин айтат. Анткени жаңжал маалында анын үйү тонолуп, калганын жалын жалмап кеткен.

- Азыр эми барууга шарт керек. Азыр деле барып, эптеп жашасак болот. Карындаштырым бар дегендей. Бирок баары бир тыйын табуу керек. Ошто иш жок деп дагы айтып жатышат. Азыр башыбыз катып, ар кайсыны ойлоп күн өткөрүп жатабыз.


Жаңжалдан бизнес жайрады

31 жаштагы Айбек Оштогу жаш ишкерлердин бири болчу. Үй-бүлө күтүп, жубайы экөө 3 наристенин бактылуу ата-энеси, шатыра-шатман күн өткөрүп келишкен.

Анан каргашалуу окуя чыкты.

Сулайман тоодогу өрттөлгөн кафе, Ош шаары
- Кыргызстанда чакан ишкерлик кылчумун. Өрттөп салышты. Каңгыраган имарат менен кара жерден башка эч нерсе калган жок. Июн окуясынан кийин ишти кайра калыбына келтирип, кайра баштоого аракет кылдым. Бирок мени куугунтуктап, кысымга алышты. Андыктан, мына минтип башка өлкөдө жүрөм.

Жаңжалда орто ишкердикти талкалашты. Ошто ишкердикти өлтүрүштү, аны кайра калыбына келтирүүнү эч ким каалабайт. Ал эми калыбына келтирем дегендерге мүмкүнчүлүк беришпейт. Менин эле отуздан ашуун ишкер тааныштарым, өнөктөштөрүи ишин токтотуп ар кайсы өлкөдө жүрүшөт. Ар кимиси ар кайда Орусия, Европа өлкөлөрүнө, кээ бирлери Түркияга чыгып кетишкен.

Азыр Айбек үй-бүлөсү менен Түркияда качкын макамында жашап жатат. Жакынкы келечекте турмуштун кемеси аларды жер жүзүнүн кайсы бурчуна таштаары азырынча белгисиз.

Айбектен өз журтуна кайтууга эмне тоскоолдук кылып жатканын сурадым:

- Ал жакта мени кадимкидей кабыл алат, кадимкидей жашап кетем дегенге, коопсуздукка эч ким кепилдик бербейт. Андыктан Түркия өкмөтүнө кайрылдым, азыр мага убактылуу баш паанекке уруксат беришкен. Андан кийин Улуттар уюмунун качкындар Комиссариатына кайрылдым. Алар дагы мени каттоого алышкан. Эми алдыда кандай болот мен билбейм...

Талаша турган эч нерсе жок болучу

Мирлан жаңы эле үйлөнүп, өзүнчө түтүн булата баштаганда Оштогу жаңжал чыкты. Ал шаардагы «Таатан» базарында иштеп, аялы инстутутта окучу. Алардын үйү өзбек мааленин ичинде болгондуктан, «алда-кандай болот» деп кооптонгон Мирлан 20 жаштагы колуктусун жетелеп, Бишкекке кеткен.
Ош шаарындагы өткөрмө бекеттер, 2011-жылдын июну

- Жаңы эле үйлөнгөм. Анан тополоң чыкты. Колуктумду алып бул жакка келе бердим. Биздин коңшуларыбыздын баары өзбектер. Бизде талаша турган деле эч нерсе жок. Бирок жаш үй бүлөлүү болгондон кийин баары бир коркот экенсиң. Өзүм болбосом дагы аялымдан чочулайм. Азыр деле барыштан кооптонум турам. Аларды дагы түшүнсө болот. Бирөөнүн баласы, дагы бирөөнүн атасы өлгөн. Айтор бир күнү болбосо бир күнү бирөөнүн ачуусу келип... - деп Мирлан сөзүнүн аягын туюк бүтүрдү.

Эми Мирлан Ош-Бишкектин ортосунда тынымсыз каттап, соода-сатык менен алектенүүдө. Келинчеги болсо такай Бишкекте. Жаш үй бүлө азырынча өз журтуна баруудан тартынып турат.


Чырдын түбү каерде?

Июндагы улут аралык каргашалуу жаңжал тутанганына жакында 1 жыл толот. Философия илимдеринин доктору, профессор Мариям Эдилова коомдогу чыр-чатак тигил же бул улуттун маданий, каад-салтындагы айырмадан эмес турмуш шарттын өйдө-ылдыйынан, социалдык теңчилдиктин жогунан келип чыгаарын айтат.

Социалдык көйгөйлөр өз убагында чечилбесе ал саясий өңүт алат дейт окумуштуу:

- Эки тараптын, бүт эле Кыргызстандагы материалдык турмушту жакшыртуу – эң негизги фактор. Коомдо социалдык адилеттүүлүк менен теңчилик болушу керек. Социалдык адилеттүүлүк деген бардык жактардын, эки адамдын, жаматтардын, этностордун, бийлик менен элдин ортосунда социалдык теңчиликти камсыз кылуу.

Кыргызстандын келечеги менен байлыгы, 2011-жылдын июну
Мамлекет болсо «жалпы кыргызстандыктар» деген концепцияны өнүктүрүп, «мен кыргызстандыкмын», «мен Кыргызстан үчүн иштейм, күйөм", "Кыргызстанды жакшы көрөм" деген көз караш, ишенимдин калыптанышына багыт берүүсү керек.

2010-жылдын июнунда түштүктө болгон улут аралык жаңжалда расмий маалымат боюнча 435 адам набыт, 2 миңден ашуун киши жарадар болгон. Жүздөгөн адамдар өз үй, өлөң төшөгүн таштап сыртка чыгып кеткен. Андан бери 1 жыл өттү...
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG