Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:12

Кыргызстан эл ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов улут аралык жаңжалдарга майда-чоң дебей маани берүү зарыл деп эсептейт.

“Азаттык”: Акыркы он күн ичинде өспүрүмдөр арасында улут аралык өңүттөгү жаңжалдар катталды. Муну ачыкка чыгарыш керекпи, же коомчулукка жарыя кылбай эле чечкен оңбу? Негизинен акыркы кездеги Маевка, Жаңы-Жер жана Баткендин Андарак айылындагы мушташтардын арты эмнеге алып келиши ыктымал?

Бектемир Мурзубраимов: Мындай мушташтардан белгилүү бир деңгээлде кооптонуу бар деп айтсак болот. Себеби мындай маселелерге кичине же чоң дебей сөзсүз маани бериш керек. Аны жаап-жашыруунун зарылдыгы жок. Жаап-жашырган сайын, болгонун болгондой айтпай, тиешелүү укуктук баа берилип, күнөөлүү адамдар өзүнүн жазасын алмай сайын бул нерселер күчөй берет.

Кыргызстан эл ассамблеясы дагы бул маселелерге кайдыгер карабайт. Ассамблея коомдук уюм болгон менен Кыргызстандагы жашаган бардык улуттардын биримдигин сактоо, ошолордо болуп жаткан проблемаларды бийликке жеткирүү, болгонун болгондой, коркпой-үркпөй ачыгын айтып, мындайча айтканда ортодогу байланышты бекемдөө милдети биздин иш-чараларыбызга кирет. Бирок маалымат каражаттарында айрым бир күчөтүүлөр бар деп айтсам да болот. Себеби кичине нерсени көбүртүп-жабыртып, элдин, калктын көңүлүн ашыкча бурган учур болуп жатат. Жакында эле “Вечерний Бишкек” гезитинде белгилүү адамдар ассамблея өзүнүн аппараты менен ушул маселелерге көңүл бурбай жатат. Кавказ улутундагы элдер менен чоң жаңжал болду деп жазып чыгыптыр. Массалык жаңжалга жеткен жери жок.

Мен дагы бийликтен алынган маалыматтарга анча канааттанбай, өзүбүзгө тиешелүү адамдарды эч кимге айтпай-дебей, карапайым калк менен сүйлөшүп, учурашып келгиле деп жибердим. Ошонун жыйынтыгы боюнча бүгүн ассамблеянын курамындагы 30дан ашуун диаспора жетекчилери болуп кеңири жыйын өткөрөбүз. Маевка, Жаңы-Жер жана Баткендин Андарак айылында болгон окуялар туурасында да конкреттүү оюбузду президенттик администрациянын алдындагы Этникалык саясат бөлүмүнө сунуштайбыз. Алар да бул маселени белгилүү бир деңгээлде билиш керек.

“Азаттык”: Кыргызстанда бардык улуттарды бир туунун алдына бириктирчү идеология жок деп айтылып жатат. Бул багытта концепция жазылып чыккан менен калк арасына кеңири тарабай жатат окшойт. Кыргыздардын өзүн ашкере улутчул болбогондой, ошол эле кезде бардык улут өкүлдөрүн Кыргызстан менин өлкөм дегендей бир идеологияга канткенде жетишүү мүмкүн?

Бектемир Мурзубраимов: Улуттар аралык маселе боюнча стратегияны Кыргызстан эл ассамблеясынын 7-курултайында кабыл алынган концепцияга кошумча киригизип, элге кайрадан жеткирүү керек болуп жатат окшойт. Абдан туура, “Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз” эмес, "Кыргызстан менин үйүм, менин мекеним" деген идеологияны бардыгына жеткирүү керек. Бул багытта жапа тырмак эл-журт, коомдук уюм катары биз да аракет кылып, салымыбызды кошушубуз керек болуп турат.

“Азаттык”: Буга чейин ассамблея саясий курал болуп калды деген дооматтар көп айтылып калды эле? Өткөн жылдардагы окуяларда деле байкоочу катары гана четте карап турган деген сындар көп айтылган. Эми улут аралык мамилени жакшыртуу үчүн ассамблеянын конкреттүү пландары барбы?

Бектемир Мурзубраимов: Биз бул маселелер боюнча жаңы жыл алдында диаспора жетекчилери менен чогулуп сүйлөшкөнбүз. Жогоруда айтылган идеологиянын негизинде эл менен тез-тез жолугушууларды өткөрүп, чараларды көрүшүбүз керек. Болуп жаткан окуялар туурасында пикирибизди билдирүү - биздин негизги милдет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG