Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Улуу Памир: Активист бар, ыңкылап жок


Улуу Памирдеги баш айым
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00
Аслыхан Эржан жогорку билим албаса да улуу памирлик кыз-келиндерди уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Түрк өкмөтү айлык төлөбөгөнү менен аны жергиликтүү айымдардын баш өкүлү катары карайт. Советтик доордун алгачкы мезгилиндей, Түркиядагы кыргыздар отурукташкан Улуу Памир айылында бүгүн сабаты жоюлбаган аялдар бар. Алар негизинен Ооганстанда төрөлүп, бул жакка бой жеткенден кийин келгендер. Айылга дарыгер жумасына бир жолу район борбору Эржиштен келип турат. Активисттин айтымында, түрк өкмөтү аялдарга диний билим берген молдо айымдарды жиберет. Ошондой эле түрк молдолор куран түшүргөнү атайын келишет. Бирок Кыргызстандан же Стамбул, Анкара өңдөнгөн кыргызстандык жарандар көп жашаган шаарлардан Улуу Памир элине өз салтын, же укуктарын үйрөтөлү деп эч ким келбейт.

XS
SM
MD
LG