Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

Мургаб ыргактары: Султан Парван


Султан Парванов Бишкектеги студенттик күндөрүнөн сүрөттү кармап отурат. Оңдо өмүрлүк жубайы Шарапат Жайчиева.

Султан Парванов Бишкектеги студенттик күндөрүнөн сүрөттү кармап отурат. Оңдо өмүрлүк жубайы Шарапат Жайчиева.

Кыргызда Султан Палван бар, ал эми Султан Парван да бар экенин көптөр биле бербейт. Бойлуу, кең далылуу жазуучу Султан Раевди эл оозунда Султан Палван дешет. Ал эми Султан Парван Тажикстандагы Мургаб районунда кыргызча жазган көзгө басаар жалгыз журналист.

Тажик өкмөтүнүн райондук "Сары-Кол" гезитинин редактору Султан Парвановдун сырты акталган, терезелери көк сыр менен боелгон үйү Мургабдагы үйлөрдүн көбүндөй, бодуракай адыр тоонун бетиндеги тектирчеде жайгашкан. Ылдыйдагы сызыктай түп-түз жолдо анда-мында эски УАЗ, короздой койкойгон чет элдик жип машиналар көрүнө калат. Кээде гана жаңы ачылган чек ара тараптан каалгып, олчойгон кытайлык жүк ташыгычтар чиркешип, асфальтты майыштыра каалгып өтөт.

Султан Парвандын Памир тоолорунун койнунда 3 жарым миң метр бийиктикте жайгашкан Мургабдагы элдин татаал жашоосу, талаштуу тил маселеси, тартип коргоочулар арасында кыргыздардын аз экендиги, Султан Парвановдун Кыргызстандагы таанымал кесиптештери тууралуу сүйлөштүк. Парванов мамлекеттик гезитте иштеп, анын үстүнө улуттар аралык мамиле татаал маселе болгондуктан, кабарчы менин суроолорума этияттык менен жооп берип жатты.



Алды менен маектешибиз биринчи саны Улуу Ата Мекендик согуштун алдында жарык көргөн "Сары-Кол" гезитинин ишине токтолду.

Султан Парманов: Гезит 1939-жылдан бери, жетимиш жылдан ашуун Мургаб элин маалымат менен камсыз кылып келаткан жападан жалгыз кыргыз тилиндеги маалымат каражаты болуп эсептелет. Тажикстандагы кыргыз тилдүү гезиттин жападан жалгызы десек да болот. 1939-жылдан бери Мургаб районунун жалпы тарыхын, маданиятын, экономикасын, жалпы эле элдердин жашоо-турмушун мүмкүнчүлүгүбүз болушунча чагылдырып келе жатабыз. Бул гезит райондук партия комитетинин органдары тарабынан уюштурулган. Алгач "Памир” деген ат менен латын тамгасында чыккан, кийин “Сталинчи”, анан “Мургаб коммунист” деп аталган, СССР тарагандан бери “Сары-Кол” деп аталат. Мургаб эли жашаган жалпы өрөөндүн атын "Сары-Кол" деп аташат, гезит ошонун атына коюлган. Азыркы убакта бир айда бир жолу чыгып жатат.

Жаңыл Жусупжан: Гезит төрт миң кишиге сегиз жүз нуска менен айына бир жолу чыгат экен, Мургабда маалымат ошончо азбы же ошол жетиштүүбү?

Султан Парванов жаш кезинде, аманат сүрөт

Султан Парванов жаш кезинде, аманат сүрөт

Султан Парманов: Маалыматты топтосок аябай көп, бирок мүмкүнчүлүгүбүз жок, каражатыбыз аз, кээде электр энергиясы жетишпейт. Биз гезитти алгачкы жолу кайра калыбына келтирип оңдогонубузда, Ош шаарында чыгарып жүрдүк. Азыр Хорог шаарында (Мургаб жайгашкан Тоолуу Бадахшан автоном областынын борбору) офсеттик ыкма менен чыгарабыз.
Ошолордун бардыгына алыс жол басып, бирден көтөрүп чыгарып келишке туура келет. Мен жалгыз иштейм, журналистика кесибин аркалаган адамдар азыр аз.
Гезитте өзүм редактор, корректор, корреспондент, фотокорреспондентмин..

Мен өзүм редактор, корректор, корреспондент, фотокорреспондентмин, бардыгын өзүм аткарам, ошого карабастан райондун азыркы күндөгү жашоосун, экономикасын мүмкүнчүлүгүбүз болушунча чагылдырганга аракет кылып жатабыз.

Жаңыл Жусупжан: Мургабда кыргыз тилинде радио, телеканал жок экен. Ошондо мргабчылар маалыматка суусап турат деп айтсак болобу?

Султан Парманов: Тажикистандын өзүндө жок. Кыргыз тилиндеги радио, телеканалы жок деп айтышка болбойт, анткени спутник антенналар аркылуу биринчи каналды (Кыргызстандын коомдук сыналгысы) көрүшөт, радио байланыштар бар, тоодо башка жактарда да угушат, "Азаттыкты" көбү кызыгып угуп турушат.

Жаңыл Жусупжан: 1990-жылдары Мургаб тууралуу “ Элимдин көрөңгөсү” деген документалдуу тасма чыккан, ошондон бери турмуш кандай өзгөрдү? Бүгүнкү күндөгү жашоо кандай?

Султан Парманов: Ал тасманы кыргыздын эң көрүнүктүү режиссеру Дооронбек Садырбаев СССР жаңы кыйрап, аягына жетип калган кезинде тарткан. Бул тасмада Мургаб элинин салты, кол өнөрчүлүгү мүмкүн болушунча чагылдырылган. Тасманы “Элимдин көрөңгөсү” деп туура атап койгон. Себеби Кыргызстанда жана башка жактарда илгертен болуп келген салт-санаалар сакталып калган. Андан бери жолдор, көпүрөлөр бузулду, СССР кыйрагандан кийин бардык жерлерде көп нерсе кыйрап жоголду.
Мургабда бир катар жылдар бою элдер ун таппай калган күндөрү болгон.

Союз кыйрагандан кийин көптөгөн кыйынчылыктар болду, элдер экономикалык кыйынчылыктарга кабылышып, ошого байланыштуу көптөрү Кыргызстанга көчүп кетишти. Анын үстүнө Тажикстанда беш жыл согуш болду. Ал согуш Мургаб тарапка көп таасир берген жок, бирок экономикалык кыйынчылыктар көп болду. Бул жер алыс турат. Ошол кезде мургабдагылардын көпчүлүгү Чүй областына, Жалал-Абад, Ош областарына көчүп кетишти, бирок мурдагыдан бир аз өзгөргөнү менен салтты сактап келе жатабыз. 1995-жылдан бери турмуш кичине оңолуп, жакшы болуп калды. Мурда бир катар жылдар бою элдер ун таппай калган күндөрү болгон.

Жаңыл Жусупжан: Азыр болсо ачка калган киши жок. Жаңы курулуштар түшүп атыптыр.

Султан Парванов пионер кезинде, аманат сүрөт

Султан Парванов пионер кезинде, аманат сүрөт

Султан Парманов: Ооба, Тажикстан мамлекетинин жардамынын аркасында жылыштар бар. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Мургабга сегиз- тогуз жолу келип кетти. Кытай менен жол ачылган, Кыргызстан менен байланыштабыз. Мүмкүн болушунча бул жерде жашаган элге жардам берип, пенсиялардын жаш мөөнөтүн кыскартышкан. Азыр эркектер 53, аялдар 48 жашта пенсияга чыгат, жөлөк пулдарга уруксат берилгендиктен, район өнүгүп жатат. Ошондой эле отун, ун, азык-түлүк жагынан президенттин өзүнүн жардамдары бар, атайын дүкөндөрү ачылып, ундар жеткирилип турат.

Жаңыл Жусупжан: Президенттин атынан мектеп да курулуп атыптыр, Манас атындагы мектеп ошол жака көчөт экен, бирок ошол эле убакта Памирде алтын көп дейт, алтын казылып калса ошондон жергиликтүү элге канчасы түшөт? Мисалы, кытайлар коргошун казып атышыптыр, ошонун канча пайызы жергиликтүү элге калат?


Памирде кен көп, бирок бизге канча пайызы калат, кайсыл жакта казып жатканын жакшы билбейбиз.

Султан Парманов: Памирде кендер көп, изилдене элек нерселер дагы бар, бирок алтын казыла турган же башка маселелер көтөрүлө элек. Бул маселе боюнча чындыгын айтканда бизге канча пайызы калат, кайсыл жакта казып жатканын жакшы билбейбиз, андай маселелр боюнча эч нерсе айта албайм.

Жаңыл Жусупжан: Баш калаа Дүйшөмбүгө чейин бир миң чакырым, бир жарым күндө араң жетсе болот. Мургабда тажиктер өтө аз, алар дагы бадахшандык элдер экен, алар да кыргызча сүйлөйт экен. Ошого карабастан Мургабдын көчөлөрүндө жазуулардын бардыгы тажикче, кыргыздар түшүнбөйт деле экен, бирок мамлекеттик кагаздар баардыгы тажикче болуп калыптыр, качантан бери ушундай болуп калган?

Султан Парманов: Тажикстанда мамлекеттик тил - тажик тили. Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынгандан бери, көрнөк-жарнактар, документтер мамлекеттик тилде жазылат. Албетте, чындыгында (тажикчени) түшүнгөндөрү, түшүнбөгөндөрү бар, көпчүлүгү түшүнбөйт, бирок азыр мектептин программаларына киргизилип, окутулуп жатат. Албетте, биз тилди үйрөнгөнүбүз жакшы, башка тилди билгенде адамдын ой жүгүртүүсү кеңейиши мүмкүн, көп нерселерди окуй алат.
Балдарын тажик мектепке бергендер көбөйүп баратат.

Тажиктердин тили перс тили болгондуктан, жакшы үйрөнүп алса, көп нерселерди окуй алат. Мургаб районунун борборунда тажик тилдүү мектептен бирөө бар, ал мектепке кыргыздар балдарын берип, тажик тилинде окутуп жаткандардын саны көп болуп баратат.

Жаңыл Жусупжан: Мургабда тартип коргоочулар, өкмөттүк кызматкерлер, жооптуу кызматкерлер көпчүлүгү тажиктер деп түшүндүм, кыргыздардын арасында аларга кошулгандай, даярдыгы бар адамдар барбы?

Султан Парманов: Албетте, бул жакта укук коргоо органдары борбордук жактан дайындалат, алардын арасына кошулуп иштеп жаткан кыргыздар дагы бар, бирок аз санда.

Жаңыл Жусупжан: Мисалы таритип коргоочулардан бир да кыргызды көрбөдүм азырынча.

Султан Парманов: Туура, аз санда.

Жаңыл Жусупжан: Алар кыргыздарга басым көргөзөбү же тең эле мамиле кылабы?

Султан Парманов: Азыр тең эле мамилелери бар, кысымчылык же башка нерселер болгон жок.

Жаңыл Жусупжан: Өзүңүз Бишкекте окупсуз, Роза Отунбаева сабак бериптир. Ошол кездеги курсташтарыңыз менен байланышып турасызбы?


Султан Парвановдун өмүрлүк жары Шарапат Жайчиева да Кыргызстанда окуган, аманат сүрөт

Султан Парвановдун өмүрлүк жары Шарапат Жайчиева да Кыргызстанда окуган, аманат сүрөт

Султан Парманов: Мен Кыргыз Мамлекеттик Университетинде бир топ белгилүү журналистер менен чогуу окуганмын. Мисалы, Эсенбай Нурушев, Байма Сутенова, Абибилла Пазылов, Абдиламит Матисаков, Алтын Асанова, Шайлообек Дуйшеев, Кумбек Атаганов деген белгилүү журналистер менен окудум. Султан Раев бизден эки курс төмөн окуган. Менин курсташтарымдын көбү Кыргызстандын белдүү журналистери болуп чыкканына сыймыктанам. Мен алыскы тоонун арасында да журналисттик кесибимди аркалап, жападан жалгыз гезитти чыгарып келе жатабыз. Бул мамлекетик
Мургабда кыргыз тилиндеги жападан жалгыз гезитти чыгарып келе жатам.

админстрациясынын гезити, бирок ошентсе да биз ошону кыргыз тилинде чыгарып, элди маалымат менен камсыз кылып турабыз. Бул гезитке Мургаб районунун жашоочулары өтө жакшы мамиле кылып, улам бир санын качан чыгат деп күтүп турушат.

Жаңыл Жусупжан: Өзүңүз чыгарма жазып, чымыныңыз бар экен. Баш редактор, кабарчы, корреспондент, фотокорреспондент болуп иштесеңиз, чыгармачылыкка убактыңыз калабы?

Султан Парманов: Туура, чындыгында чыгармачылыкка убакыт аз калат, бирок райондун талантуу акын-жазуучуларынын китептерин редакциядан чыгарып бердим. Тойчуев Майрамбек деген жазуучунун китептерин редакцияладым, аны Кыргызстандан чыгардык, ал китептери чыккандан кийин Кыргызстан менен Тажикстан жазуучулар биримдигине мүчө болду. “Сары-Кол легендалары” деген китепти, дагы башка ыр жазып жүргөндөрдүн китептерин чыгардык.

Жаңыл Жусупжан: "Азаттыктын" тажик тилиндеги "Озоди” кызматына бул жакта болуп жаткан фестиваль боюнча интервю бердиңиз, башка убакта да тажик тилиндеги маалымат каражаттарына, кыргыздар жөнүндө маалымат берип турат экенсиз. Ал эми Кыргызстандагы кыргыз тилинде чыгуучу маалымат каражаттарына гезит, журналдарга маалымат бересизби?

Султан Парманов: Көп журналистер менен байланыштамын, мургабдыктардын жашоосу, жасап жаткан иштери боюнча маанилүү маселе болсо маалымат берип турам. Менин көп макалаларым, даярдаган материалдарым Кыргызстандын, айрыкча Ош областынын гезиттерине жарыяланды. Мисалы, Мургабдын акиминин интервьюсу, оогандык кыргыздар жөнүндөгү макалаларым чыккан.

Жаңыл Жусупжан: Бул жакта айлык аз, көп иштерди жазасаңыз деле, айлык өп-чап болсо керек. Кыргызстандан гезит-журналдар сизден маалымат алганда гонорар төлөп беришеби?


Кыргыз гезиттери калем акы төлөбөйт, эмгегимди эл билет.

Султан Парманов: Мен маалыматты гонорар үчүн эмес, жөн эле берем, эч кимден гонорар албай эле маалымат болуп калса берип турам. Мургаб районунда аз эле айыл бар. Ошого карабастан Мургаб районунун эли жок дегенде өзүнүн районунун ичиндеги маалыматтар менен камсыз болуп турсун, экинчиден, газетага чыккан макалалар райондун тарыхында калат деп ойлойм. "Сары-Кол" гезити Тажик Республикасынын президенттик аппаратында, республикалык, областык китепканаларда жана башка көп жерлердин архивдерде жана менин өзүмдүн архивимде сакталат. Бул макалалар кийин бир убакта биздин тарых жөнүндө бир нерселерди айтат болуш керек деп ойлойм.

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстандагы редакторлор эмгегиңизди билбесе да, эл билет экен да?

Султан Парманов: Эл билет, бул жакта мени баары сыйлап турушат.

Жаңыл Жусупжан: Сизге албан ийгиликтерди каалайбыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG