Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Жаңы түзүлгөн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору Накен Касиев “Азаттыкка” маек курду.

- Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча жаңы агенттик түзүлүп, сиз жетекчи болуп дайындалдыңыз. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен улут аралык мамилелерди айкаштыруу зарылдыгы эмнеден чыкты?

- Баарыбызга маалым болгондой, Кыргызстанда калктын 65 пайыздан ашыгы аймактарда, айыл жерлеринде жашайт. Көпчүлүк этностордун өкүлдөрү да дал ушул аймактарда орун-очок алган. Учурда улут аралык мамилеге байланышкан маселелер дал ушул аймактардагы чечилбей келаткан көйгөйлөрдөн улам чыгып жатат. Ошондуктан өкмөт менен Жогорку Кеңеш муну ойлонуштуруп, бир түзүмгө бириктирди. Мен да бири-бирине байланышкан эки тармакты эриш-аркак, бир жүк менен алып кетүү негиздүү деп ойлойм.

- Түштүктөгү кыргыз-өзбек жаңжалына үч жыл болоюн деп калды. Кырдаал жөнгө салынып калды деген менен айрым фактылар дагы эле тынч эмес экенин тастыктайт. Мисалы, милиция кызматкерлери улутуна карап зомбулук кылганы тууралуу айтылып жатат. Сиз түштүктөгү азыркы этнос аралык кырдаалга каандай баа бересиз?

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



- Албетте сыртынан карасак, ушул эки жарым жыл ичинде абал бир топ оңолгонсуп калды. Бирок, чындап караганда, бул терең маселе. Бул маселе жоюлган жок, азыр да бар.

Тилекке каршы 2010-жылдагы улут аралык кагылышууга бир эле эмес, бир нече көйгөй себеп болуп кетти. Мисалы, ошол учурдагы башаламандык, бийликтин жаңыдан алмашышы, бир топ саясий күчтөрдүн ага кийлигишип кетиши, экономикалык маселелер, наркотрафик. Мына ушунун баары биригип, капсалаңдуу окуяга, кайгыга алып келди.

Ушул нерседен сабак алып, муну толук кандуу изилдеш керек. Учурда президенттин көзөмөлү астында улут аралык мамиле боюнча чоң концепция иштелип чыгып жатат. Мына ушул концепция кабыл алынган соң бир катар иштерди аткара баштайбыз. Ал эми учурда улут аралык маселе жок деген пикир - жаңылыштык.

- Сиз жетектеген агенттик улуттар аралык чырларды алдын алуу үчүн кандай чараларды сунуш кылат?

- Мен сизге жогорудагы айткан концепцияда бардык көйгөйлөрдү камтыганга аракет кылып жатабыз. Андан сырткары түштүктөгү жаңжалдан соң коогага негиз болгон себептерди улуттук, эл аралык комиссиялар иликтеп, бир катар сунуштарды бизге берген. Мына сунуштарды караштырып, аткарууга аракет кылабыз. Анын үстүнө өкмөт атынан иш жүргүзө турган агенттик түзүлдү. Бир катар механизмдер пайда болду. Ошондуктан реалдуу иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү десем болот.

- Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле ар кыл концепция, программаларды иштеп чыгып, кабыл алып келатат. Бирок алардын көбү кагазда калып, майнап чыкпайт деген сын айтылып жүрбөйбү...

- Биринчиден, буга чейин аткаруу бийлигинде өз алдынча агенттик жок болчу. Мурда коомдук уюмдар, президенттин алдында бөлүм катары гана иш алпарчу. Бирок такай, ырааттуу иш жүрбөй, балким кагаз жүзүндө калып жүргөн. Биз ырааттуу, системалуу иш алпарабыз.

- Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарда улуттук азчылыктардын өкүлдөрү 9 пайыз, ал эми күч органдарында 5 пайыздын тегерегинде экен. Мындай дисбалансты жооюу мүмкүнбү? Башка улут өкүлдөрү эмне себептен башкаруу органдарына келишпейт – кодулоодонбу же айлыктын аздыгынанбы?

- Кандайдыр бир катыштын негизинде мынча пайыз бул улуттан, тигинче пайыз тигил улуттан деп кызматка коюу туура эмес.

Биринчиден, иштин көзүн таба билген, кесипкөй адамдарды тартышыбыз керек. Учурда мындай муктаждык бизде жаралып жатат.

Экинчиден, сиз белгилегендей, айрым органдардагы кадрдык саясатта улуттар ортосунда акыйкаттык керек. Ошол эле сот органдарында, күч органдарында, прокуратурада башка улуттун өкүлдөрүн карап, татыктууларын сөзсүз түрдө тартышыбыз керек. Себеби биз элибиздин саны аз болсо да, көп улуттуу өлкөбүз. Кадр саясатында алаканга салгандай болуп баары көрүнүп турат. Ошондуктан бул багытта ишти колго алышыбыз зарыл.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG