Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:45

Кыргызстанда жаштардын чыр-чатакка жакын болуп баратканы айтылууда. Акыркы убакта жаштар этностор аралык араздашууларга активдүү аралашып жатат.

Мындан улам адистер жаңжалдарды жөнгө салууда жаштардын ролун жогорулатууну сунушташууда.

"Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук уюмунун изилдөөлөрү боюнча акыркы убакта мектеп окуучулары арасындагы чыр-чатактар көбөйүп баратат. Уюмдун байкоосуна ылайык, мектеп окуучулары арасында жаңжалдар этникалык мүнөзгө өтүп, улут арасындагы араздашууларга өспүрүмдөр активдүү аралашууда.

Аталган уюмдун төрайымы Назгүл Турдубекова мындай көрүнүштүн себебин чыр-чатактарга айыптуу адамдардын жазага тартылбай жатышынан көрүүдө:

- Жер-жерлерде жаштар арасындагы чыр-чатактар жөнөкөй эле мүнөздө болбой, акыркы учурда улуттар арасындагы чыр-чатакка өтүп бара жатат. Бул ушул чыр-чатактарга күнөөлүү адамдардын жазага тартылбай калганынан болууда. Мисалы, бизде чыр-чатакка шыкакчы болгон адамдар көп учурда өз жазасын тартпай, бийлик буга көзүн жумууда. Жаштар болсо "бийлик бизди колдоп жатат, кыла берсек болот турбайбы" дегендей кабыл алышууда. Акыркы эле айларда жаштардын катышуусу менен Маевкада, Жаңы-Жерде, Баткенде чатактар болуп кетти.

Адистердин айтымында, мектеп курагындагы өспүрүмдөр арасында күч колдонуу, бири-бирине орой мамиле жасоо кадырэсе көрүнүшкө айланды. Мектептерде рекэтчилик тамырын кенен жайып, андан жабыркагандар арбын болууда.

Окуучулар арасындагы чатактардын айынан өз жанын кыйгандардын да саны арбыган. Адистер мындай кырдаалдын жаралышына жаштар арасындагы келечекке ишенимдин жоктугу, криминалдын таасиринин күч болушу, социалдык көйгөйлөр менен катар билим берүү системасындагы мүчүлүштүктөрдү себеп катары көрүп жатышат.

Конфликтолог Сергей Масаулов жаштардын жаңжалдарга жакын болушу алардын келечекке ишениминин аз болгону менен байланыштырууда:

- Азыр Бишкектеги мектептердеги окуучуларга сурамжылоо жүргүзсөңүз алардын арасынан ар бир экинчи окуучу мектепте берилген сабактар кызыксыз экенин айтышат. Дегеле окуучуларды айланасындагы болуп жаткан окуялар кызыктырбай калды. Алар өздөрүнө жаккан жаңы нерсени издеп жатышат. Бирок аны табуу оңой эмес. Негизинен жаштарды кайсы бир максатка багыттап, колдонсо болот. Ошондуктан саясатчылар аларды колдонуп жатышпайбы. Бирок азыр жаштарды алар үчүн пайдасы боло турган нерселерге колдонуу зарыл эле. Ошондо гана алар өздөрүнүн белгилүү бир ролун ойной алышы мүмкүн.

Мындан улам адистер чыр-чатактарды жөнгө салуудагы жаштардын ролун жогорулатууну сунушташууда. Бул үчүн Коомдук саясат институтунда жигердүү жаштардын башын кошуп, аларга ар кандай араздашуунун жөнгө салуунун жол-жобосу үйрөтүлүүдө.

Чоң иштер майдадан башталат

Жаштар арасындагы чыр-чатактарды жайгарууну үйрөнүп жаткандардын бири - Зугробжон Эргашев. Зугробжон жакында эле кыргыз жана тажик жаштары ортосунда чатак орун алган Баткендеги Андарак айылынын тургуну. Ал Андарактагы окуяны көргөн соң жаштардын ар кандай чагымчылыкка өтө тез алданаарына көзү жеткенин айтууда. “Андарактагыдай окуянын кайталанбашы үчүн жаңжалдар эмнеге алып келээрин эртелеп түшүндүрүү керек”, - дейт Зугробжон:

- Биз баарыбыз кыргызстандыкпыз. Мына ушул идеяны улутубузга карабай туу тутуп жашашыбыз зарыл. Бала бакчадан, мектептен тартып мына ушул идеяны жайылтуу зарыл деп ойлойм.

Мен мектепте иштейм. Мектептеги балдардын психологиясын жакшы түшүнөм. Алардын психологиясы башкача болуп баратат. Ошондуктан мектепте мугалимдер, мамлекеттик органдар, ата-энелер бирге иштешип, балдарды жакшы жол менен тарбияласа, ар кандай чыр-чатактарды алдын алууга шарт түзүлмөк.


Ал эми Сүлүктү шаарчасынан келген Сергейдин пикири боюнча, акыркы учурда Кыргызстанда жашаган адамдар арасында сабырдуу мамиле азайып баратат. Мунун баары адамдар ортосунда эле эмес, улуттар арасындагы да мамилеге терс таасирин тийгизип жатат. Сергей мамилени оңдоо үчүн адамдар анча элес албаган майда иштерден башташ керек деген ойдо:

- Азыр улуттардын ортосунда чыдамкайлык жоктой туюлат. Ошондуктан сабырдуулук, толеранттуулукка чакырган тренингдерди көбүрөөк өткөрүү керек деп ойлойм. Муну менен катар ишти биз үчүн майда-барат сезилген нерселерден баштоо керек. Мисалы, борбордо кандай экенин билбейм, бирок аймактардагы шаарларда балдардын бирге ойной турган аянтчалары жок. Ошолорду куруу керек. Себеби ошол жерде ар улуттун жаштары ойноп, пикир алмашып, ынтымагы бекемделмек.

Маалыматтар боюнча, Кыргызстанды 80ден ашык улут байырлайт. Акыркы жылдары өлкөдө улут аралык жаңжалдардын улам артып баратканы байкалууда.

2005-жылдан бери Чүйдө бир нече жолду кагылыштар катталган. Ал эми 2010-жылы июнда кыргыз-өзбек улут өкүлдөрүнүн кагылышы 400дөн ашык адамдын өлүмүнө алып келген.

Жакында эле Бишкек тегерегиндеги Маевка, Жаңы-Жер, Баткендеги Андарак айылында этностук негиздеги жаңжалдар катталган. Расмий органдар өлкөдө этностук кастыкка түрткү болчу чыр-чатактардын жүздөн ашуун очогу бар экенин айтып келишет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG