Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

Мургабдык кыргыздар жер-суу аттарынын өзгөрүшүнө нааразы


Мургабдык кыргыздар ат чабышта, 2009-жылдын 19-июлу.

Мургабдык кыргыздар ат чабышта, 2009-жылдын 19-июлу.

Тажикстандын кыргыздар жыш жайгашкан Жерге-Тал жана Мургаб райондорунун тургундары этникалык укуктары басмырлангандыгына даттанууда.

Этникалык кыргыздар айрыкча тарыхый жер-суу аттарынын аталышы зордук менен тажикчеленип жаткандыгына нааразы. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кошуна өлкөнүн ички ишине кийлигише албай тургандыгын айтып, алакан жайды.


Жер-суу аттарын тажиктештирүү


Бул айылдарда жалаң кыргыздар турушат. Зордук менен эле ушинтип өзгөртө берген туурабы? Алар кыргыздар көчүп кетсин, же болбосо күч менен тажиктештиребиз деген маанайда иштеп жатышат...
Али Асиров

Тажикстандын Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда 2009-жылкы эл каттоо боюнча элүү алты миңден ашуун кыргыз жашайт. Токсонунчу жылдардын башында этникалык кыргыздардын саны мындагы Кара-Тегин өрөөнүндө сексен миңдин айланасында болгон. Тажикстандагы жарандык согуш учурунда алардын кайсы бир бөлүгү Кыргызстандан баш калка издеп келишкен. Ал жакта калышкан жергиликтүү тургундар кийинки эки жылда кыргыз тилиндеги тарыхый жер-суу аттарын тажикчеге өткөрүү күч менен жүргүзүлүп жатканына нааразы.

Жергеталдык тарых мугалими Али Асиров буга бир катар мисалдарды келтирди:

- Мисалы менин туулган Кашат деген кыргызча аталыштагы айылды Сарипул деп которушту. Жайылган деген айылды болсо Чорсу, Ачык-Алма деген кыштакты болсо Севзипед деп атап алышты. Кара-Сай деген жерди Бахор дешип жаңы жазууларды айылдардын кире бериштерине илип койушту. Аларды жергиликтүү эл каалабай алып салышып, кайрадан мурдагы кыргызча аталыштагы такталарын алып келип илип койушса, милиция куугунтуктап жатат. Бул айылдарда жалаң кыргыздар турушат. Зордук менен эле ушинтип өзгөртө берген туурабы? Алар кыргыздар көчүп кетсин, же болбосо күч менен тажиктештиребиз деген маанайда иштеп жатышат.

Жер-суу аттарын тажик тилине которуу жана иш-кагаздарын жүргүзүүнү толук мамлекеттик тилге өткөрүүнү памирлик кыргыздар алардын этникалык сезимдерине доо кетирүү катары кабыл алышкан. Муну саясий басым көрсөтүү катары баалашкан жергиликтүү тургундар Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго кайрылып, бирок ага эки жылдан бери жооп алыша элек.


Кыргызстандын өкмөтү үн катпайт

Кыргыздардын тарыхый жер-суу аттарын өзгөртүү менен бул жер силердики эмес, түпкүлүктүү улут тажиктердики дегендей саясий белги болуп жатат да мында. ... Аким Кожоев


Тажикстандык кыргыздардын дагы бир өкүлү Аким Кожоев бул маселеге Кыргызстандын өкмөтү дагы кош көңүл болуп жаткандыгына токтолду:

- Кыргыздардын тарыхый жер-суу аттарын өзгөртүү менен бул жер силердики эмес, түпкүлүктүү улут тажиктердики дегендей саясий белги болуп жатат да мында. Мектептердеги кыргызча жазылган көрнөктөрдүн бардыгы алынып салынды. Иш-кагаздары болсо жалаң тажик тилине өткөрүлдү. Тажик тилин билбесең эч жерге иштей албайсың. Кыргызстандын бийлиги буга көңүл бурбаса мунун аягы эмне болоорун билбейм. Кыргыздар ал жерде жашаш керекпи, же бардыгы көчүп кетиш керекпи деген эле маселе койулуп калды. Кыргызстандын өкмөтү муңубузга көңүл бурбастан биз учурда тагдырдын өгөй балдарына айландык.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги муну Тажикстандын ички иши катары карап, ага кийлигишүүгө эл аралык эрежелер жол бербей тургандыгын эскертет. Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асеин Исаев бул маселе боюнча расмий Дүйшөмбүгө дипломатиялык нота жөнөтүүгө негиз жок деп эсептейт:

- Эл аралык эреже бар да. Биз мына ошол эрежелерди катуу карманышыбыз керек. Ал деген башка мамлекет. Ал жакта жашашкан кыргыздар мына ошол Тажикстандын жарандары. А биз кантип Тажикстанга “андай эмес, мындай, бул саясатыңарды мындай кылгыла” деп талап койо алабыз. Албетте биз акырын туура эмес болуп жатса ошол жагын оңдоп койсоңор болот эле дегендей өтүнүп көрөбүз. Анан аларга биз түздөн-түз бир нерсе дегенге акыбыз жок.

Ошол эле учурда Тажикстандын Кыргызстандагы элчилиги ал жактагы этникалык кыргыздардын укугу бузулуп жатат деген маалыматты четке кагып, муну аягына чейин иликтеп көрүшөөрүн убада кылды.


Кыргызстандагы тажик тектүү жарандарга мамиле


Кыргызстанда этникалык тажиктер жашаган Ала-Букадагы Гулистан, Жойи билант, Шакафтар айылдарынын тажикче аталыштары сакталып калган.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда элүү миңге жакын тажик туугандарыбыз бар. Биз өзүбүздүн үрп-адат, каада-салтыбызды, тилибизди унутпай, улам өнүктүрүп турганга толук мүмкүнчүлүктөр бар...
Равшан Сабиров


Ал ортодо Кыргызстандагы тажиктердин этникалык укугунун мамлекет тарабынан корголушун канаатандырарлык деп баалагандар арбын. Жогорку Кеңештин тажик тектүү депутаты Равшан Сабиров Кыргызстандагы тажиктердин өнүгүп-өсүшүнө тоскоолдук жок деп эсептейт:

- Бизде алты тажик мектеби бар. Андан сырткары 4 мектепте тажик класстары ачылган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда элүү миңге жакын тажик туугандарыбыз бар. Биз өзүбүздүн үрп-адат, каада-салтыбызды, тилибизди унутпай, улам өнүктүрүп турганга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Учурда өлкөдө этникалык абал туруктуу. Ар ким өз турмуш-тиричилиги менен күн өткөрүп жатат.

Тажикстандагы этникалык кыргыздардын маселеси быйыл жазда да көтөрүлүп, бирок ага тажик өкмөтү кескин чара көрө тургандыгын “Азаттыктын” тажик кызматына билдирген болчу. Тажикстандык кыргыздардын өкүлдөрү маселе жеринде чечилбесе өздөрүнүн укугун коргоп Бириккен Улуттар уюмуна чейин кайрылыша тургандыктарын эскертишти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG