Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Файзидин Нуриддинов жергеталдык мугалим, Кыргызстанга келгенине 20 жылга чукулдап калды. Балдарын дыйканчылык менен багып келатат.

Баш калаа Бишкектен кырк чакырымдай аралыктагы бул айылда көп тамдар эми түшкөн өңдүү. Жолу таштак. Аркы беттеги бакчада кейпи айылдык мугалимге окшогон киши кызыл-тазыл калемпирдин түшүмүн жыйнап жатты. Жанында эки өспүрүм кыз, бала жардамдашып жүрөт. Жаңы-Жер айылындагы үйдүн ээсинен иш илгери болсун деп алик алдык.

Жаңыл Жусупжан: Комбайныңыз барбы?

Файзидин Нуриддинов: Комбайным жок. Азыр андай техникага жетише элекпиз. Келечекте Кудай буюрса болуп калат. Азырынча кол иш кылып жашап жатабыз.

Файзидин Нуриддиновдун үстүндө кийгени - оңгон эски костюм, башында ак калпак, эчки сакалын эми ак аралай баштаган. Жерге-Талда калтырып келе берген бак-шактуу үйүнөн өрүктөн ооз тийгенимди айтканымда муңдуу көздөрүнөн өкүттүү кубанычтын жылдызы жана түшкөндөй сезилди.

Жаңыл Жусупжан: Жерге-Талда мен түшүнгөндөн картошка менен эле алма,өрүк өсөт экен. Сиздин өрүгүңүздөн жедик.

Файзидин Нуриддинов: Ошол бактардын баарысын өзүм тигип, өстүргөм. Картошка айдап, алма, өрүк бактарды өстүрөт элем. Көбүнчө алма бактарды көбүрөөк тигет элек. Себеби, базарда алма өтүмдүү болгондуктан ошолорду сатып, тиричилик кылат элек.

Файзидиндин атасы ардагер мугалим болгон. Көп жылдар мектептин директору, парторг болуп иштеген. Азыр Жерге-Талда кичүү уулунун колунда калган. Өзүнүн алты баласынын улуусу Нооруздан башкасы бүт Кыргызстанга көчүп келген, күйөө баласы Бишкектеги Гуманитардык университетте сабак берет, Нарындан келин алган, бир уулу жогорку билимдүү молдо. Тажикстанда ички согуштун оту күйүп турганда Кыргызстанды караан тутуп, бүт жыйнап тергенин, салган үйүн таштап, Чүйгө келип алган. Ал кезде балдары чиедей жаш эле, өзү көк сакал, күчкө толуп турган кези болчу. Андан бери жубайы кайтыш болуп кетти. Кайра эле жергеталдык зайыпка үйлөнүп, азыр Нооруздун биринчи аялынан калган эки баласын багат.

Жаңы-Жер айылында жергеталдыктар бири-бирине караан болуп, жармакташып жашашат. Өз келини тажик болсо да, кээде аша чаап, жердештерине "эй, кыргызча сүйлөгүлө" деп кыр көрсөтүп калаарын танбайт. Өз кесиби боюнча иш таба алган жок. Берекелүү Чүй боорунан жер да тийбей, азыр жер үлүшүн ижарага алып иштетет. Кыйналса да эгемен кыргыз мамлекетинде коркок билиш болбой жашап жатканына ыраазы экендигин айтып түгөтө албай жатты.

Файзидин Нуриддинов: Мен өзүм 1954-жылы Тажикстандын Жерге-Тал районунун Жерге-Тал кыштагында төрөлгөнмүн. Онунчу классты кыргыз мектепте түгөтүп, орто мектеп түгөнгөндөн кийин Дүйшөмбү шаарындагы Педагогикалык институттун индустриалдык педогогика факультетин түгөттүм. Бир канча жыл мектепте эмгек мугалими болуп иштедим. Кийинчерээк 10 жылга жакын завуч, окутуучу болуп эмгектендим. 1996-жылы биз да башкалар менен бирге, башка журтташтарыбыз сыяктуу көч байлап, эл менен чогуу Кыргызстанга көчүп келдик. Өкмөт биринчилерден болуп, туугандар, жакын-санаалаштар жардам беришти. Быйыл Жаңы-Жер айылында жашап жатканыбызга он үч жыл болот. Кыргызстандын жарандыгын алдык. Балдарыбыз кыргыз мектепте окуп жатышат. Чоң балдарым болсо жогорку окуу жайларында окушту. Жашоо-шартыбыз болсо талаачылык, дыйканчылык кылабыз. Картошка, капуста, калемпир өстүрөбүз жана мал багабыз. Ушундай кылып тиричилик кылып жатабыз.

Жаңыл Жусупжан: Жерге-Талда жер аз дейт. Ал жакта кандай чарбачылык кылдыңыздар?

Файзидин Нуриддинов: Жерге-Тал тоолуу жер болгондуктан, мугалим болуп иштегенден сырткары мал да багат элем. Бир аз жер болсо картошка отургузат элек, бакчылык кылат элек. Мөмө-жемиштерди базарга алып чыгып сатып, мал багып, эт чыгарып тиричилик кылат элек.

Жаңыл Жусупжан: Сиздин келиниңиз - Нооруздун келинчеги тажик улутунун кызы экен. Алардын балдары кыргызчаны түшүнбөйт экен, келинчеги түшүнбөйт экен. Ошондон кыйналбайсыздарбы? Кыргыз балдар тажик кыздарга үйлөнгөн, же кыргыз кыздары тажик балдарга турмушка чыккан учурлар көп экен. Эки элдин ортосундагы мамиле жөнүндө айтып берсеңиз.

Файзидин Нуриддинов: Эки элдин ортосундагы мамилени айта турган болсок эки эл кылымдар бою достошуп келген. Мисалы, Каныкей апабыздан бери.

Биз кыргыз улуту тажик улутуна, тажик улуту кыргыз улутуна кыз чыгарып, келин алып жашап келдик. Жерге-Тал айылында достук жакшы жолдо бири-бири менен достошот, тууганчылык болот. Бизде эч убакта бири-бирин кемсинтишкен эмес. Менин келиним тажик болсо келечекте көзүм жетип атат Кыргызстанга келгиче өзү, балдары кыргыз тилин өздөштүрүшөт. Келечекте неберелерим кыргыз мектепте окуп калышат. Азыр чоң баласы алтынчы, кызы төртүнчү класста, экөө тең кыргыз класста окуп жатышат.

Жаңыл Жусупжан: Ал жакта Нооруз деле, башкалар деле Жерге-Талдан кетип калабыз дешет. Ошого болбой эле байланып кайра барышат. Мисалы, Ноорузга окшоп аялы тажик болсо алардын туугандары ошол жакта болуп кыйналышат. Ал жакта болсо бул жакты, бул жакта болсо ал жакты сагынышат дегендей. Сиз балдарыңыз чайналып калды деп ойлобойсузбу? Мисалы, сиздин үйүңүздү көрдүм, нан жапкан тандырыңыздан бери бош, кароосуз калган.

Файзидин Нуриддинов: Алланын буйругу менен биз бир жерден экинчи жерге которулдук. Бизге окшогон миллиондогон эл көчүп жүрүшөт. Биздин улуттун мекени бар экенине Кудайга шүгүр дейбиз. Сыймыктанабыз.

Жаңыл Жусупжан: Үйдү, балачагыңыз өткөн жерлерди сагынасызбы?

Файзидин Нуриддинов: Бардык инсан туулуп-өскөн жерин сагынат. Мисалы, киндик кан тамган, туулуп-өскөн жер айтпаса да белгилүү. Биз бул жерге келип көндүк. Чүй боорунда жашап жатабыз. Жашообуз жакшы.

Жаңыл Жусупжан: Кандай каалоо-тилегиңиз бар. Мисалы, бул айылда Жерге-Талдан келген жердештериңиз бар экен, кыргыздар, тажиктер аралаш дегендей. Аларга кандай жеңилдиктер, колдоо керек деп ойлойсуз?

Файзидин Нуриддинов: Өкмөт бизге колунан келишинче жардам берип жатат. Жер үлүшүбүз гана жок башкасы эмгектенип, тиричилик кылып жатабыз. Жер үлүш жок болгондуктан ижарага алып иштейбиз.

Жаңыл Жусупжан: Силер Кыргызстандын жараны болгондон кийин силерге эмне үчүн үлүш жер берилбейт?

Файзидин Нуриддинов: Биз үлүш жерлер бөлүнүп бүткөндөн кийин келгенбиз. Бөлүнө электе келгенибизде биз да ээ болот элек. Азыр жерлер такыр бөлүнүп бүткөн.

Жаңыл Жусупжан: Сиз айтып жатасыз ар бир улут өзүнүн элинде жашоосу керек экен деп. Мисалы, Кыргызстанда он миңдеген тажиктер Кыргызстандын жараны болуп жашап жатышат. Сиздин айтканыңыз боюнча алар кетип калышы керекпи?

Файзидин Нуриддинов: Жок. Кайсы мамлекетти албагын ар бир мамлекетте бир канча улут жашайт. Улуттар ортосундагы ынтымак мамлекетке байланыштуу. Биз башка элдерге караганда жашоо- шартыбыз эл көп болгондуктан бир аз кыйыныраак болуп калды Жерге-Талда. Жер тилкелери бардыгына жетиштүү эмес. Бул жакта балдарды окутканга, жер алып иштеткенге шарттар жакшы. Мекен мекен да!

Жаңыл Жусупжан: Тажикстанды мен барып көрүп келдим. Жерлердин аттарынын баары, сиз кичинекейиңизде жакшы билген жерлерге тажикче аттар коюлуптур. Эгерде сиздин улуу балаңыз ошол жакта калып калса балдары тажикче сүйлөп калса Жерге-Тал деген атын да жоготуп, бөтөн жер болуп калабы? Сиз анын келечегин кандай ойлойсуз?

Файзидин Нуриддинов: Жерге-Тал менин оюмча, эч убакта өзгөрбөйт. Байыркы эски айылдардын бири. Өзгөрүшү да мүмкүн эмес деп ойлойм. Азыркы саясат демократиялык жолдо биз Кудайга миң мертебе шүгүр дейбиз кыргыз улутубузда Мекенибиз бар экенине. Айрым башка бир улуттар Мекени жок зарлап жүрөт. Биз кыргыз болгонубузга сыймыктанабыз. Эгерде биз башка улут болгонубузда бул жакка жол тартпайт элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG