Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:14

Жээнбеков: Экстремисттик аракеттерде өсүш байкалды


Спорт ордосунун жанындагы жардыруудан кийин. Бишкек, 2010-жылдын 30-ноябры.

Спорт ордосунун жанындагы жардыруудан кийин. Бишкек, 2010-жылдын 30-ноябры.

Кыргызстанда соңку тогуз айда эле экстремизмдин белгилери бар 114 факт катталды.

Бул жагдайдын себеп, кесепеттери тууралуу Ички иштер министрлигинин Экстремизм менен күрөшүү боюнча башкармалыгын башчысы Эмил Жээнбеков “Азаттыкка” ой бөлүштү.

- Тогуз ай ичинде Кыргызстанда 100дөн ашык экстремисттик маанайдагы аракеттер катталган экен. Бул аракеттер конкреттүү кайда, кандай жагдайда болуп өткөн?

- Бул 114 факт - жалаң гана диний экстремизм менен байланышкан фактылар. Тагыраак айтканда, экстремисттик мүнөздөгү адабияттарды сактоо, аларды таркатуу, ошондой эле диний кастыкты козготуучу аракеттер аныкталган.

-Бул көрсөткүч буга чейинки жылдарга салыштырмалуу көппү, же азбы?

- 2010-жылдын тогуз айын алып көрсөк, 74 факт катталган. Быйыл өлчөмдүү өсүү байкалууда. Бирок булар укук коргоо органдары тарабынан, өздөрүнүн жеке иш-аракеттеринин негизинде аныкталган фактылар. Мындан тышкары дагы экстремисттик мүнөздөгү кыймыл-аракеттер, кылмыштар болуп келүүдө, бирок биздин жарандарыбыз бул кыймыл-аракеттерден жабырлануучу болгон мезгилде же өздөрү күбө болгон мезгилде ички иштер органдарына, же болбосо, бүтүндөй эле укук коргоо органдарына кайрылбагандыктан, көбүнчөсү көмүскөдө калып кетип жатат.

- Эмне себептен кайрылбайт?

- Бул жерде ар түрдүү себептер бар. Мисалга алсак, бул бир гана диний экстремизм байланышкан эмес, диний карым-катнашта эле эмес, улуттар аралык карым-катыштарда, же болбосо, регионалдык карым-катнаштарда да ушундай экстремисттик мүнөздөгү кыймыл-аракеттер болот. Ошондой эле, биздин кылмыш-жаза мыйзамын карап көрсөк, көптөгөн кылмыштуу аракеттер ушул экстремисттик мотивде, же болбосо экстремисттик максатта жасалган кыймыл-аракеттер. Жарандардын билдирбегендеринин себептери ар түрдүү. Корккону бар, убактымды кетиремби дегени бар жана башка себептер дагы бар.

- Жакында эле диний-экстремисттик маанайда деп айтылган “Хиз-бут-Тахрир” уюмунун аялдар канаты күчтөнүп жатканы тууралуу айтылды. Мындай жагдайга эмне себеп болуп жатат?

- Аялдар канаты мурда да болуп келген. Экстремизмдин тарыхын алып көрсөк, аялдар өзүнчө бир орунга ээ. Аялдар бардык эле коомдо, бардык эле мамлекеттерде өздөрүнүн канаттарын, топторун түзүп келген. Бизде учурда, акыркы аныкталган факттардын ичинде аялдардын кандайдыр бир активдешүүсү байкалды. Бирок бул активдешүү массалык түрдө деп айтуудан алысмын. Бул кандайдыр бир биздин бул багыттагы жасаган иш-аракеттердин натыйжасы деп айтса болот.

- Бишкекте кварталдык милициялардын ишин жакшыртуу боюнча өтүп жаткан конференцияда экстремизм элементтеринин арты террордук чабуулдарга алып келерин айтып, коңгуроо каккандар болуптур. Мындай кооптонууга негиз барбы? Экстремиссик аракеттердин кесепети кандай болушу мүмкүн?

- Экстремизм – бул биринчи кезекте идеология. Ушул идеологияны ишке ашыруу максатында жасалган кыймыл-аракеттер көбүнчө кылмыштуу кыймыл-аракеттер. Бул кылмыштуу кыймыл-аракеттердин кээ бирлери террордук мүнөздөгү кыймыл-аракеттер. Андай жагдайлар болуп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок бүгүнкү күндө биздин өлкөдө, биз жайгашкан Борбордук Азия регионунда терроризмди, же болбосо, экстремизмдин активдешүүсүн алып келүүчү жагдайлардын көбөйгөндүгү байкалып жатат. Ошондуктан, бүгүн укук коргоо органдары болобу, же коомдук бирикмелер болобу бул кубулушка, бул коркунучтарга даяр турушубуз керек.

- АКШ 2014-жылга чейин Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетсе, Борбордук Азияда абал начарлашы мүмкүн дегендер бар. Кыргызстан бул өңдүү масштабдуу маселелерге каршы туруп, аларды чечүүгө чама-чаркы жетеби? Чындап эле абал курчуп кетпейби?

- Ооганстанда болуп жаткан маселелер боюнча Американын базаларынын канчалык даражада коопсуздукту сактагандыгы жөнүндө, албетте, серепчилер ар түрдүү ойлорду айтып келишет. Бирок биз бул базалардын терроризмге каршы күрөшүүдө орду бар деп эсептейбиз. Ал эми азыр биздин региондо - Борбордук Азия, КМШ өлкөлөрүндө коопсуздукту сактоо боюнча ар түрдүү эл аралык уюмдар бар.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG