Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

АКШ жана Европанын интернети хакерлердин чабуулуна кабылды


21-октябрда АКШнын Европадагы бир нече компьютердик тармагына хакердик ири чабуул жасалды. Натыйжада Twitter, Redit, Spotify, Paypal, Netflix жана башка сайттар ачылбай калды.

Негизги бутага Нью-Гемпшир штатында жайгашкан америкалык Dyn компаниясы алынган. Аталган ишкана АКШда интернет кыймылына жооп берет. Жума күнү эртең менен ишкананын серверлерине хакерлер компьютер жана башка электрондук жабдуулардан чабуул коюшкан.

Dyn фирмасынын өкүлү Кайл Йорк хакерлер ыкчам аракет жасашкан. “Биз алар түзгөн көйгөйлөрдү чечерибиз менен, кайра башкасын жаратып жатышты. Бул биз үчүн чоң сабак болду” деди ал.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнесттин маалыматы боюнча, Ички коопсуздук кызматы кырдаалга көз салууда. Бирок азырынча мунун артында ким турганы белгисиз.

XS
SM
MD
LG