Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Казакстанда Сирия боюнча сүйлөшүүлөргө даярдык көрүлүүдө


Астана.
Астана.

Орусия, Түркия жана Ирандын делегациялары Казакстанда Сирия боюнча тынчтык конференциясынын алдында ыктымал кол коюлчу документтерди иштеп чыгуу үчүн жолугушуп жатышат. Президент Башар Асад жана оппозициялык топтор ортосундагы ок атышууну токтотууга салым кошууну көздөгөн сүйлөшүүлөр Астанада 23-январда башталууда. АКШнын атынан жыйынга Казакстандагы элчи Жорж Крол катышаары жекшембиде белгилүү болду. Сирия оппозициясы 50 чакты кишиден турган делегациясын жиберээрин билдирген. "Интерфакс" кабар агенттиги оппозициядагы булактарга таянып маалымдагандай, алар Сирия өкмөттүк делегациясында мурда макулдашылгандай аскерий адамдар эмес, саясатчылар үстөмдүк кылганына нааразы болууда. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөр 24-январда түштөн кийин аяктаары күтүлүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG