Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

ЕККУ: кыр ашырчу кызматташтык


Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунда төрагалык кылган Германиянын тышкы иштер министри 31-мартта Кыргызстанга келди.

Европадагы башкы дипломаттын иш сапарынын негизги максаты эмне, аймактын коопсуздугу, демократияны өнүктүрүү маселелеринде ЕККУнун ролу кандай болушу керек, Кыргызстан менен Европа мамлекеттери ортосундагы мамилелердин абалы кандай, Евразия экономикалык биримдигине мүчө Кыргызстан Европа өлкөлөрү менен экономикалык жаатта кандай кызматташууларды жасай алат, анын келечеги кандай болот ж.б.у.с. суроолорго “Азаттыктын” бүгүнкү “Арай көз, чарай” берүүсүндө жооп издейбиз.

Талкууга эл аралык маселелер боюнча эксперт Абди Жекишов жана ЖИА ишкерлер бирикмесинин мүчөсү Уран Ниязалиев катышты.

“Азаттык”: Абди мырза, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунда төрагалык кылган Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайердин Борбордук Азия мамлекеттерин түрө кыдырган иш сапарынын негизги максаты эмнеде?

Абди Жекишов: Министр Франк-Вальтер Штайнмайер сапарга чыгар алдында интервью бергенде Борбор Азия мамлекеттери Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму үчүн стратегиялык аймак катары эсептей тургандыгын, ошон үчүн кызыкчылыктары чоң экенин айткан. Министр мырза бир эле учурда ЕККУнун төрагасы болгондуктан аймактагы абалды өз көзү менен көрүп, таанышып, жетекчилер менен сүйлөшүп келүү максатын койсо керек. Бул аймакта Америка, Орусия, Кытай сыяктуу эле Германиянын өзүнүн да кызыкчылыгы бар, ал Европадагы таасирдүү, абройлуу мамлекет экенин баарыбыз билебиз.

Биринчиси - бизде өндүрүлүп жаткан айыл чарба азыктарынын сапатын көтөрүү керек, экинчиси - ошол товардын шайкештигин тастыктай турган документтерге жетишүү. Ошондо бизге Европа базары ачылат.
Уран Ниязалиев

“Азаттык”: Борбор Азия аймагынын коопсуздугу үчүн Америка менен Орусияга салыштырганда Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун бул аймакта таасири канчалык деп ойлойсуз?

Абди Жекишов: ЕККУнун өкүлчүлүгү Кыргызстанда 1999-жылы ачылган. Ошондон бери бул уюм республикада көп долбоорлорду ишке ашырып келатат. Демократияны өнүктүрүү, коопсуздук, адам укугун коргоо жаатында өкмөт менен, министрликтер, өкмөттүк эмес уюмдар менен бир топ алгылыктуу иштерди жасоодо. Биздеги көп реформаларга чоң жардам беришти. Алар мактанбайт, аны жар салып отурушпайт. ЕККУ менен кызматташууда Кыргызстан аймакта алдыңкы орунда десек болот. Алар биздин аймакка, анын ичинде Кыргызстанга өз саясатын ырааттуу, келечектүү жүргүзүп келатат деп айтсак болот.

“Азаттык”: Уран мырза, Кыргызстан Европа мамлекеттери менен экономикалык жаатта кызматташууларынын бүгүнкү абалын, деңгээлин кандай мүнөздөсөк болот?

Уран Ниязалиев: Европа биримдигин экономикалык мааниде алганда чоң базар деп атасак болот. Биздин ишкерлер ошол базарга чыгууга аракеттерди жасап келатышат. Ошентсе да Кыргызстан тарап алгылыктуу иш алып бара албай жатабыз, бул жаатта кемчиликтерибиз арбын. Жакында Европа экономикалык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн ВСП+ деген программа кабыл алышты. Мына ошонун негизинде кыргыз ишкерлерине мисалы, экологиялык жактан таза айыл чарба товарларын Европага чыгарууга шарт түзүлөт. Аны ишке ашыруу үчүн өзүбүздө көп жумуштарды жасашыбыз керек. Биринчиси - бизде өндүрүлүп жаткан айыл чарба азыктарынын сапатын көтөрүү керек, экинчиси - ошол товардын шайкештигин тастыктай турган документтерге жетишүү болуп эсептелет. Ошондо бизге Европа базары ачылат. Азырынча алар менен кызматташтыгыбыз, тилекке каршы, биз күткөндөй эмес.

Алар товарларын түз берели деп жатышса, биздикилер тендер өткөрөбүз, анан башка дагы маселелерди айтып жатышат, мурда башка сөз болсо, бүгүн башка маалыматтар кетүүдө. Чехтер менен сүйлөштүк, баары жакшы болот, деп коюп, эки күндөн кийин башка ойлор чыгууда.
Уран Ниязалиев

“Азаттык”: Деги Кыргызстанга Европадан эмне керек, тескерисинче Кыргызстан Европаны эмнеси менен кызыктыра алат? Кайсы тармактарда кызматташууларды өнүктүрсөк болот?

Уран Ниязалиев: Өндүрүштү көтөрүп, экономиканы чыңдайбыз деп жатабыз. Ал үчүн бизге ири алдыда Европанын алдыңкы техникасы, жаңы технологиясы керек...

“Азаттык”: Абди мырза, ЕККУнун негизги миссиясы коопсуздук экенин эске алсак, азыр чыңалып турган кыргыз-өзбек мамилелерин жакшыртууга, чек ара маселелерин чечүүгө бул уюм ортомчулук кылышы мүмкүнбү?

Абди Жекишов: Мүмкүн. Кудай сактасын, кыргыз-өзбек мамилеси чыңалууга эмес, жумшарууга баратат. Эки өлкө ортосундагы маселелерди өкмөттөр, анын тиешелүү органдары өздөрү чечиши керек. Эгер кырдаал татаалдашып, оор акыбалга келе турган болсо ЕККУ өзүнүн милдетин аткарат деп ишенем.

“Азаттык”: Уран мырза, Чехия мамлекети Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу ниетин билдирүүдө. Европанын мамлекеттерин дагы кандай экономикалык ири долбоорлорго кызыктыра алабыз?

Четтен окуп билим алып келген адисттерге жумуш таап бере албаганыбыздан көпчүлүгү келбей калышты. Менин бир таанышым Германиянын коргоо академиясынан бүтүп келип, жумушка орношоюн десе, ал жактагы стипендиясынан эки эсе аз маяна сунуш кылыптыр, кайра кетип калды.
Абди Жекишов

Уран Ниязалиев: Европа мамлекеттери менен көп тармакта иш алып барсак болот. Ошол эле тоо кен тармагы, энергетика, айыл чарба багыты боюнча ж.б. Анан бизде “өзүбүз ошого даярбызбы” деген суроо туулат. Мисалы, чехтер чакан ГЭСтерде иштей турган генераторлорду чыгарышат экен, аларды алып келип, бул жерде иштетсек деген ниеттерин билдиришти. Алар товарларын түз берели деп жатышса, биздикилер тендер өткөрөбүз, анан башка дагы маселелерди айтып жатышат, мурда башка сөз болсо, бүгүн башка маалыматтар кетүүдө. Чехтер менен сүйлөштүк, баары жакшы болот деп коюп, эки күндөн кийин башка ойлор чыгууда. Биздин өкмөттө туруктуулук жок. Инвестиция тартып келиш керек, дейбиз. Өкмөттө туруктуу позиция болсо, экономикада туруктуулук болсо, инвестиция өзү эле келет, издеп убара болуунун кажети жок. Биз аларга шарт түзүп бере албай эле кыйналып жатабыз.

“Азаттык”: Мындан бир топ жыл илгери Европанын бир катар өлкөлөрү Кыргызстандын жаштарынын билим алуусу үчүн гранттык орундарды бөлүп жардам кылышты эле. Азыр ошондой долбоорлор барбы, болсо кандай ишке ашып жатат?

Абди Жекишов: Мен бул жаатта көп иштер жасалып жатканын билем. Европанын башка мамлекеттерин айтып отурбайын, бир эле Германияны алалычы. 2012-жылга чейин Германиядан 850 кыргызстандык окуп келген, жылына алардын 65ине стипендиялар берилген. Негизинен магистратура, аспирантураларда билим алышкан, бир нече тилди билген жаштар. Алар көп адистерди даярдап берип жатышат. Кеп аларды Кыргызстан пайдаланып жатабы, бул чоң суроо. Четтен окуп билим алып келген адисттерге жумуш таап бере албаганыбыздан көпчүлүгү келбей калышты. Менин бир таанышым Германиянын коргоо академиясынан бүтүп келип, жумушка орношоюн десе, ал жактагы стипендиясынан эки эсе аз маяна сунуш кылыптыр, кайра кетип калды. Немистер КГУСТА, Техникалык университетте, Агрардык академияда чоң-чоң долбоорлорду ишке ашырып, адисттерди даярдап жатышат, Германиядан окутуп келүүдө. Биздин өкмөт аларга көңүл бурган жок, канча бала четке барып окуп келди, ким эмне иш кылып жатат эч кимдин иши жок.

XS
SM
MD
LG