Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Президенттик аппарат: Фарид Ниязовдун 13 кыймылсыз мүлкү жок


Фарид Ниязов
Фарид Ниязов

"Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн, 26-сентябрда парламенттин социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовдун мүлкү тууралуу маалымат тараткан. Анда Ниязовдун декларациядагы жылдык кирешеси 800 миң, ал эми аялыныкы 185 миң деп көрсөтүлгөнүн, бирок алардын 13 кыймылсыз мүлкү бар экенин маалымдаган.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү Текебаевдин айткандарын четке какты. Декларация боюнча, Ниязовдун 45 чарчы метрлик батири бардыгын, айыл чарбага багытталган эки жерге ээ экенин "Азаттык" радиосуна кабарлашты.

Жогорку Кеңеш комитети бүгүн Өмүрбек Текебаевдин КТРК боюнча дооматын да карады. Ал боюнча канал жетекчиси Илим Карыпбеков суроолорго жооп берди. Соңунда эл өкүлдөрү бул жаатта тийиштүү чечим кабыл алууну телеканалдын байкоочу кеңешине тапшырды. Бүгүн Текебаев журналисттер үчүн тур уюштуруп, өзүнүн үйлөрүн, кеңсесин көрсөтүп чыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG