Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Златкин: Германия чемпион болушу мүмкүн


8-июнда Польша жана Украинада футбол боюнча Европа чемпионаты башталат. Кыргызстандык футбол күйөрмандары Польшадагы мелдештерге бара алабы?

Баяндамачыбыз Кабыл Макештин мына ушул сыяктуу суроолоруна Польшанын Кыргызстандагы ардактуу консулу Александр Златкин кененирээк жооп берди.

- Александр мырза, мына саналуу сааттардан кийин Польша жана Украина өлкөлөрүндө футболдон Европа чемпионаты башталат эмеспи? Кыргызстандык айрым күйөрмандар мындай футбол майрамына күбө болуп көрө алышабы? Элчилик аркылуу виза алууга жеңилдиктер болобу?

- Быйыл 29-мартта гана Бишкекте Польша мамлекетинин ардактуу консулдугу ачылды. Ошондуктан, Польшада өтө турган футболдон Европа чемпионатына биз аркылуу кыргызстандык күйөрмандар виза алууга жардам бере алабыз. Польшага баруу үчүн Шенген визасын алуу зарыл. Ошондуктан кыргызстандык жарандар Алматы шаарындагы элчиликке барып убара болушпайт. Бишкектеги биздин ардактуу консулдукка кайрылса, керектүү документтерин тапшырса эле, биз Шенген визасын ачып беребиз.

- Чынында азыр Польшага виза алып, футбол чемпионатынын ачылыш аземин же алгачкы беттешүүлөрүн көрүү мүмкүн эмес го дейм. Албетте, футболдук мелдештерди көрүү билеттери эбак сатылып кетсе керек?

- Эгерде Польшадагы мелдештерге интернет аркылуу мурда билет алып койгон күйөрмандар болсо бизге кайрылсын. Документтерин тапшырып, 60 евро төлөсө, Шенген визасын бир жумада ачып беребиз. Европанын футбол чемпионатынын шылтоосу менен Польшага барып, шаарларын кыдырып, мелдештерге күбө болобуз деген кыргызстандыктар үчүн биздин эшик ар дайым ачык.

Алматы шаарындагы биздин элчилик жана Бишкектеги ардактуу консулдук аркылуу Европа чемпионатына барууга виза алган кыргызстандык айрым футбол күйөрмандары да болду.

Ал эми Украинада өтө турган мелдештерди көрүү кыргызстандыктар үчүн абдан ыңгайлуу жана оңой деп ойлойм. Себеби, Украинадагы мелдештерге барууга Польшадагыдай Шенген визасын алуу зарыл эмес.

- Польша командаларды жана футбол күйөрмандарын кабыл алууга даярбы?

- Албетте, даяр. Польша мамлекети Европанын футбол чемпионатын өткөрүү талаптарын толук аткарды. Эл аралык футбол федерациясы жана Европа футбол биримдиги койгон милдеттерин так аткарып койду. Учурда дүйнө жүзүнүн күйөрмандарын кабыл алып жатат. Стадиондор, мейманканалар баары даяр. Күйөрмандардын коопсуздугун сактоо, аларга ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө маани берилүүдө.

Украина өлкөсүнүн да чемпионатты өткөрүүгө камылгасы шайма-шай десем болот. Спортту саясатка аралаштырган болбойт. Европанын айрым өлкөлөрү Украинадагы мелдештерге баруудан баш тартаарын айтып, жарым-жартылай бойкот жарыялап жиберген жагдайлар да болду. Чынында спорт саясаттан тышкары болуп келген. Кандай гана пикирлер айтылбасын, Польша жана Украинадагы Европа чемпионаты жогору деңгээлде өтөт деп ишенем.

- Консул мырза, сиз кайсыл команданын күйөрманысыз? Быйылкы Европа чемпионатында кайсы өлкөнүн жылдызы жанышы мүмкүн?

- Бул суроого жооп так берүү мен үчүн кыйынга турчудай. Чынында мен Польшанын Кыргызстандагы ардактуу консулу болгондуктан, сөзсүз Польшанын тандалма командасына күйөрман болом да. Мен өзүм Кыргызстанда туулуп, өскөм. Бишкекте жашайм. Биз совет доорунда Орусиянын командасына күйөрман болуп келгенбиз. Азыр деле Орусиянын командасына кайдыгер боло албайбыз.

Ошондуктан орусиялыктар ойногондо аларга, поляктар ойноп жатканда Польша командасын сүрөөнгө алып турабыз да. Бирок чынында эле эки команда мыкты ийгилик жаратып, финалга чыгат деген ишеним, үмүт аз. Футболдо күтүлбөгөн жагдайлар болуп кетиши да ыктымал, аны да эстен чыгарбаш керек.

- Сиздин божомолуңуз боюнча, быйыл Европа чемпионатында кимдер финалга чыгышы мүмкүн, кимдер чемпион болушу ыктымал?

- Поляктарда бир жакшы тамаша айтып калышат. Биз поляктар жана украиналыктар Европа чемпионатын кабыл алып жаткандан кийин мыкты ойнойбуз. Бирок германиялыктар бизден мыкты ойнойт, деп тамашаны чындыкка жараша айтып жүрүшөт. Мен дагы быйыл Германия командасы Европа чемпиону болот го деп турам. Себеби алардын шансы жогору, даярдыгы дурус
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG