Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында добуш берүүлөрдүн жүрүшү боюнча маалыматтар түшкү саат бирден бери жаңыланбай турат. Анын себебин БКШ мүчөсү Алмаз Асаналиев “Азаттыкка” түшүндүрүп, мурдатан пландалган эреже экенин билдирди:
- Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү такташып, эртең менен саат 10до, саат 13:00дө, кечки саат 17:00дө жана 20:00дө маалымат жарыялайлы деп сүйлөшкөнбүз. Себеби, аймактык шайлоо комиссияларынан маалымат алып, алардын иштешине тоскоолдук кылбайлы дегенбиз.
БШКнын эрежеси боюнча саат 17:00дө маалымат жаңыланышы керек болчу. Бирок дагы эле саат бирдеги сандар өзгөрө элек. Ал эми журналисттерге берилген расмий кабарларга ылайык, кечки саат төрткө карата шайлоочулардын катышуусу 28% түздү.
БШК пайыздык көрсөткүчтөрдү аймактардан телефондон алынган маалыматтардын негизинде чыгарат.
Бүгүн Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат. (SE\EBM)