Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

«Кооптуу өлкөлөргө» барып келген түркмөнстандыктар суракка алынууда


Ашхабад.
Ашхабад.

Түркмөнстан бийлиги Түркия менен Украинага барып келген жарандарын суракка алып, аларды «кооптуу өлкөлөргө» барбоого аракет кыла тургандыктары жөнүндөгү тил кат жазып берүүгө мажбурлап жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук министрлигине жакында эле Түркия менен Украинага барып келген жарандар «аңгемелешүүгө» чакырылып, аталган өлкөлөргө кандай максаттар менен баргандыктары тууралуу маалыматтар талап кылынган.

Андай «аңгемелешүүгө» барып келген жергиликтүү тургундардын биринин айтымында, жарандарга Сирия, Ооганстан, Ирак, Египет, Украина жана Түркия «кооптуу өлкөлөр» экенин айтышкан.

Андан сырткары акыркы кездери чет өлкөлөрдө окуп жүргөн студенттердин ата-энелери, ошондой эле өлкө сыртында иштеген жарандардын туугандары коопсуздук кызматтарына чакырылып, жакындары тууралуу маалымат жана документтерин берүү талаптары коюлуп жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG