Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

БУШ КАЛК АЛДЫНДА АКЫРКЫ ИРЕТ ОТЧЕТ БЕРДИ


Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш кечээ конгресстин кошмо жыйынында өлкөдөгү абал тууралуу баяндап, негизги эки партияны – республикачылар менен демократтарды шайлоочулар үчүн гана араздашып-атаандашпай, жалпы элдин таламдарына да үзүрлүү кызматташа аларын көрсөтүүгө чакырды. Бул Буштун коштошуу кайрылуусу болду. Акыркы жылдары Буштун калк арасындагы кадыры кыйла төмөндөп кетти.

Буш өз сөзүндө ири маанидеги демилгелерди көтөргөн жок. Ички турмуштун, өзгөчө экономиканын проблемалары, кризистен чыгуу үчүн жакында макулдашылган иш-чараларды жүзөгө ашыруу маселелери кайрылуунун өзөгүн түздү. Буш экономика чалкеш абалга туш болгонун моюнга алды. Төрт жылдай аралыкта өлкөдө жумушчу орундар рекорддук арымда көбөйдү, эми болсо бул басык чалыштай баштады, деп айтты Буш. Айлык акылар жогорулады, буга катарлаш азык-түлүк, бензин да кымбаттады. Ошондон улам “ашканада үстөлдө уй мүйүз тартып отура калcа эле жалаң өндүрүш тууралуу кеп кылып, анын келечегине бүшүркөп, бушаймандана башташкан” мекендештерин Буш өлкөнүн экономикасы азыр аксап жатса да жакын аралыкта оожалып өсөрүнө бекем ишендирди.

Буш өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна байланыштуу маселелерди козгоп, америкалык илимпоздор менен ишкерлердин кеменгерлигине ишенич артты жана аларга жаңы муундагы таза технологияларды түзгөнгө мүмкүндүк ачуу үчүн алдыдагы үч жылда атайын фондго эки миллиард доллар каражат бөлүүнү сунуш кылды. Буш мунун баары өлкөнүн кара майга көз карандылыгын азайтат, акыры түбү андан куткарат деп эсептейт.

Буш, арийне, ирак темасын кыйгап өтө алган жок. “Иракта душмандарга олуттуу сокку урулду, бирок алар али жеңилген жок”, - деп айтты Буш. Бу жагынан башкы милдет деп ал өткөн жылы жетишилген ийгиликтерди бекемдөөнү атады жана өкмөттүн Ирактагы стратегиясы үзүрүн берерине бекем ишеничин билдирди. Ооганстанда болсо “ийгиликтерди улантуу керектигин” айтып, “Талибан” менен “Ал-Каиданын” толук талкаланышы АКШнын коопсуздугун бекемдей турганын кошумчалады.

Иран маселесине Буш атайын өзүнчө кайрылып, Тегеранды уран байытканын жана терроризмди колдогонун токтотконго чакырды. Эгер иран лидерлери буга дүйнөлүк коомчулукту ишендирген далилдерди көрсөтө алса, анда Вашингтон сүйлөшүүлөргө даяр экенин ырастап, Буш иран эли менен америкалыктардын карама-каршылыгы жоктугу, бул элдин көөнө жана көрөңгөлүү тарыхы менен маданиятын урматтай турганы тууралуу мурда айткан пикирин дагы бир жолу кайталады.

Дүйнөгө демократияны жайылтуу озуйпасына токтолуп, Буш өрнөк катары Грузия менен Украинаны атап өттү жана Куба,Зимбабве, Белоруссия, Бирма (Мьянма) өңдүү өлкөлөрдө эркиндикти колдоого сөз берди.

Буштун сөзү аяктаган соң демократтардын атынан калкка тосмо кайрылуу менен Канзас штатынын губернатору Кэтлин Сибелиус чыгып сүйлөдү. АКШнын соңку жылдардагы тышкы саясаты, тилекке каршы, союздаштарды жоготуу жана жаңы душмандарды арттыруу менен коштолгонун белгилеп, Сибелиус президентти конгресс менен бирге Америкага өзүнүн мурдагы аброюн кайтарып алганга жана ошону менен бирге өз элин, өз таламдарын коргогонго мүмкүндүк берген чечимдерди кабыл алууга чакырды.

Ак үй үчүн ат салышып жаткан демократ-сенаторлор Хиллари Клинтон менен Барак Обама президент Буштун кайрылуусун куру сөз менен курсак тойдурган кезектеги убада катары баалашып, аны кескин сынга алышты.

XS
SM
MD
LG