Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

ИШЕНБАЙ КАДЫРБЕКОВ КАМАККА АЛЫНДЫ


25-апрелде Кыргызстандын Каржы полициясы Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси, парламенттин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбековду --> http://www.azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2008/04/F138B236-34C0-4E2A-B497-2EDD77E9678F.ASP камакка алды. И.Кадырбеков ушул эле күнкү «Азаттык» үналгысындагы эртең мененки маегинде ага карата бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын белгилеп, бул иштин артында саясий коркутуп-үркүтүү жатканын билдирген. Каржы полициясы И.Кадырбековду камакка алууга эч кандай саясий негиз болбогонун, ага кызматынан кыянат пайдаланганы, табигый кырсыктан жабыркаган аймактардагы мектеп курулулушуна делген бюджеттик акчаларды ысырап пайдалангандыгы үчүн айып тагылып жатканын билдирүүдө.

«Азаттык» үналгысынын таңкы маегинде Ишенбай Кадырбеков Каржы полициясы тарабынан жасалып жаткан аракетти азыркы бийликтин көрсөтмөсү боюнча болуп жатканын ырастап, мындай дейт.

- Жумуштан себепсиз бошоткону аз келгенсип мага карата кылмыш иш козгогонун, Каржы полициясынын мыйзам тартибинде мага билдирбегенин азыркы бийликтин кезектеги саясий ыплас иши деп эсептейм. Мындай куугунтукка алуy, укугумду тебелеп, кордогону, мага жана менин туугандарыма, учурунда чогуу иштешкен айрым кесиптештериме көрсөтүлө баштаган куугунтуктоо өлкөнүн президентине кайчы пикир болгонунан, жакында болуп өткөн Элдик курултайга катышып, анын чечимдерин колдогонуман чыгып олтурат деп эсептейм.

Бирок да андай пикир менен Каржы полициясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Турарбек Масыбаев макул эмес.

- Жок, бул жакта эч кандай саясат жок. Кайдан болсун саясат. Биз саясат боюнча иштебейбиз. Эсеп палатасынын актысы бар. Бүт кылмышынын баарын тактап, кагаздарынын баарын адвокатынын көзүнчө көрсөттүк. 2007-жылдын 17-августунда бүткөн Эсеп палатасынын материалы түшкөндөн кийин иштеп жатабыз. Бул жерде саясаттын эч нерсеси жок.

Оппозиция лидерлеринин бири Ош облусунун мурдагы губернатору Анвар Артыков Ишенбай Кадырбековго коюлуп жаткан айыптын чын-төгүнүн айталбастыгын, бирок да азыркы бийлик тарабынан саясий куугунтук, кысым көрсөтүлүп жатканын ырастады.

- Саясий негизи бар деп эсептейм. Анан кызматынан кыянаттык менен пайдаландыбы бул тууралуу мен бир нерсе деп айталбайм. Анын материалдарын билбейм.

Президенттин пресс-катчысы Нурланбек Шакиев И.Кадырбеков мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигин жетектеп турганда жасаган иштери үчүн жоопкерчиликке тартылып жатканын ырастап, мунун артында эч кандай саясий шек-шыбаа жок экенин билдирди.

- Бул жерде жанагы саясатчылар айтып жаткан саясий заказ жок.

Ишенбай Кадырбековдун саясий иш-аракети кызматтан алынгандан кийин кыйла жанданганын «Ыйык жерди коргоо» комитетинин жетексиси Мукар Чолпонбаев белгилеп, анын камакка алынышына мына ушул жагдай сөзсүз себепкер болду деген пикирде.

- Түрткү болушу мүмкүн. Анткен себеби бая күнкү курултайга келген. Курултайга келгенден кийин мунун артынан түшө баштаган болчу.

Ушундай эле пикирин «Атамекен» социалисттик партиясынын төрага орунбасары Дүйшөн Чотонов да билдирди.

- Ишенбай Кадырбековду бир ай мурда камабай, министр кезинде камабай, бүгүн камап жатканы кандайдыр бир шек туудурат. Себеп дегенде акыркы убакта И.Кадырбеков оппозицияга аралашып, биздин курултайыбызга келип катышып, активдеше баштаган болчу. Ошон үчүн алдын алып: «Мына, И.Кадырбековду камадык, калганыңар көзүңөрдү ачкыла!» деп башка саясатта жүргөн адамдарга көрсөтүп, коркушсун деген мааниде болуп жаткан иш-чарабы деп ойлойм.

Ишенбай Кадырбековду коргоо коомдук комитетинин жетекчиси Асыл Жаманова анын тарапкерлери Көлдөгү жөө жүрүшкө кошула тургандыгын маалымдады.

- Саясий куугунтук деп эсептейбиз. Мынакей эртең Көлдүн карапайым эли жанагы жердин сатылганы боюнча жөө жүрүшкө чыкканы жаткан экен. И.Кадырбековду негизсиз камагандыгы үчүн биз дагы ошол көлдүк туугандарга кошулуп жөө жүрүшкө чыгабыз.

Каржы полициясы кинелеп жаткан белгилүү саясатчы Ишенбай Кадырбеков мурда парламенттеги оппозициянын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болчу. Ал 2005-жылдын 24-мартындагы бийлик алмашуусунан кийин аз убакыт парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы, мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Бираз мезгил Транспорт жана байланыштар министринин милдетин аткаруучу кызматында турган. Эки жылга жакын Архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчилик кызматын аркалап, бирок быйыл жыл башында себеп-жөнү жарыя кылынбай төрагалыктан четтетилген.

Каржы полициясы ага жер титирөөдөн зыян тарткан айылдарга мектеп курууга деп бөлүнгөн акчаларды ысырап кылган, кызматынан кыянат пайдаланган деп кине тагууда.

XS
SM
MD
LG