Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Голан бийиктигин кайтаруу - араб өлкөлөрүнүн башкы талабы


ФКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Жорж Митчелл
ФКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Жорж Митчелл

АКШ президенти Барак Обама мусулман дүйнөсү менен жакшы мамиле курууга дилгир экенин ушу аптада араптардын «ал-Арабия» телеканалына берген интервьюда айтты. Удаа эле региондогу өлкөлөрүнүн лидерлери менен сүйлөшүүгө Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Жорж Митчеллди жөнөттү.

Мамкатчы Хиллари Клинтондун сөзүнчө, Жорж Митчелдин вазийпасы Израил-Палестина автономиясы арасындагы сүйлөшүүлөрдү жандандыруу. Бирок президент Барак Обама Дубайдын «ал-Арабия» телеканалына берген интервьюда, Жакынкы Чыгышта жана башка жерлерде тынчтыкка жетишүүдө бардык оюнчулар менен жакшы мамиледе болуу маанилүү деди:

- Биз үчүн жалгыз Палестин-Израил чатагын ойлоп, Сирия же Иран, же Ливан, же Пакистанда эмне болуп жатканын ойлобой койуу мүмкүн эмес. Мунун баары өз ара байланышкан.

Сириянын президенти Башар Асад 26-январда АКШ менен эч кандай шартсыз сүйлөшүүгө макулдугун билдирди. Буга шилтеген эксперттер Сирияга таянып, узактан келаткан Араб-Израил чатагын басуу мүмкүн деп чыгышты.

Дубайдагы Перс булуңундагы өлкөлөрдү изилдөө борборунун башчысы Мустафа Алани Сириянын региондогу таасирин мындай түшүндүрдү:

- Сирия Ливандагы жана Палестинадагы ири оюнчу. Сириялыктар Голан бийиктигинен улам Израилге нааразы. Ошон үчүн сүйлөшүүдө алардын көйгөйү каралбаса, Сирияга бут тосот.

Израил Сирияны ХАМАСты жана Ливандагы Хизболла кыймылын колдойт деп күнөөлөп, аны ырасмий Дамаск четке каккан. Бирок Сирия Ливанды контролдоп турган жылдары Хизболла түптөлүп, куралды Сирия аркылуу алганы маалым.

Сирия жыл башында Израил ХАМАС контролдогон Газага басып кирген соң Израил менен түз сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн эмес деп эсептейт. Президент Ассаддын айтышынча, 1967-жылкы алты күндүк согушта Израил басып алган Голан дөңсөөсү кайтарылмайын, араб өлкөлөрү менен Израил арасында тынчтык болбойт. Бул жалпы араб өлкөлөрүнүн 2007-жылы эр-Риядда тастыкталган талабы. Бул талапты Палестин лидери Махмуд Аббас бейшемби күнү Батыш Иорданда болгон кездешүүдө АКШ чабарманы Митчеллдин эсине салды.

Араб өлкөлөрүнүн талабын аткарылышы Израилдин бекем союздашы АКШнын жардамысыз мүмкүн эмес экенин араптар танышпайт. Израилдин Обаманын администрациясы сураса эле, арабдардын талабына ынана койору күмөндүү экенин Иерусалимдеги Бар-Илан университетинин талдоочусу Зиф Ханин белгилейт:

- АКШ администрациясы - демократтарбы же республикачылар болобу - Израилди Жакынкы Чыгыш боюнча өзү каалаган нерсени жасата албаганы тарыхтан маалым.

Анын үстүнө, Израил январда Газага чабуу жасагандан кийин, жөөт талдоочусу Ашер Ариан айткандай, израилдиктер тынчтык жөнүндө аз ойлоп калышкан.

Бул жагдайда жана 10-февралда Израилде болчу парламенттик шайлоо алдында жөөт партияларынын бири да арабдардын талабын аткаралы деп чыкпасы анык. Бул андай партия үчүн шайлоочуларды жоготуу болот.

XS
SM
MD
LG