Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Ирактыктар күчтүү борбордук өкмөт жана күчтүү мыйзам үчүн


БУУнын башкатчысы Пан Ги Мун Ирактын президенти Жалал Талабани менен. Багдад, 2009-жылдын 6-февралы.
БУУнын башкатчысы Пан Ги Мун Ирактын президенти Жалал Талабани менен. Багдад, 2009-жылдын 6-февралы.

Жума күнү БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Багдадда ырасмий сапар менен болду. Визит 2003-жылы АКШ башындагы күчтөр Иракка басып киргенден бери тынч өткөн провинциалдык шайлоону эларалык коомчулуктун тааныганын билдирет. 31-январда болгон шайлоонун жыйынтыгы көпчүлүк эл күчтүү борбордук өкмөт жана мыйзамдуулук үчүн добуш бергенин көрсөтүүдө.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мундун жума күнү Багдадга жасаган визити - эл аралык коомчулуктун Ирактагы провинциалдык шайлоону колдоосунун дагы бир белгиси болду. «Мен соңку шайлоонун ийгиликтүү өткөнү менен Улуттар Уюмунун атынан жакшы тилектерди айтканы келдим. Бардык Ирак элин жана өкмөтүн чын жүрөктөн кутуктайм. Мубарак», - деди Пан Ги Мун Багдадда пресс-конференцияда сүйлөп.

Борборшайлооком добуштардын 90 проценти саналганын маалымдады. Анын жыйынтыгы ирактык жана эл аралык байкоочулар тарабынан тастыкталыш керек. Бирок тараптар саясый өнөктүк калыс жана эркин болгонун айтышууда. Араб Лигасынын баш катчсынын орун басары Мухаммад Камлиши да: «Добуш берүүнүн жүрүшүн көргөн Араб Лигасынын өкүлдөрү шайлоо өнөктүгү жакшы уюштурулуп, борборлордо жана сырт жактарда ачык, калыс өткөнүн билдирет», - деп куттуктаган ирактыктарды бейшемби күнү.

Саясый өнөктүк Ирактын 14 провинциясында өтүп, ага шайлоочулардын 51 процентке жакыны катышканы маалымдалган эле. Күрттөрдүн Түндүктөгү жарым автономиялуу үч провинциясында шайлоо өткөрүлбөдү. Этникалык араздашуулар чыгып кетет деген кооптонуудан улам Киркук провинциясында да шайлоо болгон жок.

Алдын ала эсептөөлөр күчтүү борбордук өкмөт түзүүгө чакырган Мыйзамдуу башкаруу альянсы чоң ийгиликке жеткенин көрсөтүүдө. Премьер-министр Нури ал-Малики башындагы альянс Ирактын эки чоң шаарында Багдадда 38 процент, Басрада 37 процент добуш алган. Бул альянстын жеке башкаруусуна мүмкүндүк бербейт. Ошон үчүн Маликинин альянсы Багдадда бийликти ар бири 9 проценттен добушка ээ болгон шииттердин радикал диниятчысы Муктада Садрдын тарапкерлери жана Сунни партиясы менен бөлүшүүгө тийиш.

Маликинин альянсы Басраны Ирактын Ислам Жогорку Кеңеши менен чогуу бийлейт. Ислам Жогорку Кеңеши шайлоодо шиит калктуу мунайга бай Түштүк да Күрт провинцияларындай жарым автономиялуу болсун деген ураан көтөрүп чыккан. Ага карабай Маликинин альянсы Ирактын түштүгүндөгү тогуз провинцияда көпчүлүктүн колдоосун алганы айтылууда. Бул шииттер борбордук өкмөт күчтүү болуусун жактаганын жана диний партиялардын башкаруусун анча ынанбаганын көрсөтөт.

Шайлоого суннилер жапырт чыкканы менен добуш берүү аларда бир күчтүү партия, же лидер жок экенин айкын кылууда. Алар төрт жыл мурда провинциалдык шайлоого бойкот жарыялап, катышкан эмес болчу.

Премьер-министр Малики сунни саясатчыларынын жаңы толкуну менен тил табыша алса, бул өлкөнү бириктирүүгө жакшы өбөлгө болору калетсиз. Шайлоо арабдар жана күрттөр аралаш жашаган аймактар борбордук өкмөт үчүн чоң баш оору экенин да көрсөттү. Алсак Ниневе провинциясында арабдардын «ал- Хадба» партиясы 48 процент добуш алып, күрт азчылыгын бийликтен сүрдү. Жарым автономиялуу күрттөрдүн аймагы бийликти борбордук өкмөт менен бөлүшүүгө көнөбү? Бул да чоң суроо.

XS
SM
MD
LG