Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

И. Кадырбеков президенттин милдетин жарым күн кантип аткарган?


Азыр кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталып жаткан Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбеков мындан төрт жыл мурдагы март ыңкылабынан кийин бир канча саат өлкө башчысынын милдетин аткарып калган. Ал бир күнгө жетпеген кыска убакытта бул милдетти кандай аткарган?

2005-жылдын 24-мартындагы окуядан соң Жогорку Кеңеште да баш аламандык өкүм сүрүп, жаңы шайланган парламент өзүнчө, ага чейинки парламенттин кош палаталары өз-өзүнчө топтоло баштаган. Бирок кечинде Жогорку Сот парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, эки палаталуу мурдагы парламент кайрадан ишке киришкен.

Андагы мыйзам чыгаруунун жыйынында төрага Абдыганы Эркебаев өз каалоосу менен кызматтан кетип, ордуна Ишенбай Кадырбеков шайланган. Ошол учурдагы баш мыйзамга ылайык, президент жок болсо анын милдетин өкмөт башчы аткарыш керек эле. Бирок бул экөө тең өлкөдөн чыгып кеткендиктен президенттин милдетин ошентип жаңы шайланган төрага Ишенбай Кадырбеков аткарып калган.

Ошол кездеги мыйзам чыгаруунун депутаты Өмүрбек Текебаев бул окуяны мындайча эскерет:

- Президент менен кошо премьер-министр да өлкөдөн чыгып кеткен. А мындай учур ошо кездеги Конституцияда көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары көпчүлүк добуш менен жаңы шайланган төрага Ишенбай Кадырбековду президенттин милдетин убактылуу аткаруучу деп дайындашкан. Мунун өзү чоң психологиялык жана саясий күчкө ээ болгон. Анткени ушундай кылса болот экен деген ой Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарына да келип, алар бир аз убакыттан кийин Курманбек Бакиевди премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялашты.

Текебаев ошондой эле Кадырбеков президенттин милдетин аткаруучу катары эл өкүлдөр жыйынына Курманбек Бакиевдин талапкерлигин сунуштап, ал өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп бекитилгенин, бул тандоосу менен Кадырбеков өлкөнүн жакынкы беш жылдагы тарыхына салым кошконун белгиледи.

Ошол кезде Ишенбай Кадырбековдо президенттин милдетин аткаруучу катары коалициялык өкмөт түзүп, же башка жолдор аркылуу бул кызматын жок эле дегенде бир канча убакыт узартып алууга мүмкүнчүлүгү бар эле. Кадырбеков бул учурду эмне үчүн колдон чыгарып жибергенин бир жыл мурда “Азаттыкка” берген маегинде мындайча түшүндүргөн.

- Бул жерде күнөө - менин өзүмдүн адамдык мүнөзүмөн. Бийлик ошондо менин өзүмдүн жеке колумда болчу. Ошол эле түнү коалициялык өкмөт түзүп, ИИМге министр коюп, коопсуздук кызматына тиешелүү кишини коюп, прокуратурага дагы бирөөнү коюп туруп, саат 9га чейин Эл өкүлдөр жыйынынан макулдук алып туруп президент боло тургандай менин 100 пайыз мүмкүнчүлүгүм бар болчу. Бирок биздин Революциялык комитет бар болчу. Анын чечими менен Курманбек Салиевичти президентке көтөрөбүз, ушул киши болсун деп колдогонбуз. Алар менен мен бир команда болсом, экинчиден, мен эмес, эл революцияны жасаса, команда жасаса, мен болсо өз кызыкчылыгымды ойлоп туруп бийликке келип калсам кайсы бетим менен карайт элем өзүмдүн командамды? Ушундай ойлор менен ич күйбөй, эч нерсе болбой, эртеси күнү Бакиев премьер-министрликке туруп калганга өзүм дагы сүйүнүп, ыраазы болдум. А бийликти алып коюш негизи оңой эле болчу.

Айрым талдоочулар болсо анын мындай кылуусуна ошол кездеги кырдаал жол бербегенин айтышат. Ал кезедеги мыйзамчы депутаттардын дагы бири Ташболот Балтабаев болсо Кадырбеков бул милдетти татыктуу аткарышы үчүн бир канча жол болгонун белгилейт:

- Кадырбеков ошондон пайдалангысы келген жок, көрсө ал Бакиев менен сүйлөшүп, мени биринчи вице-премьер кылсаңар мен ушундай кылам деген маселе болуптур. Ишенбай Кадырбековдо ал учурда бул милдетин аткарууга бир канча жол бар эле. Маселен, конституциялык жолдон башка коалициялык жол бар эле, дагы револициялык декреттерди чыгаруу жолу менен башкарса болот болчу, конституциялык нукка кирбей. Жаңы шайлоолорду өткөрсө болот болчу. Андан кийин “мен милдетимди аткардым” деп кетсе жүзү жарык болот эле.

Ошол эле учурда Өмүрбек Текебаев мунун себебин революциялык кырдаал жана айтылбаган келишим менен байланыштырат^

- Революциялык эйфория болуп, эми кезек түштүктүкү деген айтылбаган саясий келишим бар эле. Мына ушунун негизинде эч ким бул чоң кызматка умтулган эмес, доомат койгон эмес.

Ошентип бир күнгө жетпеген убакыт өлкө башчысын милдетин аткрып калган Ишенбай Кадырбеков көп өтпөй биринчи вице-премьер менен унаа жана байланыш министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2005-жылдын октябрынан 2008-жылдын январына чейин архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктти жетектеген.

Былтыр 25-апрелде каржы полицциясы ага кызматынан кыянат пайдаланган деген айып менен кылмыш ишин козгоп, тергөө абагына камаган. Бул ишти карап баштаган Ленин райондук соту аны улам-улам артка жылдырып келет. Ишенбай Кадырбеков болсо өзүнө тагылган мындай айыпты саясий себептер менен байланыштыраарын буга чейин бир канча жолу билдирген.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG