Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

АКШ менен Израилдин Палестин аймагы тууралуу кайчы пикири


Премьер-министр Бенйамин Нетанйаху АКШнын атайын чабарманы Жорж Митчелл менен Иерусалимде болгон кездешүүдө палестиндер эң алды Израилди жөөт мамлекети деп таануусу зарыл экенин айтып, президент Обаманын идеясына каршы чыкты. 16-апрель 2009
Премьер-министр Бенйамин Нетанйаху АКШнын атайын чабарманы Жорж Митчелл менен Иерусалимде болгон кездешүүдө палестиндер эң алды Израилди жөөт мамлекети деп таануусу зарыл экенин айтып, президент Обаманын идеясына каршы чыкты. 16-апрель 2009

Вашингтон күнкорсуз Палестин мамлекети түзүлгөнүн каалайт. Бул жөнүндө АКШнын атайын чабарманы Жорж Митчелл Иерусалимде жүрүп билдирди.

Президент Барак Обама ондогон жылдар токтобогон Израил-Палестин чатагын жөндөөнүн бирден бир жолу - Израилге катар эгемен Палестина мамлекетин түзүү деп санайт.

Обаманын бул идеясын АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Жорж Митчелл Израилге келгенге чейин Марокко, Алжир жана Тунисияда болгондо жар салып жатты. Митчеллдин Израилге араб өлкөлөрү аркылуу келүүсү Обаманын Жакынкы Чыгыш маселесин жөндөөдө араб дүйнөсү менен кеңешип иш кылууга умтулганын жараян кылуу болду.

Биз Израил өкмөтү бүтүндөй региондо тынчтыкка жетишүүгө аракет кылат деген үмүттөбүз.


Бенйамин Нетанйаху башындагы Израилдин жаңы өкмөтү Палестин маселесине АКШнын жаңы администрациясынан бөлөк өңүттөн карайт.

Израил премьер-министринин кеңсесинин маалымдашынча, Нетанйаху бейшемби күнү Жорж Митчелл менен Иерусалимде өткөн жолугушууда Палестин мамлекети жөнүндө сөз болгондон мурда палестиндер Израилди эгемен еврей мамлекети деп таанышы шарт экенин айткан. Бул тема ошентип мартта Израилде өкмөт алмашкандан бери Израил-АКШ арасында биринчи жолу сүйлөшүлдү.

Жорж Митчелл оболу Израилдин ультра улутчул тышкы иштер министри Авигдор Либерман менен кездешкенде

Израилдин Тышкы иштер министри А. Либерман АКШнын атайын элчиси Ж. Митчеллди биринчи эле кездешүүдө ойлонтуп койду. Иерусали, 16-апрель 2009

ырасмий Вашингтон Палестина эгемен мамлекет болуусун кааларын кайра кайталаганын журналисттер үчүн жасаган билдирүүсүндө айтты:

- Мен Кошмо Штаттар өз саясатында еврей мамлекети - Израил менен коңшулаш эгемен Палестин мамлекети болуусун жактаарын кайра кайталадым. Биз Израил өкмөтү бүтүндөй региондо тынчтыкка жетишүүгө аракет кылат деген үмүттөбүз.

Жорж Митчелл менен Иерусалимде өткөн сүйлөшүү эки жакка Жакынкы Чыгыш боюнча көз караштарын тактоо үчүн зарыл болгонун Авигдор Либерман белгиледи:

- Биз чыныгы тыкыз кызматашуу жөнүндө, Палестин проблемасындагы, аймак маселесиндеги позицияларыбызды координациялоо жөнүндө сүйлөштүк. Келерки кездешүүдө коопсуздук, экономика, региондогу бардык проблемалар тууралуу кеңири сүйлөшөбүз деп үмүт кылабыз.

Авигдор Либерман мурда Израил өкмөтү Палестинанын күнкорсуздугу жөнүндөгү келишим боюнча сүйлөшүүнү улантууга милдеткер эмес деген пикирин билдирген. Мындай келишим АКШнын ортомчулугу менен жетишилген эле.

Премьер-министр Нетанйаху бейшемби күнү АКШнын атайын чабарманы менен кездешкенге чейин палестиндер менен тынчтыкка жетишүү боюнча планын ачык айткан эмес.

Бирок ал Батыш Иорданды экономикалык жактан өнүктүрүү палестиндерди саясый жактан ийкемдүү кылууга чоң огожо болот деген оюн ортого салган.

Жума күнү (17-апрелде) АКШлык чабарман Жорж Митчелл Рамаллада Палестин автономиясынын жетекчилиги менен кездешет.

XS
SM
MD
LG