Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Мьянма: Оппозиция лидеринин үстүнөн сот башталды


Мьянманын баш калаасы Рангунда демократиялык оппозициянын лидери Аун Сан Су Чинин үстүнөн сот башталды. 19 жылдан бери үй камагында отурган саясатчы айымдын үйүнө АКШнын жараны жашыруун келип, 2 күн жашаганы маалым болгондон кийин түрмөгө отургузулган. Укук коргоочулар жана Батыш өлкөлөрү Мьянманын бийлигин Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Су Чи айым жалган айыпталды деп сынга алууда.

Рангундагы белгилүү Инсейн түрмөсүндө Аун Сан Су Чинин үстүнөн сот жабыш эшик артында өтүүдө. Полиция коомдук тартипти көзөмөлгө алуу үчүн түрмөнүн тегерегин тор зым менен курчоого алып, жолдорду бууп салды.

Кабарларга караганда, Германия, Франция, Британия жана Италиянын элчилери Евробиримдиктин атынан сотко катышуу үчүн түрмөгө келатканда, полиция аларды артка кайрыган. Коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүнө карабастан, Чи айымдын тарапкерлери түрмөнүн айланасында чогулушту.

Су Чи америкалык атуулду үйүнө мыйзамсыз киргизип, үй камагы тууралуу эрежени бузду деп айыпталууда. Чинин жактоочусунун ырасташынча, оппозициянын лидери мыйзамды бузган эмес.

Эгерде сот оппозициянын лидерин айыптуу деп тапса, ал 5 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал жана 2010-жылы өтө турган шайлоого катыша албай калат.

Су Чи айым жетектеген Улуттук демократиялык лига 1990-жылкы жалпы элдик шайлоодо жеңишке жетишкен. Бирок өлкөнү 1962-жылдан бери башкарып келаткан аскердик хунта аны бийликке жолоткон эмес.

Оппозициянын лидеринин үйүнө жашыруун келип, иммиграция тууралуу мыйзамды бузду деп айыпталган АКШнын атуулу Жон Йеттоу да камакка алынды.

Мьянманын укук коргоочулары бул окуянын артында бийлик турганын ырасташууда. Алардын айтымында, Су Чи айымды үй камагында кармоо мөөнөтү бир аптадан кийин бүтмөк, андыктан оппозициянын лидеринин эркиндикте жүрүшү бийлик үчүн ыңгайсыз болмок.

Укук коргоочулар Су Чи айымдын үйү дайыма кайтарылганы менен, ал күндөрү америкалык атуул келди делген көлдүн жээги кароосуз калганын шектүү деп санашат.

Полициянын айтымында, Жон Йеттоу Су Чи айымдын үйүндө эки күн калып, үй ээси аны абдан чоң сый менен тосуп алган. Су Чи болсо, Йеттоу абдан чарчаганын, дагы үйдө калуу тууралуу өтүнгөнүн айтат.

Буга чейин 2008-жылы ноябрда да Жон Йеттоу Су Чи менен жолугушууга аракет кылган, бирок анысынан майнап чыккан эмес.

Оппозиция лидеринин камакка алынышы тууралуу кабар эл аралык коомчулук тарабынан сынга алынды. Брюсселде Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча координатору Хавьер Солана атайын билдирүү жасап, Брюссел Мьянмага карата катаал санкция киргизүү ыктымалдыгын карап чыгышы керектигин айтты.

Учурда Ервобиримдикте төрагалык кылган Чехиянын тышкы иштер министри Ян Кохоут Хавьер Солананын сөздөрүн кубаттады:

- Биз, албетте, санкцияларды катаалдаштыруу маселесин талкуулоого даярбыз. Бирок алгач Мьянманын бийлигине телефон чалып, Сан Су Чини камактан чыгарууну талап кылышыбыз керек.

15-майда президент Барак Обама АКШ менен Мьянма ортосундагы кризис чечилбей келатканын билдирди. АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Мьянманын бийлигин жалгыз гана Су Чиге эмес, дагы башка саясий туткундарга эркиндик берүүүгө үндөдү:

- Биз Бирманын бийлигине кайрылып, ушул тапта абакта отурган 2100 саясий туткунга чукул аралыкта азаттык берүүгө чакырдык.

17-майда Филлипиндин Тышкы иштер министрлигинин катчысы Алберто Ромуло да буга байланыштуу билдирүү жасап, анын өкмөтү Су Чинин тагдырына тынчсызданып жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG