Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

АКШ «таасир көрсөтүү» идеясын тааныбайт


Украинанын премьер-министри Юлия Тимошенко жана АКШ вице-президенти Жо Байден. "Темир айым" кайчы бастыбы? 21-июль. Киев.
Украинанын премьер-министри Юлия Тимошенко жана АКШ вице-президенти Жо Байден. "Темир айым" кайчы бастыбы? 21-июль. Киев.

АКШ вице-президенти Киевде Украинанын НАТОго өтүү жана Батыш институттарына интеграциялануу планын Вашингтон колдогонун айтты.

Жо Байден үч күндүк визитти жыйынтыктап жатып сүйлөгөн сөзүндө АКШ Украинанын Батыштын саясый институттарына кошулуу аракетин бекем колдоорун билдирди:

АКШ вице-президенти Жо Байден Киевде жыйынтыктоочу сөзүн сүйлөөдө. 22-июль.

- Кошмо Штаттар ошондой эле Украинанын НАТО жана Европа биримдиги менен байланышын тереңдетүүсүн колдойт. Кайра айтам, бул силердин чечимиңер, силердин тандооңор, биздин эмес.

Жо Байден Киевден аттанар алдындагы сөзүндө Вашингтон Москва менен мамилесин жакшыртуунун аракетин жасап жатканын айтып, бирок андан АКШ-Украина кызматташуусуна эч кандай зыян болбойт деп ишендирди. Ошол эле учурда АКШ эч кандай таасир көрсөтүү чөйрөсүн каалабаганын баса белгиледи:

- Биз XIX кылымга таандык “таасир көрсөтүү” идеясын тааныбайбыз. Андай идеяга XXI кылымда орун жок. Биз ар бир күнкорсуз өлкө өз алдынча чечим кабыл алган, өз тышкы саясатын жүргүзгөн жана кандай союзга катышууну өзү тандаган принципти жактайбыз.

Россия мурдакы советтик республикаларды, анын ичинде Кыргызстанды өз кызыкчылыгындагы алкак деп санайт.

Маалыматтарга караганда, вице-президент Жозеф Байден менен президент Виктор Ющенконун сүйлөшүүсүнө ылайык жыл соңуна чейин энергетикалык коопсуздук боюнча америкалык-украиналык жумушчу топ түзүлөт. Жакындан тарта Түштүк украиналык АЭСке ядролук отун АКШдан келе баштайт. Азыр Украина бардык АЭСтери үчүн байытылган уранды Россиядан алат.

Москвада Жо Байдендин Украинадагы сапарына астейдил көз салып турушат. Шейшемби күнү Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Андрей Нестеренко кабарчылар менен жолугушууда буларды айтты:

- Эл аралык кызматташуу боюнча өнөктөштөрдү тандоо эл аралык кызматташууга катышкан тараптардын эгемен укугу. Эң негизгиси - бул иш көшөгө артында эмес жана бирөөлөрдүн кызыкчылыгына каршы эмес, ачык-айкын жүргүзүлүшү шарт.

Шаршемби күнү Жо Байден Киевден Тбилисиге сапар алат. АКШ вице-президентинин визитине Грузияда өтө чоң маани беришүүдө жана кылдат даярдык көрүлүүдө. Жергиликтүү саясый чөйрөлөрдө АКШлык даражалуу конкоктун келүүсү Грузиялык өлкөнүн бүтүндүгүн жана күнкорсуздугун колдоо деп бааланууда. Президент Саакашвили эки күн мурда демократиялык реформаны дагы тереңдетүү боюнча парламентте сөз сүйлөп, Тбилисинин мэрин түз шайлоону, БШКнын төрагасын алмаштырууну сунуш кылды, өкмөттүк телеканалдардын бири оппозицияга пайдаланалууга берилет деп сөз берди.

XS
SM
MD
LG