Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Тегерандагы мүрзөдө чогулгандарды полиция таратты


Тегерандагы мүрзөдөн чыккандар Мосала мечитине барышты. Иран, 30-июль, 2009-ж.
Тегерандагы мүрзөдөн чыккандар Мосала мечитине барышты. Иран, 30-июль, 2009-ж.

Иран полициясы бейшембиде Тегерандагы мүрзөдө чогулган миңдеген адамдарды күчтөп кууп таратып, каршылык көрсөткөндөр менен кагылыша кетти.

Мүрзөдө чогулгандар өткөн айдагы митингдер маалында каза болгондорду эскерип, куран окутуп жатышкан.

Тегерандык полиция кайгылуу окуяны эскерип чогулган элге каршы көздөн жаш агызган газ, резина союлдар колдонду. Элди ал жерге чогулууга үндөгөн оппозиция лидери Мусавини мүрзөдөн чыгып кетүүгө мажбурлап, бир топ кишини камакка алды.

Кабарларга караганда, Тегерандагы Бехешт Захра мүрзөсүнө миңдеген адамдар, алардын арасында оппозиция лидерлери Мир Хосейн Мусави, Мехди Каруби жана башка белгилүү адамдар чогулушкан. Мурдараак Мусавинин Жашылдар партиясы билдирүү таратып, элди өткөн айдагы президенттик шайлоого удаа өткөн көчө акциялары маалында каза тапкан адамдардын кыркын мүрзөдө белгилөөнү сунуштаган.

Махмуд Ахмадинежад президент болуп кайра шайланганына нааразы он миңдеген ирандыктар көчөгө чыкканда, полиция аларды күчкө салып кууп таратып, кээ бир жерлерде ок ачып, көчө акцияларын баскан. Ал күндөрү Иранда бардыгы канча киши жантаслим болгонун эч ким так айта албайт. Бийликтегилер ошондон бери жакындарын таппай жүргөн айрым адамдарга алар издеген киши түрмөдө каза болгонун кабарлашып, жалпысынан ал окуялардан 30га жакын адам көз жумганын ырасташты. Бейшембиде Ирандагы митингдердин курмандыктарын эскерүү максатында Тегерандагы мүрзөдө чогулгандар эскертүүлөрдөн коркпой, “Диктаторго өлүм!” – деп кыйкырып жатышты.

Оппозиция лидери Мусави мүрзөдөгү элге кошулаар замат, полиция жете келип, аны ал жерден кетүүгө аргасыз кылды. Күбөлөрдүн айтымында, полициячылар андан сырткары белгилүү режиссер Жафар Панахини жана дагы бир нече кишини кармап кетишти. “Биз бул жерге Неда Ага Солтандын арбагына куран окутканы келгенбиз. Көп киши чогулуптур, көрүстөндүн башында чогулуп кайгырып отурган кишилерди полиция резина союл менен уруп таратып кирди”, - деп билдирди бул күнү мүрзөгө болгондордун бири Фарда радиосуна.

27 жаштагы Неда Ага Солтан - өткөн айда көчөдөгү демонстрацияны көрөм деп бара калып, полициянын огунан кокустан каза тапкан. Анын кандайча өлгөнүн чөнтөк телефондун видеокамерасына тартып алган күбөлөрдүн бири Интернеттеги белгилүү сайтка жайгаштырып, маркум Неданын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн дүйнөнүн ар башка тарабында жашаган миллиондогон адамдар көрө алган. Ошондон бери Неда – президент Ахмадинежаддын бийлигине каршы Ирандагы чоң кыймылдын символуна айланды.

Бейшембиде Неда жана башка саясий курмандыктардын кыркын белгилегени чогулгандар арасынан ирандык таанымал кинорежиссер Жафар Панахи, даректүү тасмалар режиссеру Махназ Мохаммадини полиция кармап кеткени кабарланууда. Полициянын кутумчулугунан аман кутулган адамдар мүрзөдөн чыгып, Мосала мечитин көздөй бет алышты.

Ал тапта Ирандын бийликтери ушул дем алыш күндөрү өткөн айдагы демонстрация маалында кармалган 20 киши соттолоорун жарыялашты. Аларга бомба жардырууга даярданган, мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөн, коопсуздук органдарына кол салган деген өңдүү олуттуу кинелер тагылууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG