Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Казакстан Кыргызстандын жүктөрүн эмнеге өткөрбөй жатат?


Чимкенттеги Конусбаев бажысы 22-февралда Кыргызстанга келе жаткан жүктөрдү кое бере баштаганы тууралуу маалымдалган. Бирок азырынча андан башка кое берилген автомашиналар тууралуу маалымат жок.

Казак бажы комитети Кыргызстанга өтүп келе жаткан жүктөрдүн кармалып турганы боюнча эч кандай кабары жоктугун билдирсе, Кыргызстандын бажы кызматы бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда.

1-февралдан бери Кытай-Казакстан чек арасындагы Харгост бажы бекетинде Кытайдан Кыргызстанга жүк ташып келаткан 60тан ашуун жана ошондой эле Өзбекстан менен Казакстандын чек арасындагы Конусбаев бажы бекетинде дагы Араб Эмираттары, Иран, Түркиядан жүк тартып келаткан 50 чакты автомашиналар Кыргызстанга өтө албай турушканы кабарланган. Алардын ар биринде 20-30 тоннадан жүктөрү бар.

Казакстан Кыргызстанга транзиттик жол бербей жатканынын себебин билдире элек. Казакстандын бажы комитетинин төрагасы Эржан Абдырахманов бул маалыматты жокко чыгарган жок, бирок ошол эле учурда кыргызстандын жүк ташуучу автоунаалары Казакстандын бажы түйүндөрүндө кармалып турат деген кабары жоктугун “Азаттыкка” төмөнкүчө билдирди:

- Бул маалыматты калп дегеним жок, бирок мен бул тууралуу эч кандай кабарым жок, сизден биринчи жолу угуп жатам.

22-февраль күнү казакстандык бажычылар 1-февралдан бери Кыргызстанга өткөрбөй кармап турган жүктөрдү катуу текшерүүлөрдөн кийин өткөрө баштаганы тууралуу маалымат келди. Бул тууралуу бир нече күндөн бери Түркиядан келе жаткан жүктөрү өткөрүлбөй жаткан ишкер Нургазы «Азаттыкка» билдирди:

-Бизге да маалымат келди, кечээ Кара-Балта бажысына февралдын башынан бери эки машина Казакстандан чыгып келди деп. Андан башка машиналар келген-келбегени тууралуу кабар болбой атат. Бүгүн майрам эмеспи, эртең болуп калар. Биз Казакстандын бажысы жүктөрүбүздү өткөрбөй жатканда эле Кыргызстандын бажы кызматына кайрылганбыз. Алар “кат жазабыз, кайрылабыз, андай кылбашы керек эле” деп тим болушкан. Эмдигиче жооп боло элек,

Ишкердин маалыматын тастыктоо аракети менен Кара-Балта бажы бөлүмүнө коңгуроо кактык. Ал жерден өзүн
Кыргызстандын бажы кызматы Казакстанда кармалып турган жүктөр тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда
“нөөмөтчүмүн” деп тааныштырган кызматкер Казакстан тараптан транзиттик жүктөр кармалып тургандыгы жана кое берилгени тууралуу эч кандай маалымат бере албастыгын “Азаттыкка” билдирди:

-Мындай маалымат бере албайбыз. Казакстандын бажысына Чалдоварга барып, ошол жактан билип алгыла, -дейт Кара-Балта бажысынын аты-жөнүн айткысы келбеген кызматкери.

Түркиядан, Кытайдан, Ирандан, Араб эмираттарынан жана башка жактардан келе жаткан жүктөрү Казакстандын бажысында кармалып турган ишкерлердин айтуусунда, казак тарап жүктөрдү ар бирин ачып-текшерген соң гана өткөрөрүн билдиришкен. Бирок белгилүү болгондой, Женева конвенциясы боюнча жүк салынып чыккан жерден жүк жеткенге чейин товарлар текшерилбейт. Ага карабай минтип коңшу өлкөнүн бажы кызматы өз шартын коюп жаткандыгын саясатчылар түрдүү талдап жатышат.

Оппозиционер, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Казакстан менен Орусия Бирдиктүү бажы союзуна кирип, анын мүчөсү болгон соң, эми ага мүчө болбогон Кыргызстанды каалагандай калчай алышат, деп эсептейт. Анын пикиринде, буга Орусиянын кыргыз бийлигине өткөн жылы 3-февралда Москвада кол коюлган эки тараптуу келишимди аткарбай коюшуна нааразылыгы себеп. Саясатчы Кыргызстанды экономикалык блокадада калтыруу аракети жүрүп жаткандыгын айтып, буга эң биринчиден азыркы президент Курманбек Бакиев башында турган бийликтин тышкы жана ички саясаты күнөөлүү деп эсептейт.

Орусия менен мамиленин бузулушу Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизет деген пикир ээлеринин бири, саясат талдоочу Марс Сариев. Анын айтуусунда, Кыргызстандын экономикасы эки чоң базар –“Дордой” менен Кара-Суу базары менен байланыштуу:

Марс Сариев: "Кыргызстандын экономикасы эки базарга байланган"
- Кыргызстанда экономика деле жок. Биздин экономика “Дордой” жана Кара-Суу базарлары. Ошол экөө токтоп калса Кыргызстандын иши бүттү. Себеби билесиңер, ошол эки базар аркылуу канча киши нан таап, канча киши оокат кылып жатат.

Айрым пикирлер боюнча Түркия, Кытай, Иран жана башка өлкөлөрдөн келе жаткан жүктөрдүн Кыргызстанга өткөрүлбөй, Казакстандын бажысында кармалып турушу кыргыз-орус мамилелеринин бузулушунун башталышы. Эң негизгиси Кыргызстанда өнүгүп жаткан тигүү өнөр жайынын товарларынын Казакстан менен Орусияга киргизилбей, аны менен бирге Торугарт, Эркеч-Там аркылуу Кытайдан киргизилген товарларды ошол эле Казакстанга, Орусияга реэкспорттоого мүмкүнчүлүк берилбей, түрдүү тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн. Мына ошондо Кыргызстан бүтүндөй экономикалык блокадада калышы толук ыктымал дешет алар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG