Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Качкындар жапырт кайтып келе баштады


Кыргызстанга кайтып келе жаткан качкындар
Кыргызстанга кайтып келе жаткан качкындар

Тополоң күндөрү үй-жайын таштап Өзбекстанга өтө качкан Кыргызстандын жарандары жапырт үйлөрүнө кайтып келе башташты. 22-июнда Өзбекстандан 35 миңден ашуун адам кайтып келгенин Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Ошондой эле бүгүн Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов баштаган делегация Өзбекстандын Анжиян облусунунда баш калкалап турган качкындардын беш-алты жайына барып, аларды үйлөрүнө кайтууга чакырып келишти.

Кыргыз делегациясын Анжиян облусунун акими Усманов Ахмаджан, ички иштер министри Бахадур Матлюбов жана өзгөчө кырдаалдар министри Турсун Кудайбергенов тосуп алышты. Алардын коштоосунда кыргыз делегациясы качкындар менен жолугуп, алардын ал-жайы менен таанышып, Жалал-Абадда, Сузакта айрыкча абал тынч экендигин, бардыгы өкмөттүн көзөмөлүндө тургандыгын түшүндүрүп, аларды үйлөрүнө кайтууга, референдумга катышууга чакырышты.

“Шарты жакшы экен, тамак-ашы, санитардык абалы, жаткан жайлары баары жакшы экен. Биз барганга чейин 1200 жаран Кыргызстанга кайтып кетиптир. Биз баргандан кийин массалык түрдө кайра кайтуу башталды. Буюрса, эки күндүн ичинде биздин жарандар толугу менен үйлөрүнө кайтып келет”,-деп билдирди “Азаттыкка” губернатор Бектур Асанов.

Ал эми качкындар өз кезегинде Кыргызстандын бийлик башчыларына тополоң окуялар кайра кайталанбайбы деп коркуп жатышканын айтышып, тополоң маалында өрттөлгөн үйлөрдү ким калыбына келтирип берет деген суроолорун беришти. “Менин ыраазы болгонум, алар бул жерде улуттар арасында чыр жок экенин, мунун үчүнчү күчтөр уюштургандыгын, кыргыздарга эч кандай дооматы, нааразылыгы жок экенин айтып жатышты”,-дейт Бектур Асанов.

Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон тополоң окуялардын учурунда 75 миң адам үй-жайын таштап Өзбекстанга өтө качкан. Аларды Өзбекстандын бийлиги 57 лагерге бөлүп жайгаштырышкан. Качкындар баргандан бери алардын арасында 124 бала төрөлүптүр.

Бектур Асановдун айтымында азыркы учурда Өзбекстанда Жалал-Абад облусунан барган он миңдей адам калды. Алар бир-эки күн аралыгында үйлөрүнө кайтып келүүгө тийиш.

“Эртең менен бараткан саат 9-10 ченде Кыргызстандын аймагы аркылуу жүздөгөн адамдардын өз үй-жайларына төшөнчүлөрү менен кайтып келе жатканын өз көзүм менен көрдүм”,-деп билдирди дубандык кабарчыбыз Ырыспай Абдраимов.

XS
SM
MD
LG