Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Футбол: калыстардын каталары, фавориттердин утулушу


Футбол боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн (29-июнда) чейрек финалдын акыркы эки катышуучусу аныкталууда. 28-июнда Бразилия Чилини 3-0 эсебинде жеңип, эмки айлампада Голландия менен беттешмей болду. Адистер жана күйөрмандар бул жолку чемпионатта фавориттер атыккан командалар начар ойноп жатышканын, калыстардын көп ката кетиришкенин белгилешет.

Күтүлгөндөй эле Бразилия чейрек финалга чыкты. Йоханнесбургдагы стадиондон чыгып жаткан бразилиялык күйрөмандар сүйүнүчүн жашырбай, алардын командасы эми Голландияны да жеңет деген үмүтүн айтып жатышты.

- Бразилия абдан жакшы ойноп жатат жана дүйнө чемпиону боло алат. Биз Голландияны, Аргентинанын да утабыз.

4 жылда бир ирет өткөрүлүп келген турнирди дүйнөнүн булуң-бурчунда чыдамсыздык менен күтүшөт. Түштүк Африкадагы оюндарды Америка, Азия, Европадагы алыскы айыл шаарларда миллиарддаган адамдар саатына карабай үйлөрүндөгү телевизорлордун алдына, спорт-барларга, чоң экрандар орнотулган аянттарга топтолушат. АКШ-Гана матчын Американын мурдагы президенти Билл Клинтон стадиондо көрүп отурду.

Канаданын Торонто шаарына "Чоң жыйырманын" саммитине чогулган дүйнө лидерлери да өз өлкөлөрүнүн командалары катышкан матчтарды калтырбай көрүштү. Германия канцлери Ангела Меркел жана Британия өкмөт башчысы Дэвид Камерон Германия-Англия беттешүүсүн жанаша отуруп көрүшту. Англия 1-4 эсебинде жеңилип, чемпионат менен коштошту. Бул оюнда алардын бир тобун калыстар санабай коюп, голдун киргизилип киргизилбегенин аныктоо үчүн жаңы техникаларды пайдалануу керектиги жөнүндө талаштар кайрадан жанданды. Аргентина менен Мексиканын таймашуусунда болсо аргентиналык футболист оюндан тышкары абалда же офсайддан топ киргизгенде калыстар эреже бузулган эмес деп чечишкен.

Футбол боюнча дүйнөлүк федерация – ФИФАнын төрагасы Зепп Блаттер калыстардын одоно каталары үчүн Англия жана Мексика командаларынан кечирим сурады.

Британ премьери Дэвид Камерон болсо немис футболисттери мыкты ойногонун белгиледи:

- Биздин утулганыбыз абдан өкүнүчтүү. Бирок команданын жетекчилерин дайындоо менин ишим эмес. Бул багытта башка проблемалар да бар. Биз эми жакшылап ойлонушубуз керек. Германия эң жакшы ойноду. Айрым суроолор жаралбай койгон жок. Бирок болгону болду. Эсепти эске алганда, жеңишибизди уурдап алышты деп айта албайбыз. Биз утулуп калдык.

Калыстардын каталары жөнүдө сөздү уласак, бразилиялык Луис Фабиано Кот д`Ивуарга көз көрүнө колунун жардамы менен гол киргизип, бирок аны моюнга алган жок.

Ошентип күчтүү командалардын бири, футболдун мекени болуп эсептелген Англия турнирден чыкты. Ал эми башка чоң фавориттер, буга чейинки чемпионаттын финалисттери Франция менен Италия өз топторунда акыркы орундарды ээлеп, экинчи айлампага буга чейин эле өтпөй калышкан.

Франция футбол федерациясынын төрагасы Жан-ПьерЭскалетт француз командасындагы чыр-чатактардан кийинкызматынан кетти

Франция командасынын Түштүк Африкадагы жоруктары жөнүндө дагы көпкө айтылчудай. Баса, 28-июнда өлкөнүн футбол федерациясынын төрагасы кызматынан кетти.

Франция биринчи беттешүүсүндө Уругвай менен 0:0 ойноп, кийин Мексикага утулуп калган. Ошол оюн маалында форвард Николя Анелка машыктыруучу менен айтыша кетип, кечирим суроодон баш тарткан. Федерация аны командадан кетирүү чечимин кабыл алганда нааразы болгон футболисттер акыркы матчтын алдында машыгууга чыкпай коюшкан. Бул чырды жөнгө салуу үчүн атүгүл президент Николя Саркози кийлигишип, спорт министри Розелин Башло команда менен жыйын өткөргөн. Франциялык күйөрмандардын көбү болсо Түштүк Африка менен беттешүүдө француздар утулуп калса экен деп жатышты.

Адистер бул чемпионатта голдорго өтө сейрек күбө болуп жатканыбызга көңүл бурушат. Статистикага ылайык, биринчи айлампада акрыкы 20 жыл ичинде эң аз гол киргизилген. 16 беттешүүнүн ар биринде орто эсеп менен алганда 1,5 топ киргизилген.

Бомбардирлердин тизмесинде биринчи сапта төрттөн гол берген аргентиналык Гонсало Игуаин жана словакиялык Роберт Виттек жайгашты.

Түштүк Африка чемпионаты 11-июлда жыйынтыкталат. 2018 жана 2022-жылкы чемпионаттарды өткөрүү укугу үчүн күрөш болсо эбак эле башталган. Азыр жарышка 10 талапкер катышууда. Чемпионат уюштурууну каалаган өлкөлөр стадиондорду куруу жана жалпы инфраструктураны өнүктүрүү жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, экономикалык өсүшкө түрткү берет деп ишенишет. Түштүк Африкада маселен, чемпионатка даярдануу учурунда 120 миңдей киши жумуш менен камсыз болгон.

Буга карабай чемпионат башталгандан көп узабай, миңдеген адам көчөгө чыгып, өкмөт футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка өтө эле көп каражат сарптап жатат деген нааразылыгын билдиришти. Дурбан шаарында 3 миңдей киши өлкөнүн миллиондогон жарандары жакырчылыкта жашап жатканда ФИФА жана өкмөт ушунчалык акча коротуп жатат деп айыпташты. Түштүк Африка ФИФАнын талабы боюнча турнирге 4,3 миллиард доллар короткон.

XS
SM
MD
LG