Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Күмөндү күчөткөн күйүүчү май ишкердиги


"Манас" транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыздоо ишинде мурдагы президенттердин жакындары менен биргеликте коррупциялык иш аракеттер орун алган деген негизде 6 ай мурда козголгон кылмыш ишинин жыйынтыгы белгисиз.

Быйыл Курманбек Бакиевдин бийлигинин кулашына алып келген окуядан кийин Кыргызстандын транспорт прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин негизинде транзиттик борборго авиа керосин ташып жеткирүү ишиндеги мыйзамсыздыктар боюнча иш козголгон.

Таң калычтуу тандообу же тамыры жайылган коррупциябы?

Буга 2001-жылдан берки Пентагон менен болгон келишимдин ээси, Гибралтарда катталган "Mina Corp." компаниясы Максим Бакиевге таандык деп эсептелген алты жергиликтүү фирма аркылуу Орусиядан авиа керосин ташып келип тургандыгы аныкталган. Мурда бул каналдар Айдар Акаевге жана күйөө баласы Адил Тойгонбаевге таандык болгон.
Руслан Казакбаев

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Пентагон мурдагы бийлик режимдери менен кызматташкан "Mina Corp." ишканасын кайрадан тандагандыгына таң калуусун жашырган жок:

- "Mina Corp." компаниясына тендерде кайрадан жанар май ташуу укугун берип койгондугу таң калычтуу болду. Анткени ал компания мурдагы эки бийлик учурунда тең коррупциялык схема боюнча иш алып барып, мурдагы президенттердин үй-бүлө мүчөлөрү менен кызматташып келишкендиги жашыруун эмес. Анын натыйжасында Орусия өкмөтү аталган схеманы билгенден кийин Кыргызстанга келе турган бардык мунайзатына экспорттук пошлина киргизип койду. Жыйынтыгында биздин экономикабыз алсырап, күйүүчү майга болгон көз карандылык күн санап өсүүдө. Бул эми келтирилген зыяндын көрүнүп турган жагы. Башкаларын иликтөө аныктайт. Биз ошондуктан АКШ өкмөтүнө атайын кайрылуу менен чыктык.

Буга чейин президент Роза Отунбаева “Мина корпорейшинди” мурдагы авторитардык бийлик режимдерин байытып, өлкөгө көп залакасы тийген компания катары сыпаттаган болчу. "Манас" транзиттик борборуна жанар май ташып киргизүүдөн бажы төлөмдөрү, акциздик салыктар жана кошумча нарк салыгы алынбай келген. Буга кызыкдар тараптардын пайдасы үчүн аталган жанар май ташуучу компанияларды салыктан бошотуу боюнча Жогорку Кеңештин токтому негиз берген. Мындан мамлекет казынасы жылына 200 миллион доллардан ашуун акча каражатын жоготуп келгендиги айтылган.

Кылмыш иши кыскарганбы же кызылдай акчага “кыйшайганбы”?

Бирок 30-апрелде козголгон кылмыш ишинен азыркыга чейин жыйынтык чыга элек. Өкмөттүн укук коргоо органдары боюнча орун басары Азимбек Бекназаров маселенин чоо-жайы тунук эмес экендигин кыйытып, бул суроого жооп берүүнү табышмактуу четке какты:

- Мен анын себебин билем. Бирок аны силер тийиштүү органдардын жетекчилеринен сурагыла. Мен чындыгын билем, бирок азырынча айтпайм. Тигилер комментарий беришсин. Бул маселе ошол башкы прокурор Кубатбек Байболовдун компетенциясында да. Ошол кишиден сурагыла. Менин кандай тиешем бар бул жерде? Балээнин баарын кылып жаткан өздөрү, анан өздөрү маалымат беришсин. Ал иштин эмне болгондугун, эмне кылганын айтышсын.

Жемсөөлүк аракеттери боюнча учурунда чуулгандуу маалымат тараткан Башкы прокуратура да козголгон кылмыш ишинин тагдыры туурасында маалымат берүүгө кызыкдар болгон жок. Мамлекеттик жашыруун сырдан сырткары башка маалыматтарды эркин алууга мыйзам жол бергендигине жана мамлекеттик бийлик органдары коомдук маанилүү маалыматты жашыргандыгы үчүн жоопкерчилик бар экендигине карабастан башкы мыйзамды көзөмөлдөөчү органдар бул кылмыш ишинин жыйынтыгын сыр катары кармашууда.

Башкы прокурор Кубатбек Байболов тергөө иштеринин купуялуулугуна шылтоолоп, маалымат берүүдөн баш тартты:

- Мен билбейм ал ишти. Мен кайдан билем ал иштин эмне болгондугун, ошончо миңдеген иштердин арасынан. Мага иштер тууралуу айтып бергенге мыйзам боюнча тыюу салынган. Мындан ары иштер боюнча мага чалба. Кылмыш иштери боюнча маалымат бергенге укук жок. Сен өзү мыйзамды окугансыңбы?

Алты айдан бери аталган кылмыш ишинин ачык жыйынтыгы чыкпагандыгы коомчулукта күмөн саноолорду жаратууда. Анткени "Mina Corp." компаниясынын өкүлдөрү келишимди сактап калуу үчүн тартип коргоо органдарынын айрым жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылгандыгы айтылып жүргөн.

Уран Ботобеков
Талдоочу Уран Ботобеков мындай кайталанма өнөкөттүн кесепети көп экендигин эскертти:

- Унчукпай жатышса демек ошого жараша себеби бардыр. Колунан кармап албагандан кийин бир нерсе деш кыйын. Бирок 2005-жылы марттан, анан 2010-жылы апрелден кийин бийликтегилердин буга байланышкан кылмыштын бети ачыла тургандыгын айтышкан абдан ооз көптүргөн сөздөрү болду эле. Бирок эле бир канча убакыт өткөндөн кийин бардыгы тынчып, козголгон кылмыш иштери туурасында сөз сүйлөгүлөрү келбей калышат. Демек бул жерде бир мандем болушу мүмкүн. Бирок менин айтарым, азыркы бийликтегилер мурдагы өлкөсүнөн абийири айрандай төгүлүп куулган президенттердин жана алардын ат кошчуларынын саясий тагдырынан сабак алышса жакшы болот эле.

Ошол эле учурда бир катар укук коргоочулар 30-апрелде аталган кылмыш ишинин козголгондугунан да күмөн санашат. Мүмкүн ал тиешелүү тараптарды чочутуу үчүн айтылган жел сөз болушу мүмкүн дегендер да жок эмес. Анткен менен АКШнын Сенаты да учурунда бул боюнча иликтөө иштерин жүргүзө тургандыгы айтылган болчу.

Бирок укук коргоочу Азиза Абдрасулова бул ишти аягына чыгаруудагы Кыргызстандын тергөө органдарынын туруму түшүнүксүз болуп жаткандыгына таң калды:

- Кылмыш иши козголуптур. Бирок анын эмне болгондугун башкы прокурор Кубатбек Байболов билбесе же тартип коргоо органдарын тейлеп жаткан Азимбек Бекназаров билбесе анда ким билет? Демек ал кылмыш иши башында эле козголгон эмес же козголуп кайра жабылган болушу мүмкүн. Каралган, иликтенген иштин кандайдыр бир тыянагы болушу керек эле да эмдигиче. Ошонун негизинде кандайдыр бир документтин негизинде АКШ өкмөтүнө кайрылып, жооп күтүш керек. Ошондо жооп жок болсо анан Кыргызстан кайрылса да АКШ тоготпой койду деп түшүнсө болот. Бирок азыркы абалда айта турган болсо биздин тергөө органдары же начар иштеген же чын эле доомат койууга негиз табылган эмес.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ өкмөтүнө жөнөткөн билдирүүдө бул боюнча Кыргызстандагы иликтөө иштери аягына чыкканга чейин “Mina Corp.” менен кызматташууну токтото турууну суранган. Бирок анда айтылган иликтөө иштеринин жыйынтыгы жакында ачыкка чыгаарынан күмөн санагандар аз эмес.

XS
SM
MD
LG