Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

ФИФАнын чечими кыргызстандыктарды да кубантты


Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин ФИФАнын жыйынында сөз сүйлөөдө. 2-декабрь, 2010-жыл
Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин ФИФАнын жыйынында сөз сүйлөөдө. 2-декабрь, 2010-жыл

Швейцариянын Цюрих шаарында Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясы – ФИФАнын аткаруу комитети 2018-жылы дүйнөнүн эң ири футбол мелдешин өткөрүү укугун Орусияга, ал эми 2022-жылдыкын Катарга ыйгарды. Бул кабарды кыргызстандык футбол күйөрмандары да сүйүнүч менен кабыл алышты.

2018-жыл футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү үчүн Орусиядан башка Англия, Бельгия менен Нидерландия, Испания менен Португалия талапкер болгон. Ал эми 2022-жылкы дүйнө чемпионаттын конок ээси болууга Катар өлкөсүнөн тышкары Түштүк Корея, Жапония, Австралия, АКШ умтулган.

Дүйнөнүн эң ири футбол мелдешин 2018-жылы өткөрүү укугун Орусия жеңип алышын кыргызстандык футбол күйөрмандары да кубануу менен тосуп алышты. Оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев мындай жагдайды туура пайдалануу менен кыргыз футболун да өнүктүрүүга аракет кылуу зарылдыгын “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстандын футбол федерациясынын мүчөсү, генерал Абдыгул Чотбаевдин айтымында, Орусия менен достук байланышта болуп, кыргыз футболунун деңгээлин жогорулатып, дүйнө чемпионатына катышууга жолдомо берчү мелдештерге азыртадан даярдык көрүү керек.

Аракет болсо берекет

Орусия акыркы жылдары спортко өкмөттүк деңгээлде көңүл буруп, ири спорт имараттарын, стадиондорун куруп жаткан учуру. Мисалы, 2014-жылы Сочи шаарында кышкы олимпиадалык оюндарды өткөрүүгө камылга көрүп жатса, 2013-жылы Казан шаарында бүткүл дүйнөлүк студенттердин Универсиада оюндарын өткөргөнү турат.

Кыргызстандын футбол командасы
Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, эл аралык даражадагы калыс Өмүржан Молдодосовдун пикиринде, Орусияда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын шылтоосу менен кыргыз футболун өнүктүрүү ыңгайы турат.

2018-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты Орусия жергесинде өтө турганына спорттук журналисттер жана күйөрмандар да кубанып турушат. Себеби дүйнөлүк мындай ири таймашууларды көрүп, журналисттер үчүн футболдук баяндама жасоого Орусия ыңгайлуу. Мындай пикирин “Акипресс” маалымат агенттигинин спорттук баяндамачысы Гүлайым Абазова билдирди.

- Футбол – дүйнө жүзүн кучагына алган кызыктуу оюндардын бири. Бул оюнду кары-жашына, аял-эркегине карабай жан-дили менен сүйгөн адамдардын катары жылдан-жылга өсүп барат. Төрт жылда бир дүйнө чемпионаты өткөрүлүп келет. Акыркы учурда Африка, Азия аймагындагы өлкөлөр футболдон таанылууда. "Карт бөрүлөр" катары таанылган Бразилия, Аргентина, Франция, Германия жана Италия өлкөлөрү да Орусияда өтө турган дүйнө чемпионатында баш байгеге талапкер болуу үчүн аракет кылышат. Учурда дүйнө чемпиону Испания да оңой менен жеңилип бербейт деп ойлойм. Оюн ээлери орусиялыктар да жакшылап даярдык көрүп, алар да күтүлбөгөн ийгиликтерди жаратуусу толук ыктымал.

Тарых барактарынан

1904-жылдын 21-майында Франциянын борбору Парижде Голландия, Бельгия, Швеция, Швейцария жана Испаниянын футбол адистери чогулуп, Эл аралык футбол федерациясын (ФИФА) негиздеген.

Ал кездерде футбол оюну олимпиада оюндарынын алкагында гана ойнотулуп келген.

1921-жылы футбол федерациясынын жетекчилигине (ФИФА) француздук адис Жюль Риме бекитилип, ошондон тарта футбол дүйнөсүндө чоң өзгөрүүлөр башталат.

1928-жылдын 29-майы күнү Амстердамда ФИФАнын кезектеги жыйыны өтүп, атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен таанышкан жыйын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү футбол боюнча дүйнөлүк кубоктун түзүлүшүн колдоого алышат. Ошол күндөн тарта футбол дүйнөсүнүн жаңы доору башталат.

Ошентип 1930-жылы тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк таймаш өткөрүүгө Италия, Испания, Швеция, Голландия жана Уругвай өлкөлөрү белсенишет. Акыры ФИФАнын чечими менен биринчи дүйнөлүк чемпионатты Уругвай уюштурууга мүмкүнчүлүк алат.

Анткени бул Латын Америка өлкөсү 1924-28-жылдары футбол боюнча олимпиадалык оюндарды эки жолу катары менен жеңип, жеңилгис командалардын бири болгон.

Ошондон уламбы биринчи дүйнөлүк мелдеш 1930-жылы Уругвайда өтүп, финалдык таймашка талаанын кожоюндары Аргентина менен мөрөй талашка чыгат. Жыйынтыгында, Уругвай Аргентинаны 4:2 эсебинде утуп, дүйнөнүн футбол боюнча эң алгачкы чемпиону аталат.

Испаниянын футбол күйөрмандары
1938-жылкы чемпионат Францияда өтүп, Италиянын утушу менен аяктаган. Ушул жылдары Европада саясий кырдаал курчуп, фашисттик Германиянын континентте жүргүзгөн согуш саясаты футбол дүйнөсүнө түздөн-түз терс таасирин тийгизип, спорт күйөрмандары 12 жыл бою футбол боюнча дүйнө чемпионатына күбө боло алышпады.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин ФИФА чемпионатты кайра жандантып, 1950-жылы дүйнө мелдеши Бразилияда өткөн. Чечүүчү беттеште Бразилия Уругвай менен ойноп, ага 1:2 эсебинде уттуруп, Уругвай дүйнөдө мыктынын мыктысы экенин дагы бир жолу далилдеген.

1966-жылы Англиядагы чемпионатта Тумандуу албиондуктар финалда Германия менен беттешип, 4:2 эсебинде атаандашын жер караткан.

1990-жылы Италияда өткөн мелдештерде дүйнөнү дүңгүрөткөн командалардын тынчын Африка өлкөлөрү алып, чоң маселени жараткан. Африканын Камерун командасы Румыния, Колумбия жана эки жолку дүйнө чемпиону Уругвайды утуп, финалдык бөлүктөргө чейин озуп барган. Бирок жарым финалдык беттешке бир кадам калганда Англия курама командасы камерундуктардын жеңиштик жүрүшүн токтоткон.

Ошентип Камерун Африка өлкөлөрүнөн тарыхта биринчи жолу дүйнөнүн футбол боюнча эң мыкты 8 өлкөсүнүн катарынан орун алган. Ал эми андагы финалда Германия Аргентинаны 1:0 эсебинде утуп, экинчи ирет чемпион аталды. Бул ирет дагы эле Бразилия, Аргентина, Германия, Испания, Англия болушу күтүлөт. Африка менен Азиядан баш байгеге талапкер боло албайт. себеби алардын чемпионаттарынын деңгээли төмөн, чеберчилиги начар болгонун адистер айтат.

Мыктынын мыктысы ким болот?

2002-жылы Түштүк Корея менен Жапонияда өткөн чемпионат - футбол тарыхындагы эң кызыктуу чемпионаттын бирине айланды. Анткени мындай даражадагы турнир Азия континентинде биринчи жолу өтүп, күтүлбөгөн окуяларга бай болду.

Мисалы, 1998-жылы чемпион аталган Франция биринчи айлампада эле африкалык аты чыкпаган Сенегал командасына уттуруп, тобунан кийинки оюндарга чыкпай калган. Ошол чемпионатта Түркия командасы коло медалды ээлеп, футбол тарыхында мыктылардын катарына кошулду.

Бразилия болсо дүйнөлүк кубокту бешинчи ирет багындырып, учурда көч башында жүрөт.

2010-жылы Түштүк Африка Республикасында өткөн дүйнө чемпионатында 32 командадан иргелип отуруп, Испания баш байгени жеңип алганын кыргыз футбол күйөрмандары унута элек.

Орусия футболдон дүйнө чемпиону болууга мурда дарамети жеткен эмес. Алар 1960-жылы Европа чемпиону деген наамды жеңип алган. Учурда Орусия ФИФАнын рейтиги боюнча 13-орунда турат.

1998-жылы Францияда өткөн чемпионаттын финалдык бөлүгүн жер шарынын 2 миллиарддан ашык теле көрүүчүсү көргөн. Франция жеңүүчү аталганда Париждин көчөсүнө 1.8 млн. киши чыккан.

Адистердин баамында, азыркы күнгө чейин дүйнө чемпионатынын тарыхында "эң мыкты гол" деп 1998-жылдагы Англия курама командасынын жарым коргоочусу Майкл Оуэн Аргентина дарбазасына киргизген топ эсептелип жүрөт.

Дүйнөлүк атак-даңкка жеткен өлкөлөр:

Бразилия - дүйнөнүн 5 жолку чемпиону (1958, 1962, 1970, 1994, 2002)
Италия – дүйнөнүн 4 жолку чемпиону (1934, 1938, 1982, 2006)
Германия - дүйнөнүн 3 жолку чемпиону ( 1954, 1974, 1990)
Аргентина - дүйнөнүн 2 жолку чемпиону (1978, 1986)
Уругвай - дүйнөнүн 2 жолку чемпиону (1930, 1950).

Орусиялык күйөрмандарды кубандырган кабар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG