Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Кыргызстандык криминалдын “лөктөрү” кармалды


Кыргызстанда издөөдө жүргөндөр Абу-Дабиде кармалды.
Кыргызстанда издөөдө жүргөндөр Абу-Дабиде кармалды.

Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Даби шаарында Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн анабашылары атыккан Камчы Көлбаев жана Алманбет Анапияев Интерполдун линия аркылуу жергиликтүү полиция колго түшүрдү

Мындай маалыматты ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев тастыктап, Абу-Дабинин полиция жетекчилигинен бул тууралуу телефон аркылуу билдиришкендигин айтты.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, Камчы Көлбаев жашаган үйдөн жасалма документтер жана мунун алдында Абу-Дабидеги бир дүкөндөн белгисиз адамдар тарабынан каракталган баалуу зергер буюмдар табылган.

Мелис Турганбаев
Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Көлбаев менен Анапияевди жергиликтүү полиция мына ушул жагдайлар боюнча кылмышка шектүү деп кармашкандыгын белгиледи:

- Кармалган экөөнө тең азыр мына ошол паспорттук визалары боюнча кине коюлуп, андан тышкары ошол жакта жасалган бир кылмыш иши боюнча жергиликтүү полиция иш алып барып жаткан экен. Бизге бул тууралуу оозеки эле маалымат келди. Эми алар тарабынан расмий билдирүү келсе, биз аларды кайтаруу боюнча иш аракеттерди көрө баштайбыз.

Обаманын көзүнө илинген Көлбаев

Мындан бир канча ай мурун Кыргызстанда Камчы Көлбаевге жана Алманбет Анапияевге эл аралык издөө жарыяланган. Экөө уюшкан кылмыш топторун түзүү, адам өлтүрүү, ири өлчөмдө опузалап акча талап кылуу жана адам уурдоо сыяктуу оор кылмыш беренелери боюнча айыпталышкан.

Жакында АКШнын президенти Барак Обама К.Көлбаевди эл аралык деңгээлдеги наркобарондордун тизмесине кошкон.

Камчы Көлбаев
Бирок Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов муну менен анын эл аралык коомчулук үчүн да коркунучтуу экендигин көрсөтүү максатында жасалган болушу мүмкүн деген ойдо:

- Буга чейин анын эл аралык тургай жергиликтүү деңгээлде маңзат мафиясына тиешеси бар экендиги туурасында маалыматтар болгон эмес. Мүмкүн кандайдыр бир оперативдүү маалыматтар болсо болгондур. Бирок бул боюнча такталган кылмыш иши бар экендигинен шегим бар. Ошондуктан бул маалымат АКШ президентине Кыргызстандын бийлиги тарабынан берилген болуш керек.

Негизги максат аны кармоого көмөктөшүш үчүн анын эл аралык деңгээлдеги маңзат мафиясына байланышы бар экендигин белгилөө болгон. Эми аны минтип шөкөттөп отурбай, Кыргызстандын тартип коргоо органдарынын күчү менен деле кармаса болот эле. Мен муну менен К. Көлбаевди жактайын деген оюм жок.


Кыргызстанга кайтарылабы?

Чолпонаталык К. Көлбаев маркум Рысбек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунда жүрүп, 90-жылдардын аягында андан бөлүнүп кеткен.

Чоң-Алайдан чыккан Алманбет Анапияев маркум депутат Баяман Эркинбаевдин жансакчысы жана айдоочусу болуп жүрүп, ал каза болгондон кийин К.Көлбаев менен биригип, өлкөдөгү уюшкан кылмыш топторун көзөмөлгө алышкан.

Расмий жагынан ал Баяман Эркинбаевден кийин эл аралык "Алыш" федерациясынын президенти болуп шайланган.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев бул эки адамды Кыргызстанга алып келип соттоо бийликтин аракетинен көз каранды деп эсептейт:

- Бириккен Араб Эмираттары менен Кыргызстандын ортосунда кылмышкерлерди берүү боюнча өз ара келишим жок. Андай болгон чакта Эмираттарда алар кылмыш жасаган болсо, анда бизге кайтарып беришпейт.

Ал жактын мыйзамынын негизинде камакка алынып, ошол жакта жаза мөөнөтү чегерилет. Бирок эми аларды кайтарып алгысы келсе, Кыргызстандын жетекчилиги Бириккен Араб Эмиратынын бийлиги менен сүйлөшсө болот. Анткени аларда мына ушундай жагдайлар практикаланып келет
.

2003-жылы Кадамжай райондук соту А.Анапияевди "карактоо" беренесинин негизинде сегиз жылга эркинен ажыраткан. Бирок ал 3 жылдан соң мөөнөтүнөн мурун бошотулган.

К.Көлбаев 2002-жылы 25 жылга эркинен ажыратылып, бирок 2008-жылы мунапыска ылайык мөөнөтүнөн мурун камоо жайынан бошотулган. Жылдын башында Жаза аткаруу кызматы аны мөөнөтүнөн мурун бошотуу боюнча Башкы прокуратуранын үч жыл мурунку токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Бирок жакында Чүй облустук соту аталган токтомду жокко чыгаруу боюнча өтүнүчтү четке каккан болчу.

XS
SM
MD
LG