Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Орусия: “Таза шайлоо үчүн”


Ишембиде Орусиянын бир катар шаарларында “Таза шайлоо үчүн” деген жалпы ураан астында нааразылык митингдери өттү. Алардын эң ириси Москванын Сахаров проспектисинде болду.


Сахаров проспектисиндеги митингдин катышуучулары анын соңунда парламенттик жаңы шайлоо өткөрүүнү жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Чуровдун кызматтан кетүүсүн талап кылган резолюция кабыл алышты. Мындан сырткары документке оппозициячыл партияларды каттоо, саясий айыпкерлерди абактан бошотуу талаптары да киргизилди. Чыгып сүйлөгөндөрдүн айтымында, бул талаптар 10-декабрдагы митингде да көтөрүлгөн, бирок бийликтер аткарган эмес.

“Азаттыктын” кабарчысы Аида Касымалиева Москвада митингден кийинки байкоолору менен бөлүшөт

Москвада митингден кийинки кырдаал
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:33 0:00
Түз линк


Митингде жазуучулар Борис Акунин жана Дмитрий Быков, саясатчылар Борис Немцов, Гарри Каспаров, Владимир Рыжков, Григорий Явлинский, мурдагы каржы министри Алексей Кудрин, он беш күн камакта олтуруп чыккан блоггер Алексей Навальный чыгып сүйлөштү.

Уюштуруучулардын эсебинде Москвадагы акцияга 100 миңден ашуун киши келди. Митингичилер “Орусия Путинсиз!” деп кыйкырып, “Орусия эркиндикке чыгат” деген ураандарды көтөрүп жүрүштү.

Интерненттеги көз карандысыз “Дождь” телеканалынын кабарына караганда, металл детектор менен текшерүүдөн 80 миң демонстрант өткөн. Ал эми полициянын эсебинде митингке 28 миңдей киши катышты.

Кабарчыбыз Аида Касымалиева митинг өткөн жерден буларды кабарлады:

Москвада он миңдеген киши катышкан митинг өтүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00
Түз линк


Орусиянын мурдагы каржы министри, премьер-министр Владимир Путиндин саясий өнөктөшү Алексей Кудрин өз сөзүндө келерки жылдын мартындагы президенттик шайлоо жаңы эрежелердин негизинде өтүүсү керектигин баса белгиледи:

4-марттагы президенттик шайлоо жаңы эрежелер менен өтүүсү керек. Чечим 4-мартка чейин кабыл алынуусу абзел. Мындан сыткары биз диалог үчүн платформа уюштуруубуз керек, болбосо ыңкылап (болот). Болбосо биз тынч траснформация боюнча алдыбызда турган мүмкүнчүлүктү жоготобуз. Мен бүгүн бул жерге адилет шайлоону жактаганым үчүн келдим. Мен бул шайлоонун жыйынтыгына макул эмесмин. Менимче буга ( шайлоого) жооптуулар жоопкерчиликке, атүгүл кылмыш жоопкерчилигине тартуулуусу керек. Чуров ( БШКнын башчысы) кызматтан чегиниши абзел.

Оппозиция лидерлеринин бири Борис Немцов митингде сүйлөгөн учурунда кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президент Дмитрий Медведевдин саясий реформалар боюнча соңку демилгелерине ишенбей турганын айтуу менен Путинди айыптады:

-Биз ага ишенбейбиз, ишенбейбиз! Ал модернизацияны, инновацияны буга дейре эле убада кылган, эркиндик эрксиздиктен жакшы. Ал (Медведев) албетте, жакшы блоггер - бул чындык. Бирок ал президент боло албады. Биз төртүнчү марттагы шайлоого сөссүз келип, бирок Путинге бирөөбүз дагы добуш бербөөбүз керек. Ууру Кремлде олтурбашы абзел! Путинсиз Жаңы жылыңар менен!, Путинсиз Жаңы жылыңар менен! Орусия эркин болот! Орусия эркин болот!

Москвадагы демонстранттарды полициянын күчтөрү курчап, асмандан полициянын тик учактары байкоо салды. Жалпысынан Орусиянын борборундагы демонстрация тынч өттү, ага чыккандар майрамдык маанайда жүрүштү.



Ал эми Санкт-Петербург шаарындагы митингге 2 жарым миң, Новосибирскте 1миңдей киши жыйналган. Кабаларга караганда, Санкт-Петербургда парламентке кирген “Адилет Орусия” партиясынын алты активисти кыска мөөнөткө кармалып, партия лидеринин кийлигишүүсүнөн кийин бошотулган.

Ишембидеги демонстрациялар адегенде Орусиянын Ыраакы Чыгыш менен Сибирь чөлкөмүнөн башталып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылар Благовещенск, Владивосток, Хабаровск, Томск, Иркутск, Красноярск, Чита, Оренбург, Астрахан, Барнаул, Нижный Новгород, Пермь, Екатеринбург, Архангельск жана башка шаарларда жыйналышты. Адатта, аба-ырайы ызгардуу бул шаарлардагы демонстрацияларга бир нече жүздөн киши келишкен.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматынын маалыматына караганда, Барнаулдагы митингде 20дай демонстрант кармалып, үч сааттан кийин бошотулган. Бирок алар дүйшөмбү күнү сотко келүүгө көрсөтмө алышты.

Нижний Новгород шаарында болсо, жергиликтүү укук коргоочу Павел Чиковдун маалымдаганына караганда, полиция алтымыштай адамды кармап, кайра бошотту. Алар дагы дүйшөмбү күнү сотко чакыртылды.

Кайра шайлоону талап кылган митингдер бүткүл Орусия боюнча 10-декабрда өтүп, анда Москвада 40-50 миңге чейин киши топтолгон. Орус оппозициясы көз карандысыз байкоочулардын шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча далилдерине таянуу менен премьер-министр жана президенттикке кайра аттанып жаткан Владимир Путиндин “Бирдиктүү Орусия” партиясы 4-декабрдагы добуш берүүдө бурмалоолордун натыйжасында гана жеңишке жетишти деп ырастоодо.

4-декабрдагы шайлоодо “Бирдиктүү Орусия” биринчи орунду ээлегени менен топтогон добуштарынын пайыздык көрсөткүчү мурдагыдан аз - 49% болду. Башкача айтканда, “Бирдиктүү Орусиянын” парламенттин төмөнкү палатасындагы орундарынын саны 77ге азайды. Кайра шайлоо жөнүндөгү чакырыктарга карабай ушул аптада Мамлекеттик Думанын жаңы курамы ишке киришти.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG