Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Турганбаев: 2 полковникти камоого негиз жок болчу


Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Алибаевди жана анын орун басары Абдраимовду маңзат соодасына тиешеси бар деп кармап, камакка алууга негиз жок болчу деп билдирди “Азаттыкка” курган маегинде ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев.

Ошол эле учурда ал ири милициянын эки жетекчисинин кармоонун түпкү себептери түшүнүксүз болуп жатканына токтолду. Ошондуктан муну ал кылмыштуулук жана мурдагы бийликтин калдыгы менен күрөштө аларга жасалган буйрутма болушу мүмкүн деп баалады.

Оперативдүү иш-чара кылмышка айландыбы?

- Сиз ички иштер министринин оперативдүү ишмердүүлүктү көзөмөлдөгөн орун басары катары кылмыш иликтөө боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Т.Алибаев менен анын орун басары Б.Абдраимовдун камакка алынышын кандай кабыл алдыңыз?

- Бул окуя боюнча Башкы прокуратура козгогон иш бар болчу. Мындан бир ай мурун эле ал боюнча иликтөө жүрүп жаткан эле. Анан бул иш боюнча эмне себептен аталган эки жетекчини камакка алууга ашыгышканына түшүнгөн жокпуз.

Балдар эч жакка качпастан эле өздөрүнүн милдетин так аткарып, иштеп жатышкан. Алар чакырган сайын суракка барып турушкан болчу. Мына ошондуктан аларды кармап, камакка алууга негиз жок болчу.

Анан азыр аталган эки жетекчиге маңзаттарына байланыштуу айып тагылып жатпайбы. Бул жерде айтып койо турган жагдай бар: биздин маңзаттарына каршы күрөшүү жана мына ошол кылмыш иликтөө башкармалыктары тарабынан эки башка линияда атайын операция болгон.

Бизде маңзат соодасынын булактарын аныктоо үчүн “контролдогу подставка” жана “контролдогу сатып алуу” сыяктуу иш-чаралар болот. Мына ошондой иш-чараларды жүргүзүүдө биздин мына ошол башкармалык тиешелүү документти туура эмес толтуруп алышкан. Анан ал иштер жашыруун болгондуктан эки башкармалык тең ал боюнча бири-бирине билдирүүгө акысы жок. Бирок эми мунун бардыгын сот чечет. Бирок тергөө учурунда бакыйган эки полковникти алып барып камап койуу туура эмес болуп калды.

- Мына ушул окуядан мурун маңзат соодасына байланыштуу кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Марс Зейналов деген кармалган экен. Аталган эки жетекчи мына ошол адамды калкалоо үчүн жанагы сиз айтып жаткан атайын иш-чаранын алкагында маңзатын оперативдүү максатта сатуу уюштурулган деп тиешелүү документтерди арткы мөөнөт менен жасаган деп айыпталып жатышкан экен. Иш материалында аттары аталган үч полковниктин кылмыштуу байланыштары тууралуу сөз козголуп жатат. Сиз бул боюнча эмне дейт элеңиз?

- Тергөөнүн материалдары менен бизди тааныштырбайт. Анткени тергөө аягына чыга элек. Мына ошондуктан мына ошол үчөөнүн байланышы болушу мүмкүн деген бизде маалымат жок. Бул боюнча Зейналовдун көрсөтмөсү болушу да мүмкүн эмес.

- Биздеги маалыматка караганда, Марс Зейналов күмөндүү иш-аракетинен улам бир нече ирет ички иштер органдарынан айдалган экен. Бирок азыркы ички иштер министри З.Рысалиевдин буйругу менен кызматка алынып, ал гана эмес, ага жакында эле полковник чини берилген экен. Өздүк курамдын ичинде ишмердиги шек жараткан офицерди кайра кызматка алууга кандай карайсыз?

- Анын кандайча жумушка келип калганын мен билейт экем. Бирок менде дагы мурда ал адамдын мурдагы иштери тууралуу маалыматтар бар болчу. Анан эми бизди жумушка алуу боюнча буйрукка бизде бир эле киши кол койот да. Мен аны кызматка алган эмесмин. Ошондуктан мен буга комментарий бере албайм. Ал адам камалганга чейин кылмыш иликтөө башкармалыгында иштеп жүргөн.

Эски байланыштардын эсеби

- Ошондой эле жанагы кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчилеринин ишинде дагы бир жагдай белгиленип жатат. Анда 1999-жылы маңзат соодасы боюнча шектелип, издөөгө алынган Руслан Камкоев деген ингуш улутундагы адамдан аталган жетекчилер оперативдүү иштерди жүргүзүү үчүн 17 миң доллар карыз алышкан экен. Ал адам көп жыл сыртта жашырынып жүрүп, Бакиев бийлигинин тушунда гана өлкөгө кайтып келген деген маалымат бар. Буга эмне дейсиз?

- Руслан Камкоевдун мурда издөөдө жүргөндүгү же анын кандайдыр бир шектүү иштерге тиешеси бар же жок экендиги тууралуу менде маалымат жок. Бирок мен аны Кыргызстандагы эң белгилүү ишкер катары билем.

Анан мамлекет оперативдүү иштерди жүргүзүүгө акча карабайт. Маңзат соодасынын башын ачууда же ири суммада пара алгандарды кармаш үчүн чоң каражаттар керек. Мына ошондуктан кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчилиги ал адамдан карыз алып турган болсо керек.

Азыр эми бүт маалымат каражаттарында маңзат менен кармалыптыр деп жазып, бизге каршы багытталган кара пиар иштеп жатат. Ыңкылапка чейин ирип-чирип калган бийликтин бутактары биздин системада, Башкы прокуратурада же башка органдарда деле иштеп жатышат. Кээ бирлерин тазалап, жумуштан кетирген учурда мына ушуга окшогон иштерди токтотушпай, каралоо менен алек болуп жатышат. Мына ошолор мен тууралуу да жазышып, мына ошонун бардыгынын башында турат деп жаздырышууда. Бирок мен буга окшогон каралоолорго көңүл бурбайм. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" дегендей.

- Мына азыр өз сөзүңүздө Бакиев бийлигине мыйзамсыз иш аракеттер менен кызмат кылгандардан тазалануу жүргөндүгүн айтыңыз. Бирок жанагы кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп жүрүп, жакында жетекчиси менен бирге кармалган Базарбек Абдраимов Анвар Алиевдин өлүмүн маңзаттарына каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Эргешбаевге кыйноо жолу менен илип, ага жасалма кылмыш ишин токугандардын башында турган деген маалымат бар экен.

- Мен муну сизде биринчи жолу угуп жатам. Базарбек Абдраимов көп жылдык тажрыйбасы бар, жогорку деңгээлдеги оперативдүү кызматкер. Ал адам мына ошого окшогон ыплас кылмыш ишине барат деп ойлобойм.

Деги эле Алмаз Эргешбаевдин үстүнөн жасалма кылмыш ишин токуп, аны Анвар Алиевдин өлүмү боюнча айыптап жатканда мага дагы бир жасалма иш боюнча кылмыш иши козголуп, анан иш сотко чейин жетип, соттон акталып чыкпадымбы. Ошол кезде мен өзүмдүн арбайымды сого албай жүргөм. Ошондуктан мен Алмазга жасалган зордук-зомбулук боюнча билбейт экем.

- Бирок кандай болгон күңдө да Алмаз Эргешбаевдин үстүнөн буйрутма боюнча иш токуган кызматкерлер кийин белгилүү болгон да. Акыйкаттыкты калыбына келтирүү үчүн мына ошол өз кесиптешин бир учурда буйрутма менен “Кудайга үнүн жеткирдик” деп мактангандар азыр жазасын алыш керекпи? Буга сиз министрдин орун басары катары көңүл бурушуңуз керекпи? Азыр сиздин колуңузду эмне байлап жатат?

- Жок, биздин колубузду азыр эч нерсе байлабай эле турат. Ошондуктан биз кылмыштуу иштерге катышы бар милиция кызматкерлерин жумуштан четтетип жатабыз. Анан алар бизге каралоолорду уюштуруп жатышпайбы. Мына азыр Максат Абдыгулов деген мурдагы кызматкердин иши сотто турат. Ага буга чейин эле өкүм чыгыш керек болчу. Бирок соттор аны “таза” полковник экен деген жүйө менен ишин создуктуруп жатышат.

- Сиз айтып жаткан фамилия Алмаз Эргешбаевге ыдык көрсөтүп, кылмыш ишин токугандардын бириби?

- Жок, ал кызматкер башка кылмыш иши боюнча.

- Эргешбаевге кылмыш ишин козгоп, аны кыйноого алуу менен өмүр бою эркинен ажыратуу ишин уюштургандардын кылмыш иши ордунан жылбай туруптур. Буга эмне себеп? Же дагы деле ал иштин бетин ачпай кармоого кызыкдар күчтөр барбы?

- Жок, ал иш сөзсүз ордунан жылат. Бирок ага убакыт керек. Анткени мында азырынча айтууга болбой турган жашыруун жагдайлар бар. Убакыт өткөндөн кийин бул иштин бети ачылып, тиешелүү милиция кызматкерлери жазасын алышат.

- Мындай шартта маңзаттарын кармоо боюнча эң жашкы көрсөткүч берген Алмаз Эргешбаев ушундай кордук көрүп, 7-апрелдеги ыңкылаптын шарапаты менен соттон акталып чыкты. Бирок мурда анын тагдырын көргөн башка кызматкерлер арасында “чын-ыклас менен иштесең мына ушундай болот тура, андан көрө тынч эле жүрө бериш керек экен” деген маанай күчтүү эле. Азыр өздүк курамдын маанайы өзгөрдүбү?

- Өзгөргөн үчүн биз көп жылдан бери ачылбай келе жаткан ири кылмыштардын бетин ачып жатабыз да. Садыркуловдун иши боюнча канчалаган татаал схеманын башын ачтык. Чоң эшелондогулар катышкан ири кылмыштардын бетин ачууга дагы аз калды. Учурда ири коррупциялык иш-аракеттер боюнча чоң-чоң адамдардын аттары аталат. Бирок биз алар туурасында азырынча айтпай туралы. Убагы келгенде көрөсүңөр.
XS
SM
MD
LG