Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

“Датка” подстанциясы ишке кирди


3-июлда Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда “Датка” подстанциясы ишке берилди.

“Датка-Кемин” долбооруна ылайык, “Датка” подстанциясы 2015-жылы "Кемин" подстанциясына туташтырылып, өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген ири энергосистемага айланмакчы. Долбоордун алкагында “Датка” чордонун курууга кытайлык компания 2011-жылы киришкен.

Базар-Коргондун Акман айылында жайгашкан 500 киловаттык "Датка" подстанциясынын ачылышына президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү калк, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй катышты.

Кызыл тасма кесилгенден кийин сөз алган президент Атамбаев эки жылдан кийин Кыргызстан көз карандысыз “Датка-Кемин” энергосистемасына ээ болуп, кыялы орундала турганын билдирди. Ошондой эле президент Кыргызстан келечекте өнүккөн өлкөгө айланарына ишеним артып, "ага тоскоол болуп, ынтымакка шек келтирген арам ойлуу адамдар жооп бериши керек" деди:

- Жолдорду бууп жүрсөк, бул иштерди башка бирөө бизге жасап бербейт. Мына бүгүн подстанцияны ачып атабыз. Жолдорду бирөө бууп атат, башкасы куруп атат. Мындай болбош керек! Кыргызстан тилемчидей болбой, бейиштин төрүндөй, кенге жана сууга бай жерде, баарынан алдыга чыгып, керек болсо, жардам бериш керек. Ошондуктан ар бир мекендешибиз, ар бир кыргызстандык "мен Мекениме эмне жасадым?" деп ойлонуш керек. Көрүп турасыңар, "Кыргызстан ары томолонуп, бөлүнүп, жок болуп кетсин" деген күчтөр абдан көп. Арабызда кээ бирөөлөр жүрөт, тыйын-тыпырын ала коюп. Ошондуктан биздин негизги милдетибиз – Кыргызстанды сакташ керек. Кыргызстан жакынкы жылдары эле башын көтөрүп кетет. Жалал-Абад шаарындагы, Барпыдагы, Жети-Өгүздөгү окуялар жаштарды жамандыкка түрткөндөр бар болгонун көрсөтүп жатат.

Жогорку Нарын каскады, "Камбар-Ата" ГЭСи сыяктуу ири курулуштар али алдыда экендигин белгилеген өнөр жай жана энергетика министри Осмонбек Артыкбаев “Датка” подстанциясынын ишке киришин чоң окуя катары баалады:

- Жаңы курулуштар менен жалпы өлкөбүздүн экономикалык, инфраструктуралык абалы жогорулайт. Мунун баары жалпы аракеттин натыйжасы менен болуп атат. Бул долбоорду ишке ашырган жана аны багыттап тургандарга биз өтө ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Кыргызстандын өнүгүүсүнө экономикалык инвестиция салууга Кытай даяр экендигин бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй да салтанаттуу азем учурунда белгиледи:

- Бул долбоордун бүтүшү жана башталышы – Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгы үчүн абдан чоң мааниге ээ.

“Датка” подстанциясы аркылуу Жалал-Абад, Ош, Баткен облустары электр жарыгын түз алат. Жалал-Абад облбийлигинин сектор башчысы Талант Мамасадыков буга дейре аталган облустар электр энергиясы үчүн Өзбекстанга көз каранды болуп келгендигин, коңшу өлкөгө көз каранды болбоо үчүн "Датка-Кемин" подстанциясын сөзсүз куруу жагын айтты:

- Баткен облусу электр тогунун 80% Өзбекстан аркылуу алчу. Ош облусуна электр тогу 60% тегерегинде ошол жак аркылуу өтчү. Себеби мурда союз мезгилинде Борбор Азиядагы республикалар энергетикалык бир шакекчеге байлангандыктан электр энергиясы Анжияндан эки линия аркылуу өтчү. Бүгүн “Датка” подстанциясынын ишке берилиши менен түштүк жак толук түрдө энергетикалык көз карандысыздыкка жетиштик. Бирок Кыргызстан азырынча энергетика жагынан толугу менен эркин боло элек.

Анткени түндүк аймактагыларга электр зымдары мурун Казакстан аркылуу өтчү. Ушул эле “Датка” подстанциясынан Кеминге чейин 500 киловаттык экинчи долбоор башталат. Ошол эки жылдын ичинде бүтсө, Кыргызстан өзү иштеп чыгарган электр энергиясы менен өз аймагын толук камсыздаганга мүмкүндүк болот жана электр тогун экспортко чыгарганда да болот.

“Датка” подстанциясын курууга кытайдын ТBEA компаниясы жыйырма жылдык 2% үстөгү бар 208 миллион доллар каражат жумшаган. Аталган компания жергиликтүү жолду курууга жети миллион сом короткон, балдардын мектеп куралдары үчүн жакында жүз миң доллар акча котороорун компания директору У Жан Цин чогулушта билдирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG