Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Ичкилик торуна чалынган аялдар


Казакстандагы чакан дүкөндөгү арактын түрлөрү, 5.09.2012
Казакстандагы чакан дүкөндөгү арактын түрлөрү, 5.09.2012

Кыргызстанда аялдар арасында аракечтер көбөйүп, курагы жашарууда. Ичкиликтин артынан сая түшүп, күндө “сеп” этип койгондордун арасында 18 жаштагы бийкечтер да бар. “Жинди суунун” айынан селсаякка айланып, майып болуп калгандар да жок эмес.

35 жаштагы Тамара Карабекованы таң эрте таштанды арасынан желим бөтөлкө терип жүргөн жеринен кезиктирдим. Тили булдуруктап, мастыгы тарай элек экен. Тамара 3 баланын энеси, тогуз бир тууганы бар. Эки жылдай убакыттан бери үйүнөн безип, туугандарынан оолак калышына турмуштун оордугу себеп болгонун айтат. Күйөөсү таштап кеткенден кийин балдарын жалгыз багып, ар кайсы жерде иштеп, чарчаганда “сеп” этип жүрүп акыры ансыз жашай албаган абалга жетиптир.

- Кызым боюмда бар кезде ажырашып кеттим. Эмне кылайын анан, төрөдүм. Өзүм да жаман тажап кеттим... Ичпесем ичпей деле коём.

Тамара желим бөтөлкөлөрдү тапшырып тапкан акчасына арак аларын айтып, алкымын чертип койду. Бирок Тамара өзүн аракеч аялдардын катарына кошпойт.

- Күнүнө 200-300 сомго иштейбиз. Тамак-аш анан арак алабыз. Эми Кудайга шүгүр жаз келди го, кыштан аман-эсен чыктык. Күйөөм таштап кетип, Ош базарында мен кылбаган жумуш калган эмес. Анан досторду таптым, алар ичкич экен. Апама барып турам, кышында өлүп калба дейт. Апам мени жакшы көрөт.

Республикалык наркология борборунда аялдар үчүн онго жакын орун бөлүнгөн. Дарыгерлердин айтымында, бул орундар дээрлик бош болбойт. Дарылангандар арасында улгайып калган аялдар да, 20 жаштагы селкилер да жолугат. Аталган борбордун аялдар бөлүмүнүн башчысы Чынара Кожомуратованын белгилешинче, ичкиликке берилген көрүнүш кыз-келиндер арасында көбөйүүдө. Мисалы 2011-жылы республика боюнча ичкиликтин айынан 2897 аял дарыланса, 2012 жылы бул сан 150гө көбөйгөн. Кожомуратова аялдардын ичкиликке берилишине барчылык да, жокчулук да себеп болорун белгилөөдө. "Той-топурдун, ар кандай шылтоолордун көп болушу дагы буга себеп болууда. Муну оору катары кабылдап, дарылануу керек", - деди ал.
Мен дарылаган бейтаптар арасында 17-19 жаштагы кыздар бар. Сүйлөшүп көрсөм, булар 14 жашынан баштап сыра, «Ягуар» сыяктуу жеңил алкоголдук ичимдиктерин ичип келишкен экен.
Шайлообек Өмүралиев


Адистердин айтымында, доктурга кайрылып, ооруканага жатып калгандардын басымдуу бөлүгү аракечтикке кириптер болуп калгандыгын сыр катары сакташат. Анонимдүү же менчик клиникаларда дарыланышат. Нарколог Шайлообек Өмүралиевдин белгилешинче, аракечтик дагы жашарууда.

- Бизде аракечтик дарты бүгүнкү күндө аялдардын арасында аябай күч алып баратат. Бул өтө коркунучтуу, кооптуу факт. Мен дарылаган бейтаптар арасында 17-19 жаштагы кыздар бар. Сүйлөшүп көрсөм, 14 жашынан баштап сыра, «Ягуар» сыяктуу жеңил алкоголдук ичимдиктерин ичип келишкен экен, анан тамеки чегип, 2-3 жылдын аралыгында бардык классикалык симптомдор менен аракечтик деген дартка дуушар болуп калышты.

Шарипа аттуу 56 жаштагы маектешибиз 20 жылдан бери аракты таштай албай убара. Ар бир 3-4 айда наркология борборунан дарыланып кетет. Ал кичүү баласы менен келини начар чыгып, ичип кеткенине да ошолор себеп болгонун айтты:

Аракеч аялдар көбөйүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:54 0:00
Түз линк

- Ичкениме 20 жылдан ашты. Таштай албай жатам. Мени бул жакка эч ким алып келбейт, өзүм эле келем. Үч балам бар, эки уул, бир кыз. Кичүү балам менен келиним начар чыгып, кечке чукулашат. Мени ушул жактан түз эле Чым-Коргонго (Чым-Коргон айылында жайгашкан психиатриялык оорукана – авт.) алып барып коем дейт. Бир ичкенде 10-15 күн токтобой ичем. Ар бир 3-4 айда келип дарыланам. Өзүм пирожки, манты жасап сатам. Ошол акчага ичем.

Асел Тентигенова аялдардын ичкиликке берилишинин бир катар себептерин атады:

- Үй-бүлөдөгү акчанын жетишсиздиги, жубайлардын урушу, балдарынын багылбай калышы, негизи бул маселелер социалдык-экономикалык абалдан келип чыгат. Ушундай жагдайда аялдар өзүнүн ички кайгысын арак ичүү менен канааттандырып алат. Экинчиден, аялдардын социалдык-психологиялык абалы. Аялдардын бир нерсеге кызыгуусу эркектерге караганда жакшы өнүккөн. Мисалы, бүгүн ичип же чегип көрөйүн эртең таштап коем деген менен алардын эрки туруштук бере албай калат. Үчүнчүдөн, чөйрө. Курбу-курдаштары “бүгүнкү кайгы-капаңды жууп кетет, ачууну ачуу басат” деп отуруп бул адатка айланып, ичкиликке берилип кетет.

Наркологдордун айтымында, аракеч аялдардын көбүнүн турмушу бузулуп, жалгыз калат. Экинчиден, спирт ичимдиктери мээге таасир берет. 1-2 ай ичкенде мээ аракка ууланып, шишип кетет. Сапаты начар арактарды айлап-жылдап ичүү боордун цирроз дартын пайда кылат.
XS
SM
MD
LG