Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Оторбаев экономикалык абалга баа берди


Жоомарт Оторбаев "Азаттыктын" студиясында, 1-февраль, 2012.
Жоомарт Оторбаев "Азаттыктын" студиясында, 1-февраль, 2012.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев келечекте ири долбоорлор экономиканын өсүшүнө чоң өбөлгө түзөөрүнө үмүт артат.

Жоомарт Оторбаев бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бириндеги маегинде билдирип, өлкөнүн экономикалык абалына баасын берди.

Ири инвестицияга үмүт

Эки күн мурда Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттөн биротоло кеткенден кийин Жоомарт Оторбаев өкмөт башчынын милдетин аткарып калды. Ал жаңыдан түзүлө турган коалиция өкмөт башчылыкка көрсөтө турган негизги талапкерлердин да бири болуп турат. Анткени “Ырыс алды - ынтымак” коалициясын ыдыраткан “Ата Мекен” фракциясы Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин өкмөт башчылыкка сунуштаарын расмий түрдө жарыялады.

Ошентип өкмөт башчылыкка негизги талапкер болуп жаткан Оторбаевдин экономикалык көз карашына келе турган болсок, ал экономикада либералдык саясатка жакын. Мурунку өкмөттөрдө инвестиция тартуу жагында, андан кийин Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкында бир нече жыл иштеген. Ошондуктан донорлор жана инвесторлор үчүн Жоомарт Оторбаев жат эмес.

Ал Кыргызстан экономикасындагы азыркы абалды позитивдүү баалап, былтыртан бери аткарыла баштаган инфраструктуралык долбоорлор экономикага оң таасирин тийгизет деп эсептейт. Негизи эле мамлекет инфраструктурага инвестиция салууну колго алса, менчик инвесторлордун келишине шарт түзүлөт деген пикирин Жоомарт Оторбаев “Азаттыкка” мурунураак берген интервьюсунда белгилеген эле:

- Жолдорду, энергетикалык инфраструктураларды, көпүрөлөрдү, ирригациялык каналдарды, таза сууну баарын уюштурушубуз керек. Андан кийин бизге менчик инвесторлор келет. Алар эмне үчүн бизге келет? Бизде жакшы мыйзамдар болсо, саясий туруктуулук болсо, эгер бизде коррупция болбосо, бизде инфраструктурага мүмкүнчүлүк болсо, мына ошондо келишет.

Жоомарт Оторбаев сомдун курсунун акырындап алсыроосун оң баалаган. Ал эми салык жыйноо жагында Транзиттик борбордун чыгышы менен бюджетке түшпөй кала турган 7 млрд. сомдун ордун толтурууну, социалдык багыттагы көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн 100 млн. доллар инвестиция табууну чечүүнү талап кылган маселе катары атаган. Соңку маегинде ал Бажы биримдигине кирүүгө 95% даярдыктар көрүлүп, азыркы кезде кээ бир тобокелчиликтер иликтенип жатканын да белгилеген.

Татыктуу талапкерби?

Канткен менен айрым тажрыйбалуу экономисттер, ишкерлер Жоомарт Оторбаев өкмөт башчылыкка келишин туура көрүп, ага үмүт артууда. Маселен, Улуттук банктын төрагасынын мурунку орун басары Максат Ишенбаев Жоомарт Оторбаев экономикада кандай реформа жүргүзүүнү билээрине ишенет:

- Жоомарт Оторбаевдин чет өлкөдө иштеп келген тажрыйбасы бар. Бизге кандай реформа керектигин жакшы билет. Минус жагы - өтө эле жумшак. Бирок ал командасы менен келсе жакшы болот эле. Өзүнүн командасы болсо, аны колдогон министрлер болсо, анда экономикалык жактан жакшы эле өзгөрүүлөр болот эле.

Ишенбаев бирок Кыргызстан шартында улуттук валютанын бекем болуусу максатка ылайыктуу деп эсептейт. Анткени импорту көп өлкө үчүн бул маанилүү.

“Кыргызконцепт” ишканасынын жетекчиси Эмил Үмөталиев Жоомарт Оторбаевдин билими жогору, тажрыйбасы мол, экономикалык көз караштары глобалдык деңгээлге жооп берет деп эсептейт. Үмөталиевдин пикиринде, Оторбаевге көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилсе, прогресске жол ачылышы мүмкүн:

- Үмүт бар, эгерде ага бийлик көбүрөөк берилсе, анда глобалдуу прогресске түрткү болгон жакшы кадамдарды, билип жүргөн, айтып жүргөн кадамдарын жасай алабы деген. Бирок бүгүнкү кырдаал абдан оор.

Үмөталиевдин пикиринде, Оторбаев саясий лидерлерлердин туткунунда болуп, андан чыга албай, чайналып калышы мүмкүн. Жоомарт Оторбаевдин келишин оң баалаган инвесторлор, донорлор да анын саясий батылдыгын байкап көрүшөт жана күтүшөт.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров Жоомарт Оторбаевдин экономикага берген баасын оң баалап, мурунку өкмөт башчыдан айырмаланып ал макроэкономика, финансы, акча-насыя саясатын дурус билет деп эсептейт. Бирок экономиканын реалдуу тармагы жагынан аксайт дейт:

- Бир гана нерсе бар, жыйырма жылдан бери биз либералдык экономика түзөбүз деп келатабыз. Өкмөт түнкү кароолчудай болуш керек, талап менен сунуш баарын чечиш керек деген теориядан алысыраак болсо жакшы болот эле. Кыргызстандын ичиндеги реалдуу экономика боюнча тажрыйбасы бир аз жетишпей жатат. Мына ушундай кемчиликтери бар.

Бирок ал тажрыйбаны иштеп топтоп алууга болот, дейт Акылбек Жапаров.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG