Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Суранчиевдин сынга кабылган билдирүүсү


Абдылда Суранчиев. (Сүрөт ИИМдин сайтынан алынды).
Абдылда Суранчиев. (Сүрөт ИИМдин сайтынан алынды).

Абдылда Суранчиевдин зордукталган, жоголгон кыздар тууралуу айткандары социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты жана анын отставкага кетирүү чакырыктары айтылууда.

Ички иштер министри 23-апрелде Жогорку Кеңеште өткөн айда дайынсыз жоголуп кетип, кийин мыкаачылык менен өлтүрүлүп, сөөгү табылган 18 жаштагы кызды жеңил ойлуу болчу деп айтты. ИИМдин маалымат катчысы министр кызматтык этикага жатпаган билдирүү жасады, маркум кыздын туугандарына моралдык сокку урду деген дооматты четке кагууда.

Маркум Камила Дүйшөбаева тууралуу Суранчиевдин айткандарын сынга алгандардын арасында журналист Азамат Тынаев дагы бар. Ал “министр жоопкерчиликсиз билдирүү жасады, мунун айынан маркум кыздын туугандары моралдык зыянга учурады” - деп эсептейт:

- “Ал кызды эч ким өлтүргөн эмес, анан өзүнүн да жүрүм-туруму башкача эле, жеңил ойлуу болчу”, - деп айтып коомчулукка абдан чоң резонанс жаратты. Ал факт боюнча тергөө иштери дагы деле бүтө элек. Тергөө бүтсө деле бизде сот бар. Ал бүтсө деле андан кийин сот бар. Сот кандай чечим чыгарса, биз ошондой баа бере алабыз. Ал кыздын ата-энеси, туугандары, курбулары бар. Министрдин сөзү аларга кандай таасир эткени эми айтпаса да белгилүү да.

“Перемена” инновациялык билим берүү борборунун деректири Алмаз Тажыбай министрди отставкага кетирип, мыйзам чегинде чара көрүлүшү керектигин айтууда:

Маркум Камила Дүйшөбаева. (Сүрөт интернеттен алынды)
Маркум Камила Дүйшөбаева. (Сүрөт интернеттен алынды)
- Азыр эми өлгөн же, өлтүрүлгөн адам болсо эле, “бул бандит болгон, бул сойку болгон, ошондуктан ушундай болушу керек эле, ушуну көрмөк”, - дегендей милициянын билдирүүлөрү тенденция болуп калбадыбы. Алардын иши ал каяктан, ким дебей, ошол кылмышты ачуу да. Анан тергөө жүргүзүп, ошого таянып гана айтышы керек. Биринчиден, маркум кыздын ата-энеси ар-намысына шек келтиргени үчүн министрди сотко бериши керек. Министр сот жообуна тартылышы зарыл. Өкмөт башчы ойлонгон адам болсо мындай министрди иштен алышы керек.

Камила Дүйшөбаева 10-мартта Бишкекте жоголгон. Анын сөөгү бир жумадан кийин шаардан тоо этек ылдый Байтик айылында мүрзөлөрдүн арасынан табылган. Облустук милиция Дүйшөбаева колу-буту байланып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн маалымдаган.

Ички иштер министри Абдылда Суранчиев болсо 23-апрелде парламентте
депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Дүйшөбаева өлтүрүлгөн эмес деп билдирүү жасады. Зордуктоо фактыларынын көбөйүшү боюнча да пикирин айтты:

- Буга чейин деле зордуктоо болгон, азыр да зордукталып жатат. Кылмыштар ачылып жатат. Мисалы Сузанна Маткеримова деген зордукталган кыз боюнча кылмыш иш ачылган. Кылмышка шектүү Ринат Халитов деген кармалды. Сөөгү Байтикте табылган Камила Дүйшөбаева боюнча балдар иштеп жатат. Кылмыш оор. Аны эч ким өлтүргөн эмес. Ал жеңил ойлуу болгон окшойт. Биз азыр аны менен байланышта болгон 40тай адамды аныктап жатабыз.

ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов министр бул айткандары менен кызматттык этиканы бузду деген дооматты четке кагууда:

- Министрдин айткандары чын. Ал фактылар далилденген фактылар экен. Бул боюнча жакынкы күндөрү толук маалымат беребиз. Азыр тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу эч нерсе айта албайм. Эми министрдин иши ошондой да. Эгер ошондой кылмыш болсо эмне деп айтышы керек эле? Кызыксыңар. Милициянын ишинин баары эле этикага жатпайт.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.
Зордукталган жана жоголгон кыздар тууралуу Суранчиевдин айткандары министрдин жеке өзүнө байланыштуу да талкуу жаратты. Айрым активисттер өзгөчө ыкчамдыкты, жигердүүлүктү талап кылган мындай министрликке “эбак эле пенсияга чыккан адам отурат”, - деп сындап жатат. Жогорку Кеңешке такай каттаган айрым журналисттер болсо Суранчиев парламенттин жана комитеттердин жыйындарында көбүнчө көңүл кош отурарын, тез эле чарчап каларын байкашканын айтышат.

64 жаштагы Абдылда Суранчиев Борбор Азиядагы мамлекеттердин ички иштер министрлерин арасында эң улгайганы экен. ИИМдин сайтында анын эмгек жолу тууралуу маалыматта 2009-жылы эле күч түзүмдөрүнөн биротоло пенсияга чыкканы көрсөтүлгөн. “Прогресс” коомдук фонддун төрагасы Адил Турдукулов ИИМди жигердүү кадр башкарбаганын сынга алууда:

- Мен мисалы Грузиянын өкмөт мүчөлөрү менен биздикин салыштырып жадыбал түздүм эле. Ошондо булар бири-биринен жаш курактары эле эмес, билим деңгээли, даражасы боюнча таптакыр айырмаланып турат экен. Мисалы, азыр Грузиянын ички иштер министри 30га чыга элек жигит. Ал жакта полицияны реформалоо иштери алгылыктуу жүрүп жатканын көрүп эле жатабыз. Биздин өкмөттө Суранчиевдей адамдардын отурганын азыркы биздин бийликтин жүзү деп кабыл алсак болот.

Ушул айдын башында жаңы өкмөт куралып жатканда кызматка кайра коюлбайт дегендердин арасында Суранчиев да бар болчу. Атүгүл анын ордуна келиши ыктымал деген талапкерлердин ысымдары деле ачык айтылып жаткан. Суранчиевдин коомдо чоң талкуу жараткан соңку билдирүүлөрү боюнча өкмөттө реакция кылаар-кылбасы жана кандай чечим кабыл алынары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG