Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Кара-Жыгачтагы жер талаш


Кара-Жыгачтагы нааразылык акция, 28-май, 2014.
Кара-Жыгачтагы нааразылык акция, 28-май, 2014.

Бишкектин четиндеги Кара-Жыгач айылынын тургундары үч боз үй тигип, жекшембиден бери айыл четинде нааразылык акциясын өткөрүүдө.

Алар айыл өкмөтүнө тиешелүү 42 гектар жер сатылып кеткенине нааразы. Жерди былтыр депутат Карганбек Самаковго жакын делген адамдар 20 млн. сомго аукцион аркылуу сатып алган. Алар жерди мыйзамдуу сатып алганын билдиришүүдө. Жер чыры учурда сотто териштирилип жатат.

Өз айылымда жер тилкем жок

Кара-Жыгач айылынын 30 жаштагы тургуну Улан Дөөлөткулов өз айылындагы бир үйдө айына үч миң сом төлөп батирде турат.

- Атам да ушул жакта төрөлүп өскөн. Бул өзүбүздүн жерибиз, бирок айыл өкмөтүнө барып, жер тилкесин сурасак, “жер жок, ал, бул” деп айтып келе жатат. А бирок биздин 42 гектар жерибизди башкалар, чоң саясатта жүргөндөр келип алып коюшууда.

Айылда Улан Дөөлөткуловго окшоп жер тилкесин алуу үчүн кезекте тургандардын саны 1,5 миңдей адам. “Ошол эле кезде Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө тиешелүү 42 гектар жер былтыр башка адамдарга сатылып кеткен”, - дейт айыл тургуну Тентимиш Жумакматов.

- Бул жерди Кубанычбек Самаков деген жигиттин ““Ракен Нарын” деген фирмасы 49 жылга ижарага алган. 2013-жылы жайында айылдык кеңеш менен айыл өкмөт бул жерди сатыкка чыгарыптыр. Аукциондо Самаковдон Рысбаев алыптыр, эми болсо жер Рахманбердиев дегенге сатылып кетиптир.

Аукцион кандай өткөн?

Маалыматтарга таянсак, ишкер Кубанычбек Самаковдун “Ракен Нарын” фирмасы аталган жерди 2008-жылы 49 жылга ижара алган. Талашка түшүп жаткан бул жер Кара-Жыгач айылынан үстүрөөк, тоо этегинде жайгашкан. Жер категориясы боюнча ал мурда жайыт жердин катарына кирчү. Кийин ал трансформация болуп, курулушка колдончу жердин категориясына өткөрүлгөн. 2013-жылы болсо жерди аукцион аркылуу сатууну айылдык кеңештин бардык депутаттары жана айыл өкмөтү колдогон. Бирок азыр алардын айрымдары жерди сатууда мыйзам бузулган экен деп, мурдагы чечимдеринен баш тартууда.

Кара-Жыгач айылдык кеңештин депутаты Анара Абдрахманова буларга токтолду:

- Биз аукциондун шарттарын билбей алданып калыптырбыз. Туура эмес иштерибизди мойнубузга алып, элибиздин жерин сактайлы деп ушул жерде турабыз.

Каражыгачтыктардын айтымында, “Ракен Нарын” фирмасынын жетекчиси Кубанычбек Самаков Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Карганбек Самаковдун уулу.

Айыл өкмөт башчысы Нурлан Тойчубеков жерди аукциондо Самаковдорго таандык эле адамдар сатып алганын билдирди:

- Былтыр депутаттар да жаңы келген, мен да жаңы айыл өкмөт болуп шайлангам. Анан бизге түшүндүргөндө катачылыктар кетип калган. Мурда жер менен иштеп жүрбөгөндөн кийин катачылыктар кеткен. Аукциондо эки катышуучу болгон. “Ракен Нарын” фирмасы жана Рысбаев деген адам катышкан. Бирок Рысбаев деле “Ракен Нарынга” тиешелүү адам болгон.

Жер мыйзамдуу алынганбы?

Жерди сатуудан түшкөн 20 млн. сом учурда айыл өкмөтүнүн эсебинде турат. Ал акчанын 10 млн. сомуна айыл-чарба техникасын, калганына айылдын башка жеринен тамарка үчүн жер сатып алуу пландалган. Эми айылдыктар 42 гектар жер айыл өкмөттүн менчигине өтсө, ал акчаны кайтарып берерин билдиришүүдө.

Ал эми аукциондо жерди сатып алган адам катары депутат Карганбек Самаковдун жардамчысы Курманбек Рыспаевдин аты аталууда. Бирок Рыспаев жерди сатып алууда эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтат:

- Жер 20 млн. сомго сатылып алынган жана ал суу чыкпаган таштак жер. Суу келбегендиктен, ага бир нерсе айдаса да өспөйт. Жазында бир аз көктөгөндө гана жайыт болбосо, андан кийин жайыт деле болбойт, чөп тез эле күйүп кетет. Нааразы болгон элдин артында саясатчылар турат. Ошолор эле күчөтүп жатат. Аны сатканга айыл өкмөтү өзү тендер жарыялаган. “Сен катыш, сен катышпа” деген эч кандай чектөө да болгон эмес. Ким кааласа документ тапшырып, катышканга мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Ал эми Аламүдүн районунун акиминин орун басары Касым Чодуровдун маалымдашынча, документтер боюнча жер Самаковдорго тиешелүү эмес:

- Жерди сатып алган адам катары башка адамдардын фамилиясы жүрөт. Анын Карганбек Самаковго кандай тиешеси бар экенин айта албайм. Документтерде ал кишинин аты, фамилиясы жок.

Талашка түшкөн жер жогоруда айтылгандай, мурда жайыт жер катары саналчу. Ал сатылып кеткенге чейин айыл тургундарында ал жерге үй салуу боюнча ой пайда болгон эмес. Ошондуктан аны элге кайтарып, жер тилкеси үчүн бергени менен тоо этегине элдин үй саларынан күмөн санагандар да бар.

Акимдин орун басары Касым Чодуров жерди кайтарып алууну баары эле колдобосун айтты:

- Айыл өкмөтү жер туура эмес сатылган деп сотко берген. Азыр айылдык кеңештин айрым депутаттары туура эмес сатылган десе, башкалары жок, туура сатылган деп айтып жатат.

Бишкектин түштүк-чыгышында орун алган Кара-Жыгач айылына таандык 42 гектар жер талашы боюнча соттук отурум 28-майда Чүй облустук сотунда каралмак. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматынан тиешелүү документтер болбогондуктан, ал июнь айына жылып калды. Буга чейинки сотто каражыгачтыктар уттуруп койгон болчу.
XS
SM
MD
LG